Excel 2016 Негиздери: Дайындар менен иштөөнүн негизги кеңештери (Basic Tips for Working with Data)

Lesson 17: Дайындар менен иштөөнүн негизги кеңештери (Basic Tips for Working with Data)

/en/tr_ky-excel-2016/-functions/content/

Дайындар менен иштөөнүн негизги кеңештери

Excel иш китептери көп маалыматтарды сактоо үчүн иштелип чыккан. 20 уячабы же 20000 уяча менен иштеп жатсаңыз да, Excel сиздин дайындарды уюштурууда жана сизге керек нерселерди табууга жардам берүү үчүн бир катар өзгөчөлүктөргө ээ. Төмөндө эң пайдалуу функцияларды көрө аласыз. Ал эми бул өзгөчөлүктөрдүн ар бирине этап-этабы менен көрсөтмөлөрдү алуу үчүн бул үйрөтмөдөгү башка сабактарды карап чыксаңыз болот.

Катарларды жана тилкелерди тоңдуруу

Сиз, айрым бир катарларды же тилкелерди ар дайым сиздин иш барагыңызда, өзгөчө баш аты менен болушун каалайсыз. Бир орунда катар же тилке тоңдуруу менен, тоңдурулган уячаларды карап жатканда мазмун аркылуу жылдыра аласыз. Бул мисалда, башкы эки катарды тоңдурганбыз, бул биз бөлүштүрүү барагын кайда жылдырсак дагы дайындарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Катарларды тоңдуруу

Дайындарды сорттоо

Сиз тез арада иштөө барагын кайра түзүшүңүз мүмкүн дайындарды сорттоо . Мазмун алфавит тартибинде, цифралардын жардамы менен, жана көптөгөн башка жолдор менен сорттолот. Мисалы, аты жөнү менен байланыш маалыматтардын тизмесин уюштура аласыз.

алфавит тартиби менен иш барагын сорттоо

Дайындарды чыпкалоо

Чыпкалар иш барагыңыздагы маалыматтарды тарытуу үчүн колдонулат жана сизге керек маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул мисалда, биз иш барагын чыпкалап, В тилкедеги ноутбук же проектор деген сөздөрдөн турган катарларды гана көрсөтөбүз.

чыпканы колдонуу

Дайындарды корутундулоо

Орто-аралык сумма өзгөчөлүгү сизге тез дайындарды корутундулоого мүмкүнчүлүк берет. Биздин мисалда, биз орто-аралык сумманы ар бир футболканын өлчөмү үчүн түздүү менен бизге ар бир өлчөмгө канча керек экенин жеңилдетип берет.

орто аралык сумма жана топтор

Дайындарды жадыбал сыяктуу форматтоо

Үзгүлтүксүз форматтоо сыяктуу эле, жадыбалдар иш- китепчеңиздин көрүнүшүн жана сезилишин жакшырта алышы мүмкүн, ошондой эле алар дагы сиздин мазмунду уюштуруга жардам берет, жана дайындарыңызды колдонууну жеңилдетет.. Мисалы, жадыбалдар камтылган сорттоо жана чыпкалоо параметрлеринен турат. Excel, ошондой эле бир нече алдыртан аныкталган жадыбал стилдерин камтыйт жана алар жадыбалдарды тез түзгөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Excel жадыбал катары форматталган дайындар

Дайындарды диаграммалар менен элестетүү

Дайындар көп камтылган Excel иш китептерин чечмелөө кыйын болушу мүмкүн. Диаграммалар иш китептеги дайындоолорду графикалык түрдө карап көрүүгө мүмкүнчүлүк берет, салыштыруулар жана багыттарды элестетүүнү оңойлотот.

 иш барагына киргизилген диаграмма

Шарттуу форматтоону кошуу

Сизде миңдеген дайындардын катарлары менен иш-баракча бар дейли. Бул чийки маалыматтарды текшерүү үчүн графикалык ачкыч жана тренддерди көрүү өтө эле кыйын болуп калышы мүмкүн. Шарттуу форматтоо автоматтык түрдө уяча форматтоону колдонууга түстөр, сүрөттөр жана дайындар тилкелери бир же андан көп уячалардын негизинде уяча мааниге мүмкүндүк берет.

шарттуу форматтоо уячалар аралыгында колдонулат

Табуу жана ордуна коюуну колдонуу

Көп маалыматтар менен иштеп жатканда, белгилүү бир маалымат жайгаштыруу кыйын болот жана убакытты талап кылат. Сиз иш китепчеңиз менен оңой эле изилдөө жүргүзсөңүз болот Функцияны табууну колдонуп бул мүмкүнчүлүктү алмаштыруу аркылуу мазмунду өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн берет.

функцияны табуу жана ордуна коюуну колдонуу

/en/tr_ky-excel-2016/-freezing-panes/content/