/en/tr_ky-powerpoint-2016/-action-buttons/content/
Презентацияны берүүгө даярданып жатканда эстен чыгарбоо үчүн көп нерселер бар. Канча убакытка созулат? Сен эмне деп айтасыз? Бактыга жараша, PowerPoint сиздин слайд-шоуңузду кайталап көнүгүүгө жардам бере турган бир нече куралдарды сунуш кылат. Керек болсо сиз презентацияңызга үн жаздырып, башка адамдарга жибере аласыз.
Кошумча: Биздин практика презентациябызды көчүрүңүз.
Презентацияңызды кайталап, жаздыруу үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.
Убакыттарды кайталоо аркылуу ар бир слайдка белгилүү бир ылдамдык менен ойноого мүмкүнчүлүк берсеңиз болот, мындайда сиз кол менен слайддарды жылдырып турбайсыз. Ошондой эле, сизге сүйлөө пункттарыңызды практика кылганга мүмкүнчүлүк берет. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, ар бир слайдга мөөнөттөрдү сактоого болот. PowerPoint андан соң бул мөөнөттөрдү колдонуп презентацияны ойнойт.
Кайталоо бул жакшы презентацияны даярдоодого акыркы кадамдардын бири. Эгер сиз эч качан слайд-шоу жасаган эмес болсоңуз, биздин Слайд шоуңузду көрсөтүү негиздери сабагы менен таанышыңыз.
Эгер сиз мөөнөттөрдү туура жасоого бир нече аракет кылам десеңиз, Жазуу тилкеси аркылуу тыныгып, кайра жазууну баштасаңыз болот. Таймерди тындыруу үчүн, Пауза баскычын басыңыз. Таймер токтоп турганда эч нерсе жазылбайт. Учурдагы слайдды кайра жаздыруу үчүн Кайталоо баскычын басыңыз.
Слайд Шоу Жаздыруу функциясы Мөөнөттөрдү Кайталоо функциясына окшош, бирок ал ар-тараптуу. Эгер сиздин компьютериңизге микрофон бар болсо, презентациянын барына үн менен жаздырсаңыз болот. Эгер слайд шоуңузду өзү чуркаган презентация же видео катары колдоном десеңиз пайдалуу болот.
Жазылган слайд шоуларда чычкан курсору иштебейт, ошондуктан бир нерсени көрсөткүңүз келсе, Лазер көрсөткүчүн колдонушуңуз керек. Чычканыңызды кармап, чыкылдатканда жөн гана баскычтоптон Ctrl басып туруу керек. Курсор кичинекей кызыл чекит болуп көрүнөт.
Слайд мөөнөттөрүн же баяндоону алып салгыңыз келсе, аларды жеңил эле жок кыла аласыз. Аны ушул слайдда эле же толугу менен презентациядан алып сала аласыз.
Бул үчүн, жөн эле Слайд Шоу өтмөгүнө өтүп, Слайд Шоу жаздырууга өтүп, Тазалоо басыкын басуу зарыл.
/en/tr_ky-powerpoint-2016/-sharing/content/