Word 2016 Негиздери: Документтерди түзүү жана ачуу (Creating Documents)

Lesson 2: Документтерди түзүү жана ачуу (Creating Documents)

/en/tr_ky-word-2016/word-getting-started/content/

Документтерди түзүү жана ачуу

Word файлдары документтер деп аталат. Сиз Word аркылуу жаңы долбоор баштаганда жаңы документ түзүүңүз керек, ал бош документ же калыптан түзүлгөн документ болушу мүмкүн. Ошондой эле учурдагы документти кантип ачууну билүүңүз керек.

Документтерди түзүү жана ачуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Жаңы бош документти түзүү үчүн:

Word'до жаңы долбоор баштаганда, көпчүлүк учура сиз бош документ ачканды каалашыңыз мүмкүн.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файлды тандайбыз.
    Файл өтмөгүн чыкылдатуу
  2. Жаңыны тандаңыз жана Бош документти чыкылдатыңыз.
    Бош документти түзүү
  3. Жаңы бош документ пайда болот.

Калыптан жаңы документти түзүү үчүн:

Калып бул алдын ала жасалган документ, аны колдонуп жаңы документти тез түзө аласыз. Калыптар көбүнчө форматтоону жана дизайнды камтыйт жана сиз үчүн жаңы долбоор баштоодо көп убакытыңызды үнөмдөйт.

  1. Экрандын аркы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүн басып, анан Жаңыны тандаңыз.
  2. Бош документ параметринин астында бир нече калыптар пайда болот. Ошондой эле сиз издөө тилкесин колдонуп, башка бир өзгөчө нерсе таба аласыз. Биздин мисалда, биз флаер калыбын издейбиз.
    белгилүү бир калыпты издөө
  3. Эгер сизге жаккан бир нерсени тапсаңыз, аны алдын ала көрүү үчүн калыпты тандаңыз.
    Алдын ала көрүү үчүн калыпты чыкылдатуу
  4. Калыптын алдын ала көрүнүшү пайда болот. Тандалган калыпты колдонуу үчүн Түзүүнү чыкылдатыңыз.
    калыптан документти түзүү
  5. Тандалган калып менен жаңы документ пайда болот.

Издегенден кийин калыптары категориялары менен серептей аласыз.

Калыптарды категориялар боюнча серептөө

Учурдагы документти ачуу үчүн:

Жаңы документтерди түзүүдөн тышкары, көп учурда буга чейин сакталган документти ачасыз. Документтерин сактоо жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин Документтерди сактоо жана бөлүшүү сабагыбызга баш багыңыз.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө өтүңүз, анан Ачуу баскычын чыкылдатыңыз.
    Экрандын арткы көрүнүшүнөн Ачуу буйругун чыкылдатуу
  2. Бул Компьютерди тандаңыз, анан Серептөөнү басыңыз. Сиз ошондой эле OneDrive'да сакталган файлдаржы ачуу үчүн OneDrive тандасаңыз болот.
    Серептөөнү тандап, ачуу үчүн файлды издөө.
  3. Ачуу диалог кутучасы пайда болот. Документиңизди тандап, Ачуу баскычын чыкылдатыңыз
    Учурдагы файлды ачуу
  4. Тандалган документ пайда болот.

Microsoft Office'теги көп функциялар, Word'ду да кошкондо документти онлайн сактоого жана бөлүшүүгө умтулат. Бул OneDrive аркылуу ишке ашырылат, ал сиздин документтер жана материалдар үчүн онлайн сактоочу жай болуп саналат. Сиз OneDrive колдонууңуз керек болсо, анда сиздин Microsoft аккаунтуңузду колдонуу менен Word'ду колдонуңуз. Биздин OneDrive'ди түшүнүү сабагыбызды көбүрөөк билүү үчүн карап чыгыңыз.

Документти кадап коюу үчүн:

Бир документ менен тез-тез иштесеңиз, сиз ага тез жетүү үчүн Экрандын арткы көрүнүшүнө кадап койсоңуз болот.

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө өтүп, Ачууну чыкылдатып, анан Акыркыларды тандаңыз.
  2. Жакында түзөтүлгөн документтердин тизмеси пайда болот. Сиз кадагыңыз келген документтин үстүнө курсорду алып келип, мык сүрөтчөсүн чыкылдатыңыз.
    документти кадоо
  3. Бул документ кадоодон алынмайын Акыркы документтер тизмесине кала берет. Документти кадоодон чыгаруу үчүн мык сүрөтчөсүн кайра чыкылдатыңыз.
    документти кадоодон чыгаруу

Шайкештик режими

Кээде сиз Word 2010 же Word 2007 эскирээк нускаларында түзүлгөн документтер менен иштеп каласыз. Сиз ушундай документтерди ачканда, алар шайкештик режиминде ачылат.

Шайкештик режими кээ бир функцияларды иштетпейт, ошондуктан бул документти түзүүдөгү программанын буйруктары гана иштейт. Мисалы, сиз Word 2007 түзүлгөн документти ачсаңыз, Word 2007 бар өтмөк жана буйруктарды гана колдоно аласыз.

Төмөндөгү сүрөттө сиз шайкештик режими кайсы жеткиликтүү буйруктарга кандай таасирин берээрин көрө аласыз. Сол жактагы документ шайкештик режиминде болгондуктан, ал Word 2007 жеткиликтүү болгон буйруктарды көрсөтөт.

шайкештик режими крш. кадимки режим

Шайкештик режимден чыгуу үчүн, сиз документти учурагы версияга конвертация кылышыңыз керек. Бирок, сиз мнене иштешкен адамдардын жаңы Word нускасына өтүүгө мүмкүнчүлүгү болбосо, анда документти өзгөртпөй шайкештик режимде сактаган жакшы.

Шайкештик режимде кайсы функциялар иштебээри тууралуу билүү үчүн биздин Microsoft'тун колдоо бетинен карап көрсөңүз болот.

Документти конвертациялоо үчүн:

Бардык Word 2016 функцияларына мүмкүнчүлүк керек болсо, сиз 2016 файл фоорматына конвертация кылсаңыз болот.

  1. Экран артындагы көрүнүштү ачуу үчүн Файл өтмөгүн чыкылдатыңыз жана Конвертациялоо буйругун тандаңыз.
    Конвертациялоо буйругун чыкылдатуу
  2. Диалог кутучасы пайда болот. Файл жаңыртуусун ырастоо үчүн ОК басыңыз.
    Эң жаңы файл түрүнө файлды конвертациялоо
  3. Документ жаңы файл түрүнө конвертация болот.

Файлды конвертация кылуу документтин түпнуска жайгашуусуна өзгөртүү алып келиши мүмкүн.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Документ шайкештик режиминде ачылаарын байкаңыз. 2016 файл форматына конвертация кылыңыз. Эгерде диалог кутучасы пайда болуп жаңы функцияларды көрүү үчүн файлды жаап кайра ачасызбы десе - Ооба деңиз.
  3. Экрандын арткы көрүнүшүнөн файл же папканы кадап коюңуз.

/en/tr_ky-word-2016/-saving-documents/content/