PowerPoint 2016 Негиздери: Интернетте презентацияны бөлүшүү (Sharing)

Lesson 31: Интернетте презентацияны бөлүшүү (Sharing)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-rehearsing/content/

Интернетте презентацияны бөлүшүү

PowerPoint презентацияларды жеткирүүнүн бир нече параметрлерин жакшыртууга же толугу менен өзгөртүүгө сунуштайт. Слайд-шоуңузду нормалдуу түрдө көрсөтүү үчүн, аны видео катары көргөзүүнү тандайсыз, же ал тургай интернеттен башкалар көрүүгө мүмкүнчүлүк алгыдай кылып таштайсыз. Презентацияңызды кандай жол менен берүүнү тандасаңыз дагы, аны кантип алып салуу же слайддарды иреттештирүү үчүн слайд-шоуну ыңгайлаштыруу аркылуу жакшырта аласыз. Бул параметрлердин бардыгы кынтыксыз жана профессионалдык презентация берүүгө жардам берет.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны бул сабак үчүн жүктөп алыңыз.

Презентацияны кантип бөлүшө ала турганыңыз жөнүндөгү ар түрдүү жолдору тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.


Презентацияны видео катары экспорттоо.

Видео түзүү функциясы презентацияңызды видео катары сактап калууга мүмкүндүк берет. Бул пайдалуу болушу мүмкүн, себеби сиздин көрүүчүлөргө алар каалаган презентацияны көрүүгө мүмкүндүк берет, . Сиздин көрүүчүлөргө ар бир слайдды карап көрүү үчүн жетиштүү убакыт бар экенине ынаныш үчүн, слайд шоуну пайдаланардан мурун, слайд шоуну убакыт жазылышын кайталап көрүңүз.

Видео түзүү үчүн:

  1. Экрандын арткы көрүнүшүнө мүмкүнчүлүк алуу үчүн Файл өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  2. Экспорттоону тандаңыз, анан Видео түзүү чыкылдатуу. Видео экспорттук параметрлери оң жакта пайда болот.
  3. Видеонун өлчөмүн жана сапатын тандоо үчүн Презентация Сапатынын кийинки жайылма жебе чыкылдатыңыз.
  4. Жаздырылган Убакыт көргөзүүнү жана Баяндалоор жазылышын пайдалануу үчүн кийинки жайылма жебени тандаңыз. Эгер сизде жазылган убакыт колдонуу болбосо же колдонгуңуз келбесе анда Жазылган Убакыт жана Баяндоолорду колдонуңуз. Ошондой эле буга чейин Жаздырылган Убакытты жана Баяндоолорду колдонгон болсоңуз, эгер сиз буга чейин Жазылган убакыт жана Баяндоолорду тандап жана видеодо колдонууну кааласаңыз .
  5. Видео түзүүнү чыкылдатыңыз.. Save As диалог кутучасы пайда болот.
  6. Презентацияны сактоону каалаган жерди тандаңыз анан презентациянын атына кириңиз.
  7. Сактоону чыкылдатыңыз. PowerPoint та видео түзүлөт, статус тилкеси PowerPoint терезенин төмөн жагында пайда болот. Тилке толукталганда, сиздин видео көрүүгө, жиберүүгө же жүктөп берүүгө даяр болот.

Электрондук почта менен жиберүүдөн тышкары, сиз акысыз видео бөлүшүү сайттар менен видео жүктөй аласыз YouTube сыяктуу. Сиздин видео жүктөлгөндөн кийин, сиз аны көргүсү келгендерге шилтеме бере аласыз. Онлайнда видео бөлүшүү үчүн YouTube колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн, биздин YouTube окуу куралына барыңыз.

Онлайн слайд шоу көрсөтүү

Слайд шоуну онлайнда берүү таң кала тургандай оңой болот. Сиз жана сиздин көрүүчүлөргө болгону Интернет байланышы болуп саналат. Аларга атүгүл PowerPoint тун дагы кереги жок. Сиздин көрүүчүлөр интернетке кошулаар замат, сиз кадимкидей эле презентацияңызды баштасаңыз болот.

Сиз онлайн слайд-шоу көрсөтүп жатсаңыз, эсиңизде болсун, сиз презентацияга өзгөртүү же кандайдыр бир бөлүү же калем менен белгилөө мүмкүн эмес экенин белгилеп кетмекчибиз. Ошондой эле, PowerPoint ту көрүүчүлөргө сүйлөө үчүн колдоно албайсыз. Сиздин көрүүчүлөр менен сүйлөшүүнү телеконференция менен байланышууну пландаңыз.

Онлайн аркылуу презентация кылуу:

  1. Слайд Шоу өтмөгүн тандап, андан кийин Слайд Шоуну Башта тобун жайгаштырыңыз.
  2. Онлайн Презентация буйругун чыкылдатыңыз.
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Байланыштырууну чыкылдатыңыз. Статус кабары сиз PowerPoint онлайнда презентация даярдап жаткан кезде пайда болот.
  4. Шилтеме пайда болот. Буга чейин тандалбаса, шилтемени тандоо.
  5. Шилтеме Көчүрүү шилтеме көчүрүп алыш үчүн чыкылдатыңыз, анын ичинде Facebook, блог, же электрондук почта аркылуу. Презентацияңыз башталардан мурда шилтеменин көчүрмөсүн сиздин көрүүчүлөрдүн ар бири кабыл алгыдай болушуна этият болушуңуз керек.
  6. Презентацияны Баштоону чыкылдатыңыз.
  7. Слайддарды илгерилетүү үчүн чычканды же баскычтопту пайдаланып, сиз кадимкидей эле слайд-шоуну көргөзүшүңүз керек.
  8. Бүткөндөн кийин, Онлайн Презентация Бүттү чыкылдатуу.
  9. Сиз презентацияны аяктады деген диалог кутучасы пайда болот. Онлайн Презентация Бүттү чыкылдатыңыз

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Практикалык презентацияны видео катары экспорттоңуз, жана аны өзүңүздүн компьютериңизге сактап калыңыз.
  3. Сиз интернет байланышта досуңуз же үй-бүлө мүчөсү бар болсо, онлайн слайд-шоу көрсөтүүгө аракет кылып көрүңүз.