/en/tr_ky-excel-2016/-multiple-worksheets/content/
Excel'де көп маалымат менен иштегенде белгилүү бир маалымат табууга кыйын жана табыш үчүн көп убакыт талап кылынышы мүмкүн. Сиз иш-китептин ичинде маалымат табуу үчүн Табуу функциясын колдонсоңуз болот, ал функция менен мазмунга Алмаштыруу функциясы менен өзгөртүүлөрдү киргизе аласыз.
Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.
Табуу жана алмаштырууну колдонуу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Биздин мисалда, биз бул тизмеде белгилүү бир бөлүмдү табуу үчүн Табуу буйругун колдонобуз.
Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + F басуу менен Табуу буйругун иштете аласыз.
Көбүрөөк издөө жөндөөлөрүн көрүү үчүн Параметрлер функциясын чыкылдатыңыз.
Кээде, сиз иш-китебиңизде абдан көп жолу ката кетиргениңизди байкайсыз (Мисалы бирөөнүн атын туура эмес жазгансыз) же бир сөз, фразаны башка менен алмаштырышыңыз керек болот. Сиз Excel'дин Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, тез кайра карап чыксаңыз болот. Биздин мисалда, биз Табуу жана Алмаштыруу функциясын колдонуп, бөлүм аттарын оңдоп чыгабыз.
Диалог кутусу пайда болот, алмашытыруулардын санын көрсөтөт. Улантуу үчүн ОК басыңыз.
Тандалган уяча мазмуну алмаштырылат.
Жалпысынан алганда, Барын алмаштырууну этият колдонуш керек, анткени ал барын алмаштырып салат, сиз каалабаган нерсени да алмашытырп коюшу ыктымал. Эгерде сиз бул функцияны колдонсоңуз өзүңүзгө ишенишиңиз керек.
/en/tr_ky-excel-2016/-checking-spelling/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.