Интернет коопсуздугу: Кантип Malware -кесепеттүү программадан оолак болуш керек (Malware)

Lesson 5: Кантип Malware -кесепеттүү программадан оолак болуш керек (Malware)

/en/tr_ky-internet-safety/-spam/content/

Кантип Malware -кесепеттүү программадан оолак болуш керек.

Комьпютериңиз интернетте байланышып турганда, зыяндуу программа жалпы коркунучтардын бири болуп саналат, бирок андан оолак болуу оңой. Коопсуздукту сактоо жана ыкчам карап чыгуу зыяндуу программалардан жана башка коркунучтар мисалы вирустар сыяктуу нерселерден коргойт. Комьпютериңиздин коопсуздугун камсыздоо жана кантип үйрөнүүнү аныктоо ошондой эле шектүү шилтемелерден оолак болуунун негизги эрежелерин карап чыгуу адаттарын сактоо болуп саналат.

Комьпютериңиздин коопсуздугун камсыздоо

Компьютериңиздин зыяндуу программалардан аялуулугун чектөө маанилүүгүн чечүүчү адатка айлантуу. Комьпютериңизди вируска каршы жана залал келтирүүчү вирустарга каршы программалар менен коргой аласыз Bitdefender , Norton , же Kaspersky . Бул программалар зыяндуу программаларга бөгөт болот жана комьпютериңиздеги кесепетүү нерселерди алып салат. Комьпютериңизден зыяндуу программалардын белгилерин көрбөсөңүз да, аларды скандап кесепеттүү программаларды кароо.

Көптөгөн зыяндуу программалар Windows жана башка программалык камсыздоолорго доо кетирет. OS, браузерди сактоо, жана башка программаларды жаңыртуу маанилүү кадам болуп саналат. Коопсуздуктар жаңыртылса көптөгөн коркунучтарга компьютер иммунитет түзөт.

Windows Жаңыртуу

Биздин сабактан көбүрөөк үйрөнүңүз программалык камсыздоолорду кантип жаңыртуу керек .

Файлдарыңызды архивдештириңиз.

Кээ бир зыяндуу программалар дисктердеги маалыматтарыңыздын жок болушуна же бузулушуна алып келиши мүмкүн. Зыяндуу программалардын чабуулуна кабылып анан маалыматты калыбына келтирүү үчүн аракет жасагандан көрө, маалыматтарды жоготуп албоо үчүн алдын ала даярдык көрүү алда канча оңойураак жана арзаныраак. Муну жасоонун жалпысынан эки жөнөкөй жолу бар биринчиси маалыматтарыңызды сырткы диске көчүрүп алуу жана онлайн резервдик көчүрмө кызматын колдонуу.

Биздин сабактардан көбүрөөк үйрөнүңүз файлдарыңызды архивдештириңиз .

Шектүү шилтемелерден оолак болуңуз

Көпчүлүк зыяндуу программалар бир нерселерди жүктөп алууну жана аны орнотууну талап кылат. Бул шилтемелер көп учурда жашыруун болуп кызыктырат. Эгер сиз шектүү шилтемелерди байкасаңыз анда алардан оолак боло аласыз. Бул жерде зыяндуу программалардын жүктөмдөрү менен адаштыруучу шилтемелерге бир нече мисалдар бар.

  • Вебсайттардагы кошулмалар комьпютериңизде бир нерсе туура эместей көргөзүп системадагы билдирүүлөргө же диагностикалык эскертүүлөргө окшош болушу мүмкүн.
    Зыяндуу жарнама
  • Атыңызга келген кабарлар сиз бир сыйлыкка ээ болгондугуңузду айтып жана аны басууңузду талап кылат.
  • Калкыма терезелер көпчүлүк учурда зыяндуу программалардан турат же анча коопсуз сайтка алып барууга аракет кылышат. Көпчүлүк кадыр-барктуу сайттар калкыма терезелерди колдонушпайт. Көптөгөн браузерлер жарыяланбаган калкыма терезелерге блок коюшат.
  • Эгер сизге сиз күтпөгөн бир нерсени жүктөп алууга түрткү болсо, же сиз турган бетке тиешеси болбосо ал зыяндуу программа болушу мүмкүн.
  • Темалары бүдөмүк жана сенсациялуу болуп баскылоого үндөйт. Көп баскылоону талап кылган сайттар зыяндуу программалардын шилтемелерин камтышы ыктымал.

Шектүү сайттарды аныктоо

Эгер вебсайтты же жүктөп алуу коопсуз экенине ишенбесеңиз, аны жаап туруп иликтеңиз ага кайтып келгенче. Бейтааныш сайттарды карап чыгууда дайыма этият болуу жакшы идея.

  • Сайт кадыр-барктуу экенин, досторунуздан сурап билиңиз эгер алардын тажрыйбалары бар болсо.
  • Сайт жөнүндө маалыматтарды изилдеңиз. Сайтты башкарган уюмду изилдеңиз же бул сайт менен башка адамдардын тажрыйбалары тууралуу билдирүүлөр карап чыгыңыз.
  • Браузериңиздеги дарек тилкесин текшериңиз. Кээ бир зыяндуу вебсайттар башка белгилүү сайттарга окшош багытталган, бирок сиздеги дарек чыныгы сайтты көрсөтүшү керек. Эгер сиз ал сайтта узак убакыт болбосоңуз, ал шектүү болот.
  • Карап көрүңүз диагностикалык Google Коопсуз Серепчи сайтында. Көчүрүп жана диагностикалык беттеги издөө сайттындагы URL коюңуз, андан кийин издөө кнопкасын басыңыз. Бул сайт коопсуздук отчетун көрсөтөт.
    Google Коопсуз  Серепчи

/en/tr_ky-internet-safety/-shopping/content/