Word 2016 Негиздери: Тилкелер (Columns)

Lesson 14: Тилкелер (Columns)

/en/tr_ky-word-2016/-breaks/content/

Тилкелер

Кээде сиз киргизген маалымат тилкелер менен мыкты чагылдырылат. Тилкелер документтеги мазмунду гана окурмандар үчүн ыңгайлуу кылбастан, ал гезиттерде, брошюра, флаерлерде да колдонулат. Word ошондой эле тилкелерди тилке үзүлүүлөрдү кошуу менен өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word'до тилкелер жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Документке тилкелерди кошуу үчүн:

  1. Сиз форматтоону каалган текстти тандаңыз.
    Форматтоо үчүн текстти тандоо
  2. Барак жайгашуусу өтмөгүн тандаңыз, жана тилкелер буйругун чыкылдатыңыз. Жайылма меню пайда болот.
  3. Сиз каалаган тилкелердин санын тандаңыз.
    Тилкелерге тексттерди жайгаштыруу
  4. Текст тилкелерге форматталат.
    форматталган текст

Сиздин тилкелер тандоолоруңар менюдагылар менен чектелбейт. Дагы Тилкелерди менюдан тандаңыз жана Тилкелер диалог кутусу пада болот. Тилкелердин сандарынын жанындагы жебени чыкылдатып, тилкелердин санын өзгөртүңүз.

Тилкелер диалог кутусу

Эгер сиз тилкелерде сап аралыгын өзгөртөм десеңиз белгилерди чыкылдатып, сүйрөңүз.

Тилкени өзгөртүү

Тилкелерди алып салуу үчүн:

Тилкелерди алып салуу үчүн, кыстаруу чекитти тилкенин каалган жерине коюп, анан Тилкелер буйругун чыкылдатыңыз. Чыккан менюдан 1 (бир) тандаңыз.

Тилке форматтоосун алып салуу

Тилке үзүлүүлөрүн кошуу

Сиз тилке түзгөндөн кийин, текст автоматтк түрдө бир тилкеден экинчи тилкеге өтүп кете берет. Бирок кээде, сиз ар бир тилкенин башталган жерин так аныктагыңыз келет. Муну сиз тилке үзүлүүсүн түзүү менен жасай аласыз.

Тилке үзүлүүсүн кошуу үчүн:

Төмөндө биздин мисалда, биз кийинки тилкени кошобуз жана ал кийинки тилкеге текстти жылдырат.

  1. Кыстаруу чекитин сиз жылдыра турган тексттин башына жайгашытрыңыз.
    Кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  2. Жайгашуу өтмөктү тандап, Үзүлүүлөр буйругун чыкылдатыңыз. Жайылма меню пайда болот.
  3. Менюдан Тилкени тандаңыз.
    Тилке үзүлүүсүн кошуу
  4. Текст тилкенин башына жылат. Биздин мисалда, ал кийинки тилкенин башына жылдырылды.
    Тилке үзүлүүсүн кошкондон кийин

Сиздин документке үзүлүүлөрдү кошуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин Үзүлүүлөр сабагыбызды карңыз.

Тилкелер үзүлүүлөрүн алып салыш үчүн:

  1. Алдын ала, үзүлүүлөр жашырылган. Эгер үзүлүүнү жок кылгыңыз келсе, сиз алгач документтеги үзүлүүлөрдү көрүшүңүз керек. Башкы өтмөктөн Көрсөтүү/Жашыруу буйругун чыкылдатыңыз.
    Көргөзүү /Жашыруу буйругу
  2. Сиз жок кылгыңыз келген үзүлүүнү таап, ал жерге кыстаруу чекитин коюңуз
    Кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  3. Үзүлүү документтен жок кылынат.
    Үзүлүү жок кылынды

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. 3-бетке жылдырыңыз.
  3. Community Reminders астындагы тизменин текстин тандап, аны 2-тилке кылып форматтаңыз.
  4. Курсорду 4-белгинин башына коюңуз
  5. Тилке үзүлүүсүн кыстарыңыз.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Тилкелер чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-headers-footers/content/