Excel 2016 Негиздери: Көптөгөн иш-барактары менен иштөө (Multiple Worksheets)

Lesson 9: Көптөгөн иш-барактары менен иштөө (Multiple Worksheets)

/en/tr_ky-excel-2016/-number-formats/content/

Көптөгөн иш-барактары менен иштөө

Ар бир иш-китебинде демейки боюнча, жок дегенде, бир иш-барагы бар. Ири өлчөмдөгү маалыматтар менен иштөөдө сиз иш-китебиңизди уюштуруш үчүн, жана ичиндеги мазмунду табыш оңой болушу үчүн бир нечн иш-баракчаларын түзүп коюу туура болот. Сиз ошондой эле иш-баракчаларын тез маалыматты бир учурда киргизиш үчүн топтоп койсоңуз болот.

Кошумча: Биздинпрактикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Бир нече иш-баракчаларын колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Жаңы иш-баракчасын кыстаруу үчүн:

  1. Excel терезесинин төмөнкү-оң бурчундагы Жаңы баракча баскычын таап, тандаңыз.
    жаңы иш-барагын кошуу
  2. Жаңы бош иш-барагы пайда болот.

    жаңы, бош иш барагы иш-китебине кошулду

Алдын ала, сиз Excel'де түзгөн иш-китебиңиз бир иш-барагын камтыйт, анын аты Sheet1. Демейки иш-барактарынын санын өзгөртөм десеңиз, Экрандын арткы көрүнүшүнө барып, Параметрлер, анан каалаган иш-барактын санын тандаңыз.

Иш-барагын көчүрүү үчүн:

Эгер бир иш-барактын мазмунун башка иш-барагына көчүрөм десеңиз, Excel ага жол берет.

  1. Сиз көчүргүңүз келген иш-баракты оң баскыч менен чыкылдатыңыз, анан иш-баракчасы менюсунан Жылдыруу же Көчүрүү буйругун тандаңыз.
    Жылдыруу же Көчүрүү буйругу
  2. Көчүрүү же жылдыруу диалог кутучасы пайда болот. Баракча кайда болоорун тандаңыз Биздин мисалда, биз оң жагындагы баракчаны тандайбыз.
  3. Көчүрмөсүн түзүү кутуну белгилеп, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
    диалог кутусунда иш-баракты көчүрүү параметрлерин тандоо
  4. Иш барагы көчүрүлөт. Бул түпнуска аталышын жана версия номурун да камтыйт. Биздин мисалда, биз Ноябрь иш-барагын көчүрдүк, эми биздин иш барагыбыз Ноябрь (2) атка ээ болду. Ноябрь барагынан бардык мазмун жаңы баракчага көчүрүлдү.
    Көчүрүлгөн иш-барагы

Ошондой эле сиз иш-барагын такыр башка иш-китепке көчүрө аласыз. Сиз каалаган ачык иш-китебин тандай аласыз.

Иш-китебинин атын өзгөртүү үчүн:

  1. Сиз каалаган иш-барагын оң баскыч менен чыкылдатыңыз, анан иш-барак менюсунан Атын Өзгөртүү буйругун тандаңыз.
    Иш-барак атын өзгөртүү параметрин тандоо
  2. Каалаган аталышты териңиз.
  3. Иш-баракчасы өтмөгүнөн тышкары каалаган жерди чыкылдатыңыз. Иш барагынын аталышы өзгөрөт.
    Аты өзгөртүлгөн иш-барагы

Иш-барагын жылдырыш үчүн:

  1. Иш барагын чыкылдатып, каалаган жерге жылдырыңыз.
    Иш-барагын жылдыруу
  2. Чычканды бошоткула. Иш-барагы жылат.
    Жылган иш-барагы

Иш-барагынын түсүн өзгөртүү үчүн:

  1. Каалаган иш-баракты оң баскыч менен чыкылдатып, Түс өтмөгүнө курсорду алып баргыла. Түс менюсу пайда болот.
  2. Керектүү түстү тандаңыз.
    Иш-барак түсүн тандоо
  3. Иш-барак түсү өзгөрөт.
    колдонулуучу иш-барак түсү

Иш-барактын түсү иш-барагы ачык учурда көп байкалбайт. Башка иш-барагын тандап, иш-барагы тандалбай турганда кандай көрүнөөрүн баамдаңыз.

Иш-барак түсү тандалбай турганда жакшы көрүнөт

Иш-барагын жок кылуу үчүн:

  1. Сиз жок кылгыңыз келген иш-баракчаны оң баскыч менен чыкылдатыңыз, чыккан менюдан Delete тандаңыз.
    бош иштөө барагын  жок кылуу
  2. Иш барагы сиздин иш-китепчеден жок кылынат.
    бош иштөө барагын жок кылгандан кийинки иш китеби

Эгер кээ бир иш-баракчалардын жок болуп кетүүсүнүн алдын алам десеңиз, анда каалган иш-баракчаны оң баскыч менен чыкылдатып, ачылган менюдан Кагазды коргоону тандасаңыз болот.

Иш-барактарын топтоо жана топтон чыгаруу

Сиз ар бир иш-барагы менен өз-өзүнчө иштей аласыз, же бир эле учурда бир нече иш барагы менен иштей аласыз. Иш-барактары топко бирге чогултулушу мүмкүн. Топтогу бир иш-баракта болгон өзгөрүү топтогу ар бир иш-барагында да болот.

Иш барактарын топтоо үчүн.

  1. Иш-барактар тобуна кошкуңуз келген биринчи иш-баракты тандаңыз.
    Топтогу биринчи иш-барагын тандоо
  2. Баскычтоптон Ctrl баскычын басып, кармап туруңуз. Топто каалаган кийинки иш-барагын тандаңыз.
    Топко иш-барагын кошуу
  3. Каалаган иш-барактарын тандай бергиле, анан Ctrl баскычын коё бериңиз Иш-барактары эми топтошту.
    топтоштурулган иш-барактары

Иш-барактары топтоштурулуп жатканда, топтун ичиндеги каалагн иш-барагына чабыттасаңыз болот. Бир иш-барагына болгон өзгөрүү топтогу ар бир иш-баракта пайда болот. Бирок топтогу эмес иш-барагын тандасаңыз, бардык иш-баракатрыңар топтон чыгып калат.

Иш-барактарын топтон чыгаруу үчүн:

  1. Топтогу иш-барагын оң баскыч менен чыкылдатып, анан иш-барак менюсунан Барактарды топтон чыгаруу буйругун басыңыз.
    Иш-барактарын топтон чыгаруу
  2. Иш-барактары топтон чыгат. Ошондой эле топко кирбеген иш-барагын басып койсоңуз болот.
    Топтон чыгарылган иш-барактары

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Жаңы иш-барагын кошуңуз, же аны Q1 Жыйынтык деп атын өзгөртүңүз.
  3. Чыгымдар Жыйынтыгы иш-барагын эң оң жакка жылдырыңыз, анан Q1 Жыйынтыгын Март менен Апрелдин ортосуна жылдырыңыз.
  4. Чыгымдар жыйынтыгы иш-барагын көчүрүпкоюңуз. Жөн гана иш-барак мазмунун көчүрүп, жаңы иш-барагына коюп койбоңуз.
  5. Январь өтмөгүнүн өңүн көк кылыңыз жана Февралдыкын кызыл кылыңыз.
  6. Сентябрь, Октябрь, Ноябрь иш-барактарын топтоңуз.
  7. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Бир нече иш-барактары

/en/tr_ky-excel-2016/-find-replace/content/