Word 2016 Негиздери: Барак үзүлүүлөрү (Breaks)

Lesson 13: Барак үзүлүүлөрү (Breaks)

/en/tr_ky-word-2016/-printing-documents/content/

Барак үзүлүүлөрү

Сиз көп беттен турган документтин үстүнөн иштеп жатсаңыз, текст агымын көзөмөлдөөңүз келген учурлар болушу мүмкүн. Мындай учурларда барак үзүлүүлөрү пайдалуу болушу мүмкүн. Муктаждыгыңызга жараша барак үзүлүүлөрдүн көп түрү бар, алардын ичинде секция жана тилке үзүлүүлөрү бар.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word'до барак үзүлүүлөрүн колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Барак үзүлүшүн кыстаруу үчүн:

Биздин мисалда, 3-беттеги секциянын жогорку колонтитулдары ылдыйкы беттеги жадыбалдан бөлүнүп турат. Биз жөн гана Enter басып, тексти 4-беттин башына чейин алып барып салсак болот эле, жана биз документте бир нерсени жок кылсак, ал жылып кетмек. Анын ордуна, биз барак үзүлүшүн кыстара алабыз.

  1. Кыстаруу чекитин барак үзүлүшү башталуучу жерге коюңуз. Биздин мисалда, биз жогорку колонтитулдун башына коёбуз.
    кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  2. Кыстаруу өтмөгүндө, барак үзүлүшү буйругун чыкылдатыңыз. Ошондой эле баскычтоптон Ctrl + Enter баса алабыз.
    Кыстаруу өтмөгүндө Барак үзүлүшү буйругун тандоо
  3. Барак үзүлүшү документке коюлат жана текст кийинки бетке жылат.
    Кыстарылган Барак үзүлүшү

Алдын ала, үзүлүштөр көрүнбөйт. Эгер сиз документиңизде үзүлүүлөрдү көргүңүз келсе, Башкы өтмөктөн Көргөзүү/Жашыруу буйругун чыкылдатыңыз.

Башкы өтмөктө Көрсөтүү / Жашыруу буйругун колдонуу

Секция үзүлүүлөрү

Секция үзүлүүлөрү документтеги ар кандай бөлүктөргө барьер кыла алат, жана бул ар бир секцияны форматтаганга мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сиз бир секцияда эки тилке болуусун каалайсыз Word секция үзүлүүлөрдүн бир нече түрүн сунуштайт

  • Кийинки бет: Бул параметр секция үзүлүүсүн кыстарат жана үзүлүүдөн кийинки текстти кийинки бетке жылдырат.
  • Үзгүлтүксүз: Бул параметр секция үзүлүүсүн кыстарат жана ошол эле бетте ищтөөңүзгө мүмкүнчүлүк берет.
  • Так жана Жуп Беттер: Бул параметрлер секция үзүүсүн кыстарат жана текстти же так же суп беттерге жылдырат. Бул параметрлер сиз жаңы секция баштаганда пайдалуу болот.
Секция үзүлүүлөрүнүн түрлөрү

Секция үзүлүүлөрүн кыстаруу үчүн:

Биздин мисалда, биз секция үзүлүүсүн эки тилкелүү тизмеден параграфты ажыратуу үчүн колдонобуз.

  1. Сиз үзүлүүнү каалаган жерге кыстаруу чекитин коюңуз. Биздин мисалда, биз параграфтын башына коёбуз.
    кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  2. Барак Жайгашуусу өтмөгүндө, Үзүлүүлөр бурйгун басып, каалаган секция үзүлүүнү менюдан тандаңыз. Биздин мисалда, биз Үзгүлтүксүз үзүлүүнү тандайбыз, анткени ошол эле бетте калсын деп жатабыз.
    Үзгүлтүксүз секция үзүлүүсүн кыстаруу
  3. Секция үзүлүүсү документте пайда болот.
    Кыстарлган секция үзүлүүсү
  4. Үзүлүүгө чейинки жана кийинки текст эми өзүнчө форматтала алат. Биздин мисалда, биз парграфка бир телкелүү форматтоону колдонобуз.
    Параграфтан эки тилкелүү форматтоону алып салуу
  5. Форматтоо документтин учурдагы секциясына колдонулат. Биздин мисалда, секйия үзүлүүсүнүн жогору жагындагы текст эки тилкелүү форматтоону колдонот, ал эми төмөн жагындагы параграф ьир тилкелүү форматтоону колдонот.
    өзүнчө форматталган бөлүмдөр

Үзүлүүлөрдүн башка түрлөрү

Сиз тилкелердин көрүнүшүн форматтап же сүрөт тегерегиндеги текст оролуусун өзгөртөм десеңиз, Word кошумча үзүлүү параметрлерин сунуштайт:

  • Тилкелер: Тилкелер көрүнүшүн баланстоо үчүн аларды түзүп жатканда тилке үзүлүүсүн колдоно аласыз. Тилке үзүлүүсүнөн кийинки тилке үзүлүүсү кийинки тилкеде башталат. Сиздин документте тилкелерди кантип түзүү керектиги тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин Тилкелер сабагыбызды караңыз.
  • Текстти ороо: Качан текст сүрөт же объектти тегеректегенде сиз текст оролуу үзүлүүсүн колдонуп, ороону бүтүрүп, кийинки текстти сүрөттүн астындагы саптан баштай аласыз. Биздин сүрөттөр жана текстти ороо сабагыбызды көбүрөөк билүү үчүн карап чыгыңыз.
башка үзүлүү параметрлери

Үзүлүүнү жок кылуу үчүн:

Алдын ала, үзүлүүлөр жашырылат. Эгер үзүлүүнү жок кылгыңыз келсе, сиз алгач документтеги үзүлүүлөрдү көрүшүңүз керек.

  1. Башкы өтмөктөн Көрсөтүү/Жашыруу буйругун чыкылдатыңыз.
    Көрсөтүү / Жашыруу буйруктарын чыкылдатуу
  2. Сиз жок кылгыңыз келген үзүлүүнү таап, ал жерге кыстаруу чекитин коюңуз
    Үзүлүүдөн мурун кыстаруу чекитин жайгаштыруу
  3. Delete баскычын басыңыз. Үзүлүү документтен жок кылынат.
    Барак үзүлүшү жок кылгандан кийин бет

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Revenue Projections бөлүмүнө барыңыз.
  3. Quarter 2 Projections кийинки барак үзүлүүсүн алып салыңыз.
  4. Web App Projections колонтитулунун башына курсорду алып келиңиз.
  5. Кийинки бет секция үзүлүүсүн кыстарыңыз.
  6. Барак Жайгашуусу өтмөгүнөн Тилкелерди чыкылдатып, Бир дегенди тандаңыз. Бул баракты кайра бир тилкеге кайрып келет жана Web App Projections колонтитулду жана ылдый жагындагы жадыбалды барактын бүт бетине жайылтат. Сиз биздин кийинки сабакта тилкелер тууралуу көбүрөөк үйрөнөсүз.
  7. Бүткөндөн кийин, акыркы эки беттер ушул сыяктуу болуш керек:
    Үзүлүүлөр чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-columns/content/