Word 2016 Негиздери: Абзацтар жана Өтмөктөр (Indents & Tabs)

Lesson 7: Абзацтар жана Өтмөктөр (Indents & Tabs)

/en/tr_ky-word-2016/-find-replace/content/

Абзацтар жана Өтмөктөр

Абзацты коюу документиңизге структура кошот, жана маалыматты бөлүп көрсөтөт. Сиз жалгыз сызыкты же толугу менен абзацты жылдыргыңыз келсе, сиз өтмөкт тандагычты, түз сызгычты колдонуп өтмөк жана абзацтарды колдоно аласыз.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Абзацтар жана өтмөктөрдү колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Абзац коюу

Документтердин көптөгөн түрлөрүндө сиз абзацтын биринчи гана саптарына абзац колдонушуңуз мүмкүн. Бул абзацтарды бири-биринен ажыратып көрүүгө жардам берет.

Ошондой эле биринчи саптан башка саптын барына абзац койсо болот.

Tab баскычын колдонуу менен абзац коюу

Абзац коюунун тез жолу бул -Tab баскычын колдонуу. Бул 1/2 дюйм менен биринчи сап абзацты түзөт.

  1. Абзац койгуңуз келген жерге кыстаруу чекитин жайгаштырыңыз.
  2. Tab баскычын басыңыз Сызгычта сиз биринчи сап оңду көздөй 1/2 дюймга жылганын көрөсүз.
  3. Абзацтын биринчи сабына абзац коюлат.

Сиз сыгычты көрө албасаңыз, Көрүү өтмөгүн тандап, анан кутучаны белгилеңиз.

Абзац белгилери

Кээ бир учурларда, сиз абзацтарды көбүрөөк көзөмөлдөңүз келет. Word сиз каалаган жерге абзац белгилерин койгонго шарт түзөт.

Абзац белгилери горизонталдуу сызгычтын сол жагында жайгашкан, жана алар бир нече чегинүү параметрлерин камсыз кылат.

  • Биринчи сызык калтыруу белгиси: биринчи абзац сызыгын жөнгө салат
  • Абзац белгисин коюу: биринчи саптан тышкары ар бир параграфтагы ар бир сапты жөнгө салуу
  • Сол абзац белгиси биринчи сап абзацы жана абзац белгилерин бир убакта жылдырат. (Бул абзацтагы бардык саптарды түзөтөт)

Чегинүү белгилерин колдонуп абзац коюу:

  1. Кыстаруу чекитин параграфтын каалаган жерине жайгаштырып, абзац коюуңуз же бир же бир нече параграфтарды тандаңыз.
  2. Чыкылдатып жана керектүү абзац белгисине сүйрөңүз. Биздин мисалда, биз сол абзац белгисин чыкылдатып, сүйрөйбүз.
  3. Чычканды бошоткула. Абзац белгиленип калат.

Абзац буйруктарын колдонуп, абзац коюу.

Эгер тексттеги бир нече саптарды бир учурда абзацтагыңыз келсе, сиз абзац буйруктарын колдоно аласыз. Абзац буйруктары абзацты 1/2-дюйм менен өзгөртөт.

  1. Абзац когуңуз келген текстти тандаңыз
  2. Башкы өтмөктөн Абзацты чоңойтуу, кичирейтүү буйругун чыкылдатыңыз.
  3. Текстке абзац коюлат.

Абзацты ыңгайлаштыруу үчүн, Жайгашуу өтмөгүн тандаңыз.

Өтмөктөр

Өтмөктөр сизге текстти жайгаштырууда көп мүмкүнчүлүк берет. Алдын ала, сиз Tab баскычын баскан сайын курсор 1/2 дюйм оңго жылат. Өтмөктү (Tab) кошконуңузда сызгыч иштебейт да, каалагандай кылып өзгөртө аласыз. Мисалы, сиз резюмеде башталышын сол жагына тегиздеп, аягын оң жакка тегиздей аласыз.

Tab баскычын басканда, абзац пайда болот же биринчи сапты тегиздей аласыз. Жалпысынан алганда, кыстаруу чекити абзацтын башында турса, ал биринчи сап чегинүүсүн түзөт. Антпесе ал абзацты түзөт.

Өтмөк тандагыч

Өтмөк тандагычы жогору сол жакта жайгашкан. Чычканды өтмөк тандагычтын үстүнө алып келип активдүү тикенин атын көрүңүз.

Өтмөк түрлөрү:

  • Сол өтмөгү текстти сол жакка тегиздейт.
  • Борбор өтмөгү текстти борборго карата тегиздейт.
  • Оң өтмөгү текстти оң жакка тегиздейт.
  • Ондук өтмөгү ондук сандады тегиздейт.
  • Бар өтмөгү документте тик сызык чийет
  • Биринчи сызык өтмөгү тексттеги бирнчи сапты тегиздейт
  • Илинген өтмөк биринчи саптан башка саптарды тегиздейт

Бар өтмөгү, биринчи сызык өтмөктөрү жана илинген өтмөктөр өтмөк тандагычта пайда болот.

Өтмөктөрдү кошуу үчүн

  1. Сиз өтмөк кошкуңуз келген параграфтарды тандаңыз. Эгер кандайдыр бир параграфты тандабасаңыз, өтмөк учурагы параграфка токтойт.
  2. Өтмөк тандагычты чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз оң өтмөктү тандап алабыз.
  3. Сиз горизонталдык сызгычтан орунду чыкылдатыңыз Сиз каалашыңарча өтмөк токтотмолорун кошо аласыз.
  4. Абзац койгуңуз келген тексттин астына кыстаруу чекитти коюңуз, андан соң Өтмөктү басыңыз. Текст кийинки өтмөк токтотмого чейин секирип кетет. Биздин мисалда, биз ар бир датаны өтмөк токтоткучуна чйеин жайгаштыруубуз керек.

Өтмөк токтотмолорун алып салуу

Эгер бул токтомлорду колдонбосоңуз, аларды алып салган жакшы. Алып салуу үчүн ошол токтомону колдонгон текстти тандаңыз. Анан аны чыкылдатып, сызгычты жылдырыңыз.

Word жашырылган символдорду да көрсөтөт, мисалы( ), абзац белгилери ( ), жана өтмөктөр ( ) документтеги форматтоолорду көрүүгө жардам берет. Жашырылган формат символдорун көрсөтүү үчүн, Башкы өтмөктү тандап, анан Көрсөтүү/жашыруу буйругун чыкылдатыңыз.


Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. Өтмөк ачкычын колдонуп тексттеги ар бир абзацка абзац коюңуз. I am exceedingly interested, While working toward, and Enclosed is a copy тексттери менен башталат.
  3. Бүткөндөн кийин, биринчи бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Абзацтар чакырыгы 1
  4. 2-бетке жылдырыңыз.
  5. 2-беттеги Training & Education текстинин астын тандаңыз.
  6. 6 "(15.25 см) туура өтмөктү жайгашытырыңыз.
  7. Курсоруңузду ар бир дата диапзонунун астына коюңуз Бул даталар буларды камтыйт: 2008, 1997-2001 жана 1995-1997.
  8. Ар бир тажрыйбаны тандап, аларды сол жакка тегиздеп, 0.25 "(50 мм) абзацка жылдыргыла.
  9. Сиз даяр болгондо, 1-бет ушул сыяктуу болушу керек:
    Абзацтар чакырыгы 2

/en/tr_ky-word-2016/-line-paragraph-spacing/content/