Word 2016 Негиздери: Гипершилтемелер (Hyperlinks)

Lesson 10: Гипершилтемелер (Hyperlinks)

/en/tr_ky-word-2016/-lists/content/

Гипершилтемелер

Гипершилтемени документке кошуу - тексттен түз сайтка же электрондук почтага мүмкүндүк берет. Сиздин документке гипершилтемени киргизүүнүн бир нече жолдору бар. Сиздин шилтеме кандай көрүнөөрүн каалаганыңызга жараша, Word'дун автоматтык шилтеме форматтоосу менен түзөтсөңүз болот.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Word'догу гипершилтемелер жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Word'до гипершилтемелерди түшүнүү

Гипершилтемелердин эки негизги бөлүктөрү бар: интернет дареги жана экран тексти. Мисалы, дарек https://www.youtube.com болушу мүмкүн жана YouTube экранда көрүнгөн текст болушу мүмкүн. Сиз Word аркылуу гипершилтемени түзүп жатсаңыз, сиз интернет дарегин да, экран текстин да тандай аласыз.

Word көп учурда электрондук почта жана интернет даректерин тааныйт, жана сиз Enter же аралык баскычты басканыңызда аларды автоматтык түрдө гипершилтеме катары тааныйт Төмөнкү сүрөттө сиз гипершилтемеленген интернет дарегин көрө аласыз.

Гипершилтемеленген интернет дареги

Word аркылуу гипершилтемени иштетүү үчүн, Ctrl баскычын басып, кармап жана гипершилтемени чыкылдатыңыз.

гипершилтемени текшерүү

Гипершилтемеси бар текстти форматтоо үчүн:

  1. Сиз гипершилтеме катары форматтоону каалаган текстти тандаңыз.
    Гипершилтеме үчүн текст тандоо
  2. Кыстаруу (Insert) өтмөгүнтандап, гипершилтеме буйругун тандаңыз.
    Гипершилтеме буйругун чыкылдатуу
    Тандалган текстти же сүрөттү оң баскыч менен чыкылдатып, Гипершилтемени чыкылдатыңыз.Ошондой эле сиз Кыстаруу өтмөгүнө кирип, Гипершилтеме буйругун бассаңыз болот.
  3. Гипершилтемени Кыстаруу диалог кутучасы ачылат.
  4. Текстти тандаган болсоңуз, сөздөр жогору жакта - экранга чыгуучу текст деп пайда болот. Сиз кааласаңыз, бул текстти өзгөртө аласыз.
  5. Дарек талаасына сиз каалган шилтемени жазыңыз.
    гипершилтеме түзүү
  6. Сиз тандаган текст же сүрөт интернет дарегине гипершилтеме болот.
    Даяр гипершилтеме

Сиз гипершилтемени түзгөндөн кийин, аны текшеришиңиз керек. Сиздин интернет браузер аны ачып жана шилтемеленген баракчага багыт алуусу керек. Эгер бул иштебесе, кандайдыр бир ката үчүн Гипершилтеме дарегин текшериңиз.

Гипершилтемелерди түзөтүү же алып салуу

Сиз гипершилтемени кыстаргандан кийин, гипершилтемени оң-чыкылдатып, түзөтүп, ачып, көчүрүп же алып сала аласыз.

гипершилтеме параметрлери

Гипершилтемени алып салуу үчүн, гипершилтемени оң баскычын чыкылдатып, пайда болгон менюдан гипершилемени алып салуу баскычын чыкылдатыңыз.

гипершилтемени алып салуу

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. 4-Бетке жылдырыңыз
  3. Community Reminders, деген текстке гипершилтеме бериңиз http://www.epa.gov/recycle .
  4. Гипершилтеменин иштээрин текшериңиз
  5. Parks and Recreation. тексттеринен гипершилтемени алып салыңыз.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин бет ушул сыяктуу болушу керек:
    гипершилтеме чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-page-layout/content/