Windows негиздери: Баскычтоп кыска жолдору деген эмне? (Shortcuts)

Lesson 8: Баскычтоп кыска жолдору деген эмне? (Shortcuts)

/en/tr_ky-windows-basics/-user-accounts/content/

Баскычтоп кыска жолдору деген эмне?

Видео: Баскычтоп кыска жолдору

"Баскычтоп кыска жолдору" видесун баштоо! Видео (3:03) Көрүү.Жардам керекпи?

Баскычтоп кыска жолдору бул ар кандай кызматтарды аткарыш үчүн болгон ачкычтар, же ачкычтардын комбинациясы. Баскычтоптун кыска жолдорун колдонуу чыканды колдонууга карганда тезирээк, анткени эки колуңузду тең баскычтоптон албай турасыз. Баскычтоп кыска жолдору универсалдуу болуп эсептелет, бир эле кыска жолдорду к\п башка программаларда колдонсо болот. Мисалы, сиз, баскычтоптун кыска жолдорун текст редакторунда жана интернет браузерде текстти көчүрүү жана коюу үчүн колдоно аласыз.

Кыска жолдорду колдонуу

Көптөгөн баскычтоптун кыска жолдору сизден белгилүү бир тартипте, эки же андан көп баскычтарын колдонууну талап кылат. Мисалы, кыска Ctrl + X аткаруу үчүн, Ctrl баскычын басып, аны кармап, анан X баскычын басып, андан кийин бошотуш керек.

Баскычтоптон кыска жолдорду аткарып жаткан адам

Сиз көп баскычтоптун кыска жолдорун аткаруу үчүн Ctrl (Control) же Alt баскычтарын колдоносуз. Сиз бул ачкычтарды баскычтобуңардын төмөнкү-сол бурчунан таба аласыз.

Компьютер баскычтобунун сол жагы

Текст менен иштөө

Бул баскычтоп кыска жолдору сиздин электрондук почта, текст жана башка программалар менен иштөөңүздө жардам берет. Алар, адатта кайра-кайра кайталанып туруучу буйркутарды аткарууга жардам берет. Мисалы, көчүрүү жана текстти оруна коюу.

  • Ctrl + X: тандалган текстти кесүү.
  • Ctrl + C: тандалган текстти көчүрүү.
  • Ctrl + V: көчүрүлгөн же кесилген текстти коюу.
  • Ctrl + A: баракчадагы же жигердүү терезедеги тексттин баарын тандоо.


    Microsoft Word скриншоту
  • Ctrl + B: тандалган текстти кара кылуу.
  • Ctrl + I: Тандалган текстти курсив кылуу
  • Ctrl + U: Тандалган тексттин астын сызуу

Файлдар жана колдонмолор менен иштөө

Сиз колдонмолорду ачуу, жабуу жана которуштуруу үчүн баскычтоп кыска жолдорун колдоно аласыз. Мисалы, Microsoft Word документ сыяктуу файл менен иштеп жатканда, кыска жолдор жаңы документ түзүү, сөздөрдү табуу, жана басып чыгаруу үчүн колдонулат.

  • Ctrl + Alt + Delete: жооп бербей калган же катып калган программаны күч менен жабуу. Бул кыска жол Тапшырма башкаргычын ачат. Сиз андан кийин жооп бербей жаткан программаны тандап, аны жаба аласыз.


    Тапшырма Башкаргычтын скриншоту
  • Delete: тандалган файл же файлдарды таштанды кутусуна жиберүү.
  • Enter: тандалган колдонмону же файлды ачуу.
  • Ctrl + N: бир жаңы файлды түзүү.
  • Ctrl + O: Учурдагы файлды ачуу.
  • Ctrl + S: учурдагы файлды сактоо.
  • Ctrl + Z: мурунку иш-аракеттерди жокко чыгаруу. Эгер иш-аракетти кайтаргыңыз келсе, Ctrl + Y баса аласыз.
  • Windows ачкычы: Старт менюсун (же Windows 8 Баштоо экранын) ачуу.


    PC баскычтобунун сүрөтү

Интернет кыска жолдору

Баскычтоп кыска жолдорун интернет браузерди чабыттоо үчүн колдонсо болот. Кыска жолдордун көпчүлүгү интернетте да пайдалуу, мисалы алар аркылуу текстти браузердин дарек тилкесине көчүрсө, тандаса, же койсо болот. Бул кыска жолдор сиз колдонуп жаткан интернет браузерлерге жараша бир аз башкача иштөөсү мүмкүн.

  • Ctrl + N: жаңы серепчи терезесин ачуу.
  • Ctrl + T: жаңы серепчи өтмөгүн ачуу.


    Google Chrome скриншоту
  • Ctrl + D: Учурдагы баракчаны кыстарып коюу.
  • Ctrl + B: кыстармаларды кароо.
  • Ctrl + J: Жакында жүктөлгөн файлдарды кароо.


    Firefox скриншоту

Менюларды башкаруу үчүн Alt баскычын колдонуу

Сиз Alt баскычын басканда, азыркы колдонмонун менюсундагы бардык мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Бул жөн гана сиздин баскычтоп менен дээрлик ар кандай тапшырманы аткара аласыз дегенди билдирет. Мисалы, сиз программаны жабуу үчүн Alt + F + X тере аласыз. Бул кыска жолдор аткарылып жатканда, Alt баскычын басып кармап туруунун кереги жок болуп калат.

Microsoft Word скриншоту

Көп баскычтоп кыска жолдорун кандай издөө керек

Көп колдонмолордо сиз баскычтоп кыска жолдорун менюдан таба аласыз. Кээ бир учурларда, анын кыска жолдорун көрүү үчүн курсорду баскычтын үстүнө алып келүү керек.

Firefox скриншоту Менюдагы кыска жолдор
Mircosoft Word скриншоту Кыска жолду көрүү үчүн баскычтын үстүнөн курсор менен көрүү

Сиз мындан да көп баскычтоп кыска жолдорун үйрөнгүңүз керек болсо бул сабакты биздин Технологияларды мыкты колдонуу үчүн кеңештерден карап көрүңүз.

/en/tr_ky-windows-basics/windows-applications/content/