Word 2016 Негиздери: SmartArt графикасы

Lesson 27: SmartArt графикасы

/en/tr_ky-word-2016/-inspecting-documents/content/

SmartArt графикасы

SmartArt текстти гана колдонуунун ордуна сүрөттөр менен маалыматтардын баарлашканына мүмкүнчүлүк берет. Ар кандай ой-пикирлердин түрлөрүн колдонуу үчүн ар түрдүү тандоо стилдери бар.

SmartArt менен биргелешип иштешүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.

SmartArt графикасын киргизүү үчүн:

  1. SmartArt графикасы пайда болуусун каалаган слайдды тандаңыз
  2. Киргизүү өтмөгүнөн тартып, Иллюстрация топтун SmartArt буйругун тандаңыз.
    Киргизүү өтмөгүнөн SmartArt буйругун тандоо
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Сол жактагы категориясын тандап, каалаган SmartArt графикасын тандап, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
    SmartArt графикасын тандоо
  4. SmartArt графикасы учурдагы документте пайда болот.
    Киргизилген SmartArt

SmartArt графикасына текст кошуу үчүн:

  1. SmartArt диаграммасын тандаңыз Текст панели сол жакта пайда болот. Ал пайда болбосо, анда өчүрүп күйгүзүү үчүн SmartArt сол жагындагы кичинекей жебеге чыкылдатуу.
    текст панелин ачуу
  2. Текст панелинде ар бир окко жакын кийинки текстке кирүү Текст тийиштүү абалда пайда болот. Бул форманын ичине дал келиш үчүн дароо өлчөмүн өзгөртсө болот.
    Толтургучтан SmartArt графикасын кошуу

Ошондой эле, сиз каалаган форманы басып тексти, андан кийин терүү аркылуу текстти кошо аласыз. Бир нече формаларга текстти кошуу керек болсо, бул жакшы иштейт. Бирок, кыйла татаал SmartArt графикалары үчүн, текст панелинде иштөө тез жана жөнөкөй болот.

SmartArt формаларына түздөн-түз текст кошуу, текст панелинин ордуна

Кайра буйрутма берүү, кошуу, жана формаларды алып салуу үчүн:

Жаңы формаларды кошуу, өз тартиби менен өзгөртүү, атүгүл SmartArt графиктен формаларды алып салуу оңой болот. Сиз текст панелинде мунун баарын кыла аласыз, жана ал көп жактуу тизме менен схема түзүү сыяктуу болот. Көп жактуу тизмелер жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биздин сабакты Тизмелер карап чыгыңыз.

  • Форманы төмөндөтүү үчүн, каалаган чекитти тандап, андан кийин Өтмөк баскычын басыңыз. Чекит оң жакты көздөй жылат, жана форма бир дээңгелге ылдый түшөт.
    Текст тактасында форманы төмөндөтүү
  • Форманы жогоулатуу үчүн, каалаган чекитти тандап алып, Backspace баскычын басыңыз, (же + TAB Shift). Чекит сол жакка жылат, жана форма бир деңгээлде өйдө жылат.
    Форманы жогорулатуу
  • Жаңы форманы кошуу үчүн, каалаган чекиттен кийин, кыстаруу чекиттин коюп, анан Кирүүнү басыңыз. Текст панелинде бир жаңы чекит пайда болот жана графикада жаңы форма көрүнөт.
    Графикага форма кошуу
  • Форманы алып салуу үчүн, чекит алынып салынганга чейин Backspace басып кармоо керек. Андан кийин форма алынып салынат. Биздин мисалда, биз тексти жок бардык формаларды алып салабыз.
    SmartArt графикасынан пайдаланылбаган форманы алып салуу

Дизайн өтмөгүнөн SmartArt уюштуруу

Эгер SmartArt уюштуруу үчүн текст панелин колдонууну каалабасаңыз, анда Графика түзүү тобу боюнча Дизайн өтмөгүндөгү буйруктарды колдоно аласыз. Болгону сиз өзгөрткүңүз келген форманы тандап, анан каалаган буйрукту тандаңыз.

  • Жогорулатуу жана төмөндөтүү: бул буйруктарды форманы дээңгелдердин ортосунда өйдө же ылдый жылдырууга колдонуңуз.
    Жогорулатуу жана Төмөндөтүү буйруктары
  • Өйдө Жылдыруу жана Ылдый Жылдыруу: бир калыпта формалардын тартибин өзгөртүү үчүн бул буйруктарды колдонуңуз.
    Өйдө жылдыруу жана Ылдый жылдыруу буйруктары
  • Форманы Кошуу: Графикаңызга жаңы форма кошуу үчүн бул буйрукту колдонуңуз. Ошондой эле так жайгаштыруу параметрлер үчүн ылдый түшүү жебени чыкылдата аласыз.
    Ылдый түшүү менюдан форма кошуу буйругун чыкылдатуу

Биздин мисалда, биз иерархиялык калып менен графиканы уюштуруп келе жатабыз. Бардык SmartArt графикалары бул калыптын түрүнө колдонулбайт, бул буйруктар графикалык калыптарыңызга жараша (же баары эмес) ар кандай иштеши мүмкүн экенин унутпаңыз.

SmartArt ты ыңгайлаштыруу

SmartArt киргизгенден кийин, анын көрүнүшү жөнүндө өзгөртүүнү каалаган бир нече нерселер бар. SmartArt графиканы тандоо учурунда, Жасалга жана Формат өтмөктөрү Тасманын оң жагында пайда болот. Бул жерден, SmartArt графикасынын калыбына жана стилине кошуу оңой болот.

  • Бир нече SmartArt стилдери бар, алар SmartArt тын көрүнүшүн жана сезилишин тез өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Стилди өзгөртүү үчүн, SmartArt стилдер топтон каалаган стилди тандап алыңыз.
    SmartArt стилди тандаңыз
  • Сиз SmartArt ты колдонуу үчүн ар кандай түстүү схемалар болот. Түстөрдү өзгөртүү үчүн, Түстөр Өзгөртүү буйругун чыкылдатып, ылдый түшүү менюдан каалаган параметрди тандап алыңыз.
    SmartArt түстөрдү өзгөртүү
  • Ошондой эле ар бир форманы өз алдынча ыңгайлаштыра аласыз. Графикадан каалаган форманы тандап андан кийин Формат өтмөгүнөн каалаган вариантты тандаңыз.
    Жеке форманы ыңгайлаштыруу

SmartArt калыбын өзгөртүү үчүн:

Эгер сизге SmartArt графикасынын алкагында уюштурулган маалымат жакпай калса, анда аны ар дайым сиздин мазмунга ылайык кылып калыбын жакшылап өзгөртүүгө болот.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Калыптар тобундагы Көбүрөөк ылдый түшүү жебеге чыкылдатыңыз.
    Көбүрөөк ылдый түшүү жебени чыкылдатуу
  2. Керектүү калыпты тандаңыз, ал тургай, дагы көбүрөөк параметрлерди көрүү үчүн Көбүрөөк Калыптарды чыкылдатыңыз.
    Башка SmartArt калыбын тандоо
  3. Тандалган калып пайда болот.
    Жаңы SmartArt калыбы

Эгер жаңы калып түпнускадан өтө эле башкача болсо, бир нече тексттиңиз көрүнбөй калышы мүмкүн. Жаңы калып жөнүндөгү чечимге чейин, маанилүү маалымат жоголуп кетпес үчүн ынаныңыз жана кылдат текшериңиз.

Чакырык!

  1. Бош документти ачыңыз.
  2. Айлампа категориядан бир Негизги Айлампа SmartArt диаграммасын кыстаруу.
  3. Сааттын жебеси боюнча төмөнкү текстти киргизүү: Тыгыздашуу, Буулануу, Инфильтрация, Тундуруу, Жыйноо.
  4. Инфильтрация сөзүн камтыган форманы алып салуу.
  5. Бууланууну камтыган форманы тандап, жана Жыйноо жана Тыгыздашуунун ортосундагы форманы жылдыруу үчүн Ылдый Жылдыруу буйрукка эки жолу чыкылдатыңыз.
  6. Айлампага бөгөт коюу үчүн SmartArt Калыбын өзгөртүңүз.
  7. Сиздин тандоону катарга коюу үчүн SmartArt түсүн өзгөртүңүз.
  8. Күчтүү Эффект үчүн SmartArt Стилин өзгөртүү.
  9. Бүткөндөн кийин, слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    SmartArt Чакырыктары

/en/tr_ky-word-2016/-applying-styles/content/