Компьютерде иштөө негиздери: Каталарыңызды оңдоо (Undo)

Lesson 3: Каталарыңызды оңдоо (Undo)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-builtin/content/

Каталарды оңдоо

Сиз компьютерде иштеп жатып чоң ката кетирип, ал катанын кетпесин кааладыңыз беле? Кабатыр болбоңуз, жардам бере ала турган функция бар.

Программалардын көбүндө "Кайтаруу" (Undo) функциясы бар. Ал баскыч аркылуу долбоордогу акыркы аракетиңизге кайтып келсеңих болот. Акыркы өзгөртүүңүз -документке текст кошуу болсо, "кайтаруу" баскычы аны жок кылат. Акыркы өзгөртүүңүз - бир нерсени жок кылуу болсо, "Кайтаруу" баскычы аны калыбына келтирет. Бул кокусунан документтин үстүндө иштеп жатып, анын көп бөлүгүн бузуп алгандар үчүн ушундай функция бар экенин билүү - ишти жеңилдетет.

"Кайтаруу" функциясы адатта "Түзөтүү" (Edit) менюсунда турат.

"Түзөтүү" (Edit) менюсундагы "Кайтаруу"

Көптөгөн программалар, адатта "Кайтаруу" баскычын куралдар тилкесинде жайгаштырышат. Ал солду карап турган ийри жебе формасында болот, мисалы бул Google Документтердегидей.

"Кайтаруу" баскычы

Ctrl + Z (же Мак компьютерлердинде Command + Z) жокко чыгаруу үчүн жалпы баскыч болуп саналат.

Адатта, "Кайтаруу" функциясы бар программалар сиздин акыркы өзгөртүүңүз гана эмес, өзгөртүүлөрдүн топтомун көзөмөлдөп турат. Мисалы, эгер сиз документке сүрөт коюп,астына бир нерсе жазып жатсаңыз, "Кайтаруу" функциясын колдонуп жаңы жазылган текстти жок кылып койсоңуз болот. "Кайтаруу" функциясын экинчи жолу колдонсо - жүктөлгөн сүрөр эок болот. Бул программалар иштеп турган убактан берки гана аракеттерди эстутумуна сактайт. Сиз файлды жаап, кайра ачсаңыз - мурда киргизилген өзгөртүүлөрдү жок кыла албайсыз.

Көптөгөн программаларда "Кайталоо" функциясы бар, бул сиздин акыркы "Кайтарууңузду" жокко чыгарат. Эгер "Кайтаруу" функциясын колдонуп, бирок ал кереги жогун түшүнгөн соң "Кайталоо" функциясы аркылуу өзгөрүүнү жокко чыгара аласыз.

"Кайтаруу" функциясын көптөгөн программалар колдонушат, мисалы: текст процессорлору, сүрөт редакторлору, электрондук почта кызматтары, жана файл -башкаруу программалары. Бул компьютер программаларына таандык жалпы функция. "Кайтаруу" фунциясына сиз көнгөн соң жөнөкөй каталардан улам жумушуңузду үзгүлтүккө учуратуудан коркпой каласыз.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-extensions/content/