Word 2016 Негиздери: Word менен ишти баштоо (Getting Started)

Lesson 1: Word менен ишти баштоо (Getting Started)

Word менен ишти баштоо

Microsoft Word 2016 текст менен иштеген программа, анын жардамы менен документтердин түрлөрүн, каттарлы, резюме ж.б кылса болот. Бул сабакта сиз Word интерфейсин багыттоону үйрөнөсүз, Тасма, Тез Табуу Куралдар Тилкеси жана Экрандын арткы көрүнүшү сыяктуу маанилүү функциялар менен таанышасыздар.

Word 2016 менен жакындан таанышуу үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Word 2016 менен таанышуу

Word 2016 мурунку нускаларына Word 2013-жана Word 2010 окшош. Сиз буга чейин ал нускалар менен иштесеңиз, анда Word 2016 тааныш болушу керек. Бирок сиз Word программасын жаңы колдонуп жатсаңыз, жана тажрыйбаңыз жок болсо, сиз алгач Word 2016 интерфейси менен таанышууга бир аз убакыт бөлүшүңүз керек.

Word интерфейси

Биринчи жолу Word'ду ачканда, Баштоо экраны пайда болот. Бул жерден, сиз жаңы документ ачып, калып тандап, жана жакында түзөтүлгөн документтериңизге мүмкүнчүлүк аласыздар. Баштоо экранынан Word интерфейсине мүмкүндүк алуу үчүн Бош документти таап, тандаңыз.

Жаңы бош документти түзүү

Word интерфейси тууралуу көбүрөөк үйрөнүңүз:

  • Тез Табуу Куралдар тилкеси: Бул Тез Табуу Куралдар тилкеси сизге кайсы өтмөк тандалбасын жалпы буйруктарга мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала, ал Сактоо, Жокко чыгаруу жана Кайра кайталоо буйруктарды камтыйт.
  • Тасма: Тасма өтмөгүнүндө сизге жалпы милдеттерди аткаруу үчүн керек буйруктардын бары бар. Анын бир нече өтмөктөрү бар жана ар бирөөнүн топ буйруктары бар.
  • Буйруктар топтому: Ар бир топ бир катар буйруктарды камтыйт. Жөн гана аны колдонуу үчүн кандайдыр бир буйрукту чыкылдатыңыз. Кээ бир топтордун төмөнкү-оң бурчунда жебе бар, аны чыкылдатып көбүрөөк буйркутарды көрө аласыз.
  • Документ панели: Ушул жерден текстти терип жана документтеги тексти түзөтөсүз.
  • Башкаруучу панель: Башкаруучу панель документтин жогорку сол жагында жайгашкан. Бул аралыктарды жана тегиздөөлөрдү жасоого жардам берет.
  • Tell Me: Бул тилке аркылуу буйруктарды издесе болот, эгерде сиз кайсы буйрукту тандаарды билбей жатсаңыз - абдан жардам берет.
  • Microsoft Аккаунту: бул жерден, сиз Microsoft Аккаунтуңуз тууралуу маалыматты алып, профилиңизди көрүп, жана аккаунттарыңызды которуштура аласыз.
  • Жылдыруу Тилкеси: Тик жылдыруу тилкесин колдонуп, документтеги баракчалардын ортосунда ылдый-өйдө жылдырыңыз.
  • Баракча жана Сөздөр саны: Бул жерде, сиз документиңиздеги сөздөрдүн жана барактардын санын тез көрө аласыз.
  • Документ Көрүнүштөрү: документти көрүүнүн үч жолу бар. Окуу Режими: Бул режим документиңизди толук экран режиминде көрсөтөт. Басып чыгаруу жайгашуусу демейки боюнча тандалат, жана документти басып чыгарылгандай кылып көрсөтөт. Интернет жайгашуу режими сиздин документ интернет барагы катарында кандай көрүнөөрүн көрсөтөт.
  • Чоңойтуу-кичирейтүү: бул функцияны колдонуу үчүн слайдерди чыкылдатып, сүйрөңүз. Слайдердин оң жагындагы сандар чоңойтуу-кичирейтүү пайызын чагылдырат.

Word чөйрөсү менен иштөө

Акыркы нускалар сыяктуу, Word 2016 Тасма, Тез Табуу Куралдар тилкеси сыяктуу функцияларды колдонот, жана сиз ал жерден Word'до жалпы тапшырмаларды аткарууга буйрутмаларды таба аласыз жана Экрандын арткы көрүнүшүнө мүмкүнчүлүк аласыз.

Тасма

Word салттуу менюнун ордуна өтмөктөрдөн турган Тасма системасын колдонот. Тасма көптөгөн өтмөктөрдү камтыйт, аларды Word терезенин жогору жагынан таба аласыз.

Тасмадагы өтмөктөр

Ар бир өтмөктө тиешелүү буйруктардын бир нече топтору бар. Мисалы, Башкы өтмөктөгү Ариптер топтому документиңиздеги тексттерди форматтоо үчүн буйруктарды камтыйт.

Башкы көтмөктөгү ариптер топтому

Кээ бир топтордун төмөнкү оң бурчунда жайгашкан кичинекей жебе бар, аны басып көбүрөөк параметрлерди ачыңыз.

Көбүрөөк топ буйруктарды көрүү үчүн жебени чыкылдатуу

Тасманы көрсөтүү жана жашыруу

Эгер сиз Тасма экранда көп жер ээлеп жатат десеңиз, аны жашырып койсоңуз болот. Бул үчүн, Тасманы Көрсөтүү Параметрлеринин жебесин Тасманын жогорку-оң бурчунан чыкылдатыңыз, жана менюдан каалаган параметриңизди тандаңыз.

Тасманы жашыруу
  • Тасманы авто-жашыруу: Авто жашыруу документиңизди толук экранда көрсөтүп, толугу менен Тасманы жашыры салат. Тасманы көрсөтүү үчүн, экрандын жогору жагындагы Тасманы жайылтуу буйругун чыкылдатыңыз.
  • Өтмөктөрдү Көрсөтүү: Бул параметр бардык буйрук топторду алар колдонулбаган учурда жашырат, бирок өтмөктөр дагы деле көрүнүп турат. Тасманы көрүү үчүн, жөн гана өтмөктү чыкылдатыңыз.
  • Өтмөктөрдү жана Буйруктарды Көрсөтүү: Бул параметр Тасманы жайлатат. Бардык өтмөк жана буйруктар көрүнүп турат. Word'ду биринчи жолу ачып жатсаңыз бул параметр демейки боюнча тандалат.

Тасмага ылайыкташтырылган өтмөктөр жана буйруктарды кошууну үйрөнгүңүз келсе биздин Тасманы ыңгайлаштыруу Кошумчалар сабагыбызды караңыз.

Tell Me функциясын колдонуу

Сиз каалаган буйрукту таба албай жатсаңыз, анда Tell Me функциясы жардам бере алат. Ал кадимки издөө тилкесиндей иштейт: эмне издеп жатсаңыз, ошону жазыңыз жана параметрлердин тизмеси пайда болот. Сиз андан соң буйрукту менюдан түз колдоно аласыз, Тасмадан табуунун кереги жок.

Tell Me функция менен буйруктарды издөө

Тез Табуу Куралдар Тилкеси

Тасманын үстүндө жайгашкан тез Табуу Куралдар Тилкеси сизге кайсы өтмөк тандалбасын жалпы буйруктарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. Алдын ала, ал Сактоо, Жокко чыгаруу жана Кайра кайталоо буйруктарын көрсөтөт, бирок сиз муктаждыгыңызга жараша башка буйруктарды кошо аласыз.

Тез Табуу Куралдар Тилкесине буйруктарды кошуу үчүн:

  1. Тез Табуу Куралдар Тилкесинин оң жагындагы жайылма жебени чыкылдатыңыз.
    Тез Табуу Куралдар Тилкесиндеги менюну чыкылдатуу
  2. Сиз менюдан кошкуңуз келген буйрукту тандаңыз.
    Тез Табуу Куралдар Тилкесине Тез Басып Чыгаруу буйругун кошуу
  3. Буйрук Тез Табуу Куралдар Тилкесине кошулат.
    Тез Табуу Куралдар Тилкесиндеги Тез Басуу буйругу.

Башкаруучу буйрук

Башкаруучу буйрук документиңиздин жогорку сол жагында жайгашкан. Ал документиңизди жөнөкөй тактык менен өзгөртө алат. Эгер кааласаңыз сиз Башкаруучуну жашырып, көбүрөөк экран мейкиндигин түзсөңүз болот.

Башкаруучуну көрсөтүү же жашыруу үчүн:

  1. Көрүү өтмөгүн ачыңыз.
    Көрүү өтмөгүн чыкылдатуу
  2. Башкаруучунун жанындагы кутучаны чыкылдатып аны жашырыңыз же көрсөтүңүз.
    Башкаруучуну иштетүү

Экрандын арткы көрүнүшү

Экрандын арткы көрүнүшү сизге сактоо, файлды ачуу, басып чыгаруу жаан документиңизди бөлүшүү үчүн ар кандай параметрлерди берерт. Экрандын арткы көрүнүшүнө мүмкүнчүлүк алуу үчүн Тасмадагы Файл өтмөгүн чыкылдатыңыз.

Файл өтмөгүн чыкылдатуу

Экрандын арткы көрүнүшү тууралуу көбүрөөк билиңиз.

  • Word'ко кайрылыңыз: Сиз жебени колдонуп Экрандын арткы жаап жана Word'ко кайта аласыз.
  • Маалымат: маалымат панели сиз экрандын арткы көрүнүшүнө кирген сайын пайда болот. Ал учурдагы документ жөнүндө маалымат камтыйт. Ошондой эле, сиз жеке маалыматты жок кылуу үчүн жана башкалардын мындан аркы өзгөртүүлөрдү киргизүүсүнөн сактоо үчүн документти текшерсеңиз болот.
  • Жаңы: Бул жерден, сиз жаңы бош документти түзө аласыз, же калыптардын ичинен тандай аласыз.
  • Ачуу: Бул жерден, сиз сиздин OneDrive'да же компьютериңизде жайгашкан документтерди ача аласыз.
  • Сактоо жана Катары Сактоо: Сиз Сактоо жана Катары Сактоо колдонуп, документтерди компьютериңизге же OneDrive'га сактай аласыз.
  • Басып чыгаруу: Басып чыгаруу панелинен сиз басуу өндөөлөрүн өзгөртүп, документти басып чыгара аласыз. Сиз ошондой эле документти алдын-ала көрө аласыз.
  • Бөлүшүү: Бул жерден сиз документиңизди көрүү үчүн же бирге иштешүү үчүн адамдарды чакыра аласыз.
  • Экспорт: Бул жерден, сиз документти башка файл форматында экпорттой аласыз, мисалы, PDF / XPS
  • Жабуу: учурдагы документти жабуу үчүн бул жерди чыкылдатыңыз.
  • Аккаунт панелинен, сиз Microsoft аккаунт маалыматка мүмкүнчүлүк алып, теманы жана фонду өзгөртүп жпнп аккаунттан чыга аласыз.
  • Параметрлер: Бул жерден сиз ар кандай Word параметрлерин өзгөртө аласыз. Мисалы, жазууну жана грамматиканы, Авто калыбына келүү, тил жөндөөлөрүн көзөмөлдөй аласыз.

Документ көрүнүштөрү жана чоңойтуп-кичирейтүү

Word'дун ар кандай көрүү параметрлери бар, жана алар документтин кандайча көрүнүншүн өзгөртө алат. Сиз документиңизди Окуу, Басып чыгаруу, Интернет режимдеринде көрүүнү тандай аласыз. Бул көрүүлөр ар кандай тапшырмалар үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, өзгөчө сиз документти басып чыгарам десеңиз. Ошондой эле документиңизди окуу жеңил болушу үчүн аны чоңойтп-кичирейтсеңиз болот.

Документ көрүнүштөрүн которуу

Ар кандай документтердин көрүнүштөрү ортосунда которулуу жеңил болот. Жөн гана каалаган документ көрүнүш буйругун Word терезенин ылдыйкы оң бурчунан таап, тандаңыз.

  • Окуу режими: Бул көрүнүш документти толук экранда ачат. Бул көрүнүш ири көлөмдөгү тексттерди окууга же документиңизди жеңил оңдогонго ылайыктуу.
    Окуу режими
  • Басып чыгаруурежими: Бул Word'догу демейки документ көрүнүшү. Бул документ кагаз бетинде кандай болуп чыгаарын көрсөтөт.
    басып чыгаруу режими
  • Интернет Жайгашуусу:Бул көрүнүш документти веб баракча катары көрсөтөт, жана эгерде Word'ду онлайн публикация кылам десеңиз - пайдалуу болот.

Чоңойтуу жана кичирейтүү

Чоңойтуп, кичирейтүү үчүн Word терезенин ылдыйкы оң жагындагы слайдерди чыкылдатып, сүйрөңүз. Ошондой эле сиз + же - буйруктарын колдоно аласыз. Слайдердин жанындагы сан азыкры чоңойтуу-кичирейтүү пайызын көрсөтүп турат.

Чоңойтп-кичирейтүү слайдерин колдонуу

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Word 2016 ачыңыз, жана бош документти түзүңүз.
  2. Өтмөктөрдү көрсөтүү үчүн Тасма Көрсөтүү Параметрлерин өзгөртүңүз.
  3. Тез Табуу Куралдар Тилкесин ыңгайлаштырууну колдонуп, жаңы тез басып чыгарууну жана Жазуу-грамматиканы кошуңуз.
  4. Tell Me тилкесинен, Фигуралар деп терип, Enter басыңыз.
  5. Менюдан фигура тандап, документтин бир жерин чыкылдатыңыз.
  6. Башкаруучуну көрсөтүңүз, балким ал көрүнбүй турат.
  7. Документти 120% га чейин чоңойтуңуз.
  8. Документ көрүнүшүнөн Интернет режимине өзгөртүңүз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин документ ушул сыяктуу болушу керек:
    Үйрөнүү Чакырыгы
  10. Документти кайра калыбына келтириңиз.

/en/tr_ky-word-2016/-creating-documents/content/