Компьютер негиздери: Компьютериңизди коргоо (Protecting)

Lesson 17: Компьютериңизди коргоо (Protecting)

/en/tr_ky-computer-basics/-clean-computer/content/

Компьютериңизди коргоо

Сиздин компьютер көптөгөн кыйынчылктарга дуушар болот, мисалы вирустар, зыянкес программалар жана катуу дисктин иштебей калышы. Ошондуктан компьютериңизди жана файлдарыңызды колуңуздан келишинче коргоңуз.


Компьютериңизди вирустан кантип сактоо керек жана файдарыңыздын камдык көчүрмөсүн кантип сактоо керектигин төмөнкү видеодон көрүңүз.

Зыянкеч программалардан сактоо

Malware -бул сиздин компьютерге зыян келтирген же жеке маалыматыңызга уруксаты жок мүмкүндүк алган ар кандай зыянкеч программалар. Ал өзүнө вирустарды, компьютер курттарын, троян аттарын жана тыңчы программаларды камтыйт. Көпчүлүк зыяндуу программалар интернет аркылуу таркатылат жана башка программалык камсыздоо менен чогуу келет.

Malware зыянкеч программасынан сактануунун жолу- бул BitDefender , Norton , же Kaspersky сыяктуу антивирус программаларын орнотуу. Антивирус программасы malware программаларынын орнотулуп калышынын алдын алат жана ал зыянкеч программаларды компьютериңизден чыгарып салат.

антивирус программасы

Сиз интернет же электрондук почта колдонуп жатканда этият болуңуз. Эгерде вебсайт же электрондук почта тиркелген файл шектүү көрүнсө, ички туюмуңарга ишенгиле, аларды ачпагыла. Сиздин антивирус программаңар ар бир нерсенин алдын ала албайт, ошондуктан зыянкеч программаларды камтыган нерселерди көчүрүп алуудан оолак болуңуз.

Биздин Интернет коопсуздугу үйрөткүчүбүздөн зыянкеч программалардан оолак болуу сабагыбызды көрүп, компьютериңизди зыянкеч программадан коргогонду үйрөнүңүз.

Компьютериңиздин камдык көчүрмөлөрүн сактаңыз

Сиздин компьютер күтүлбөгөн жерден токтоп калса, эмне болорун элестетип көргүлө. Кандайдыр бир маанилүү документтерди, сүрөттөрдү же башка материалдары жоготосузбу? Компьютериңизди балким оңдой аласыз, бирок файлдарыңыз биротоло жоголуп кетиши мүмкүн. Бактыга жараша, сиз тышкы катуу дискке же онлайн камдык кызматына документтердин (же жөн гана маанилүүлөрүн) бүт камдык көчүрмөлөрүн сактоо жолу менен алдын аласыз.

Тышкы катуу дисктер

сырткы катуу диски

Сиз тышкы дискти сатып алып ага компьютериңиздин мазмунун көчүрүп койсоңуз болот. Алгачкы камдык көөчүрмөнү сактоо бир нече саатка созулушу мүмкүн, ошондуктан сиз ал компьютерге иштебей турган убакытта жасоо керек. Адатта, камдык көчүрмөнү түнкүгө калтырып койгон жакшы иштейт. Кийинки камдык көчүрмөлөр үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек, бирок, алар узакка созулбайт.

Бир кемчилиги тышкы дискиңиз жоголуп, уурдалып же бузулуп калышы мүмкүн, дал компьютердей. Ошондуктан дискиңизди коопсуз жерде сактаганыңыз оң.

Онлайн камдык көчүрмө сактоо кызматтары

Ошондой эле, сиз Mozy , Carbonite , же Box сыяктуу онлайн камдык көчүрмө сактоо кызматтарына файлдарыңызды сактасаңыз болот. Бул кызматтар сиздин файлдарды булутта сактайт, жана интернетке кирген компьютериңиз аркылуу ал файлдарды тез эле калыбына келтирип аласыздар. Бул сайттарда каралган сактоо көлөмү ар кандай, ири көлөм алуу үчүн төлөп калышыңар мүмкүн.

Онлайн камдык көчүрмөсүн сактоонун бир кемчилиги - алгачкы сактоо абдан жай болуп, балким ьир нече күн талап кылышы мүмкүн, өзгөчө сизде файлдар көп болсо. Бирок, кийинки көчүрмөлөр тез болуп турат.

Башка техникалык тейлөөлөр

Компьютериңиздин туруктуу жакшы иштеп туруусу үчүн, файл жана папкаларды туура ирети менен сактоо маанилүү. Ыпыр же уюшулбаган папкалар аркылуу сиз үчүн зарыл болгон документти табуу кыйын болот. Мындан тышкары, кереги жок файлдар катуу дискиңизди толтуруп салат, жана сиздин компьютер жайыраак иштеп калат. Бул жерде сизге кереги жок файлдарды жок кылуу үчүн жана компьютериңиздин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кеңештерди сунуштайбыз.

  • Файлдарды жок кылуу:Эгерде сизге кереги жок файлдар бар болсо, кол менен аларды жок кыла аласыз. Бул үчүн, таштанды кутусуна алып барып таштаңыз жана аларды биротоло жок кылуу үчүн кутуну бошотуп салыңыз.
  • Диск дефрагментациясын иштетүү: Windows көзөмөлдөө панелинде Диск деврагменатору бар. Сиздин компьютер жай иштеп жаткан болсо, диск дефрагментациясын иштетсеңиз, ал компьютерди тездетүүгө жардам берет.
    диск дефрагментациясын иштетүү
  • Дискти тазалоо программасын иштетиңиз: Windows көзөмөлдөө панелинде Disc Cleanup программасы бар. Ал компьютериңизди скандап, убактылуу, кереги жок файлдарды жок кылат. Катуу дискти бошотуу үчүн, кереги жок файлдарды жок кылсаңыз болот.
    Дискти тазалоо куралын колдонуу

/en/tr_ky-computer-basics/-safe-workspace/content/