Интернет коопсуздугу: Спам жана фишингден алыс болуу (Spam)

Lesson 4: Спам жана фишингден алыс болуу (Spam)

/en/tr_ky-internet-safety/-browser-security/content/

Электрондук почтадан тартып зарыл кабарлашуу, социалдык медиалар үчүн интернет маанилүү байланыш курал болуп саналат. Тилекке каршы, бул бекерчилер жана онлайн кылмышкерлердин арасында популярдуу. Өзүңүздү электрондук почта алдамчылылардан, зыяндуу программалык камсыздоолордон жана жеке маалыматтарды уурдодон коргош үчүн, кантип аларды аныктап потенциалдуу коркунуч сиздин кутуңуздагы мазмунду спам жана фишинг аркылуу кол саларын аныктап жана алдын ала түшүнүү керек.

Спам жана фишинг жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Спам менен иш алып баруу.

Эгер кайсы бир учурда сиз каалабаган электрондук жарнамаларды алган болсоңуз, анда буга чейин спам менен тааныш болушуңуз мүмкүн, ошондой эле керексиз электрондук почтаны да билесиз. Спам билдирүүлөр кутуңузда башаламандык кылышы мүмкүн жана сиз чындыгында окугуңуз келген каттарды табуу кыйыныраак болот. Андан да жаманы, спам көбүнчө кесепеттүү фишинг жана зыяндуу программаларды камтыйт жана сиздин комьпютериңизге олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн. Бактыга жараша, азыр көп электрондук почта кызматы бир нече программаларды камтыйт жана спамдан кутусуңузду коргоого жардам берет.

Спам чыпкалары (фильтрлери)

Ар убакта качан сиз электрондук почта аркылуу кат алганыңызда, көпчүлүк почта тейлөөчүлөр бул чыныгы билдирүүбү же спам экенин билиш үчүн текшерет. Спамга окшош билдирүүлөрдүн бардыгы спам папкасына коюлат себеби сиз почтаңызды текшерип жатып кокусунан аларды ачып албаш үчүн.

Спам-бөгөт системалары да идеалдуу эмес, ошондуктан сиздин керектүү каттарыңыз спам папкасына түшүп калган учурлар болушу мүмкүн. Кандайдыр бир маанилүү каттарды жоготуп албаш үчүн дайыма сиздин спам папканы текшерип турушуңузду сунуштайбыз.

Gmail деги спам папкасы

Көптөгөн электрондук почта кызматы спам каттарды белгилей ала турган өзгөчөлүккө ээ. Мисалы Gmail-да билдирүүлөрдү тандап спам баскычын баскылай аласыз. Бул электрондук почтаңызды чыпкалап келечекте мындай билдирүүлөрдөн арылууга жардам берет.

электрондук почтаны спам катары белгилөө

Электрондук сүрөттөрдүн өчүрүлүшү

Спам билдирүүлөр көп учурда сүрөттөрдү камтыйт ,бул аркылуу жөнөтүүчү көзөмөлдөй алат. Электрондук почтаңызды ачып жатканда, сүрөттөр жүктөлөт жана почтаңыздын иштеп жатканын же дагы канчалык көп спам бар экенин спам жиберүүчүдөн биле аласыз. Электрондук сүрөттөрдү өчүрүп салуу аркылуу менен мындайлардан оолак боло аласыз. Келгиле муну Gmail де кантип жасаларын карап көрөлү, ошентсе да электрондук почтаңыздын кызматына жараша айырмалары эсиңизде болсун.

  1. Тиштүү дөңгөлөкчөнү басып, ачылычуу тизме менюдан параметрлерди тандаңыз.
    параметр иконнун баскылоо
  2. тышкы сүрөттөрдү көрсөтүүнү мурун суроо тандап алып, ылдый даря.
    Gmail сүрөттүн алмаштыруу
  3. Билдирүүлөрдү сүрөттөрү менен ачкан сайын, Gmail жарыяланбаган жүктөөлөргө тоскоолдук кылат.
    Gmail-да сүрөттөрдү жүктөөнү токтотуу

Фишинг

Фишинг алдамчылар таасирдүү маалымат камтылган билдирүүлөрдү жиберүү менен сизди алдаганга аракет жасайт. Булар көп учурда банктан же башка ишенимдүү булактан келген көрүнөт жана алар адатта сырсөздү кайра басууга, туулган күндүн датасын тактоону, же насыя карточканын номерин ырастоону каалашат. Фишинг билдирүүлөр бир караганда эң эле реалдуу көрүнүшү мүмкүн, бирок таң калыштуусу алдамчылар кенен, ынандырарлык маалыматтарды жеңил эле түзүшкөнүндө.

Электрондук фишингди аныктоону көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү интерактивдүү кнопкаларды басыңыз.

түзөтүү "ысык" чекит фишинг электрондук почта

Башка окшош электрондук почта алдамчылары

Спам жана фишинг жалпы көйгөйлөр, бирок электрондук почтанын дагы башка алдамчылык көптөгөн түрлөрүн жолуктура аласыз. Кээ бирөөлөрү сизге көп акча берүүнү убада беришет эгер сиз бир аз акчаны алдын ала аванс катары жөнөтсөңүз. Башкалары болсо сиз аны жашооңузда билген адамдардан болуп көрүнүшү мүмкүн, анан алар сизден акча салышыңызды же тиркелген файлды жүктөп алууңузду суранат.

Спам же фишинг алдамчыларга караганда өзүңүздүн ойуңузга ишенүү эсиңизде болсун. Сиз эч качан электрондук почтадагы өтүнүч боюнча эле, кимдир бирөөгө акча жөнөтпөңүз. Ошондой эле, эч качан күтпөгөн электрондук почтанын тиркемелерин жүктөп албаңыз себеби зыяндуу программалар болуп калышы мүмкүн жана комьпютерди бузуп жеке маалыматтарыңызды уурдап алышы мүмкүн.

Спам, алдамчылар жана фишинг схемалары бөлүшүп жана өзгөртүлүп турат Эми сиз эмнени караш керек жана эмнеге жолобош керек , эмнени кутучада сакташ керек жана комьпютердин коопсуздугун кантип сактай аларыңызды билесиз.

/en/tr_ky-internet-safety/-malware-malware/content/