Windows негиздери: Файлдар менен иштөө негиздери (Files)

Lesson 3: Файлдар менен иштөө негиздери (Files)

/en/tr_ky-windows-basics/windows-navigating/content/

Файлдар менен иштөө негиздери

Видео: Файлдар жана Папкалар менен иштөө

"Файл жана папкалар менен иштөө" видеосун иштетүү!

Компьютерди колдонууда файлдар жана папкалар менен иштөөнү түшүнүү -маанилүү деп саналат. Сиз документ жана папкалар кантип иштээрин түшүнгөндөн кийин, аларды ар дайым колдоно аласыз. Бул сабакта, биз сиздерге документ менен иштөөнүн негиздерин, ал документтерди кантип ачса болоорун, документтерди кантип папкаларга киргизсе болоорун жана документтерди кантип өчүрсө болоорун көрсөтүп беребиз.

Документ деген эмне?

Сиз колдоно алган документтердин ар кандай түрлөрү бар. Мисалы, Microsoft Word документтери, санарип сүрөттөр, музыка жана видеолор. Файлды бир санарип, аны менен компьютерде иштей ала турган нерсе катары элестетишиңиз мүмкүн. Ар кандай программалары колдонгонуңузда, сиз файлдарды көп көрүп, түзүп, же түзөтөсүз.

Файлдар адатта сүрөтчө менен белгиленет. Төмөндөгү сүрөттө таштанды кутусунун астында бир нече ар кандай файлдарды көрүп турасыз.

Windows 8 скриншоттору

Папка деген эмне?

Windows документтериңизди иреттеп уюштуруш үчүн папкаларды пайдаланат. Сиз чыныгы папканын ичине документтерди салгандай эле, файлдарды компьютердеги папкаларга сал аласыз. Төмөндөгү сүрөттө иш-тактада бир нече папкаларды көрүүгө болот.

Windows 8 скриншоттору

Windows Explorer (Изилдөөчү)

Сиз Windows Explorer (Изилдөөчү) (Windows 8-де File Explorer) деп аталган Windows'то камтылган программа аркылуу файлдарды окуп, файл жана папкаларды уюштура аласыз.

Windows Explorer'ди ачуу үчүн, иш панелинен Windows Explorer сүрөтчөсүн чыкылдатып, же иш-тактадагы бир папканы эки жолу чакылдатыңыз. Жаңы Windows Explorer терезеси пайда болот. Эми сиз файл жана папкалар менен иш баштоого даярсыз.

Windows 8 скриншоттору

Windows Explorer'ден папканы ачуу үчүн, аны эки жолу чакылдатыңыз. Сиз андан кийин ал папкада сакталган файлдардын баарын көрө аласыз.

Windows 8 скриншоттору

Папканын жайгашуу жерин сиздер терезенин жогору жагындагы дарек тилкесинен көрө аласыз.

Windows 8 скриншоттору

Файлды ачуу үчүн:

Файлды ачуу үчүн эки негизги жолу бар:

  • Компьютериңизден файлды таап, аны эки жолу чакылдатыңыз. Бул демейки колдонмодо файлды ачат. Биздин мисалда, Microsoft Word документин ачабыз (Chicago Trip Details.docx), ал Microsoft Word программасы аркылуу ачат.


    Windows 8 скриншоттору
  • Программаны ачыңыз, анан файлды ачуу үчүн программаны колдонуңуз. Программа ачылгандан кийин, терезенин жогору жагындагы File менюсуна барып, Ачуу менюсун тандай аласыз.


    Windows 8 скриншоттору

Файлдарды жылдыруу жана жок кылуу

Компьютерди колдонуп баштагандан кийин, сиз көп файлдарды чогулта баштайсыз, убакыт өткөн сайын сизге керектүү документти табуу кыйын болот. Бактыга жараша, Windows'то файлдарды башка папкаларга көчүрсөңүз, жана колдонбогон файлдарды жок кылсаңыз болот.

Файлды көчүрүш үчүн:

Бир жерден экинчи жерге файлды көчүрүү- жеңил. Мисалы, сиз иш-тактада файлыңыз бар дейли, ал файлды Документтен папкасына көчүргүңүз келип жатат дейли.

  1. Чыкылдатып, файлды каалаган жерге сүйрөп барыңыз.
    Windows 8 скриншоттору
  2. Чычканды бошоткула. Файл жаңы жерде пайда болот. Бул мисалда, файлдын жайгашкан жерин көрүү үчүн папканы ачтык.


    Windows 8 скриншоттору

Бул ыкманы колдонуп, бүтүндөй папканы көчүрсө болот. Папканы жылдырганда, анын ичиндеги файлдардын бары кошо жылаары эсиңизде болсун.

Жаңы папканы түзүү үчүн:

  1. Windows Explorer ичинде, Жаңы папка баскычын таап, тандаңыз.
    Windows 8 скриншоттору
  2. Жаңы папка пайда болот. Папкага керектүү атын терип, Enter баскычын басыңыз. Биздин мисалда, аны мектеп документтери деп атайбыз.
    Windows 8 скриншоттору
  3. Жаңы папка түзүлөт. Эми бул папкага файлдарды көчүрө аласыз.

Файл же папканын атын өзгөртүү үчүн:

Каалаган файл же папканын атын өзгөртө аласыз. Уникалдуу аты-жөнү болсо ал файл же папкада кандай маалымат бар экенин эстеп калууга жардам берет.

  1. Файлды же папканы чакылдатыңыз, бир секунд күтүңүз, кайра басыңыз. Түзөтүлүүчү текст талаасы пайда болот.
  2. Баскычтоптон каалаган атын терип, Enter баскычын басыңыз. Аты өзгөрөт.
    Windows 8 скриншоттору

Ошондой эле, чыкандын оң баскычын басып, менюдан "Атын өзгөртүү" баскычын тандай аласыз.

Windows 8 скриншоттору

Файл же папканы жок кылуу үчүн:

Эгер мындан ары файлды колдонбосоңуз, анда аны жок кыла аласыз. Эгер файлды жок кылсаңыз, ал Таштанды Кутусуна барып, жайгашат. Эгер оюңузду өзгөртсөңүз, анда сиз ал файлды таштанды кутусунан кайра мурунку жайгашкан жерине алып келе аласыз. Сиз биротоло файлды жок кылгыңыз келсе, Таштанды кутусун бошотушуңуз керек болот.

  1. Иш-тактадагы таштанды кутусунун сүрөтчөсүнө файлды сүйрөп барыңыз. Же болбосо, файлды тандап жана баскычтоптон "delete" баскычын баса аласыз.


    Windows 8 скриншоттору
  2. Файлды түбөлүккө жок кылуу үчүн, таштанды кутусунун сүрөтүн чычкандын оң баскычы аркылуу чакылдатып, Таштанды кутусун бошотуу баскычын тандоо керек. Таштанды кутусундагы бардык файлдар биротоло жок кылынат.


    Windows 8 скриншоттору

Папканы жок кылсаңыз, ошондой эле бул папканын ичиндеги файлдардын баары жок болоору эсиңизде болсун.

Бир нече документти тандоо

Эми сиз негиздерин билгениңизден кийин, файлдарды мындан да тез жылдырыш үчүн бир нече ыкма менен таанышып коюңуз.

Бир файлдан көбүрөөк тандаңыз

Бир эле учурда бир нече файлды тандоо үчүн ар кандай жолдору бар:

  • Файл сүрөтчөлөрүн караңыз, чычкандын жардамы менен кутуча тартыңыз. Бүткөндөн кийин, чычканды бошотуңуз; файлдар тандалып алынат. Сиз азыр бир эле учурда файлдарды жылдырып, көчүрмөсүн сактап же жок кыла аласыз.
    Windows 8 скриншоттору
  • Папканын ичинен кээ бир гана файлдарды сактайм десеңиз, баскычтоптон Control баскычын басып, анан каалаган файлдарды тандаңыз.


    Windows 8 скриншоттору
  • Папкадан файлдардын топторун тандаш үчүн, Shift баскычын басып туруп, биринчи файлды анан акыркы файлды чакылдатыңыз. Алгачкы жана акыркы жана анын ортосундагы файлдар тандалып алынат.
    Windows 8 скриншоттору

Бардыгын тандаңыз

Силер бир эле учурда папканын ичиндеги бардык файлдарды тандоо үчүн, Ctrl + A баскычын басыңыз (Ctrl баскычын басып туруп, анан "А" баскычын басыңыз). Папканын ичиндеги бардык файлдар тандалып калат.

Windows 8 скриншоттору

Ctrl + A бул баскычтопту колдонуудагы бир кыска жолдун мисалы- биз булар тууралуу Windows жана кыска жолдор сабагында кененирээк айтып беребиз.

Файлдар жана папкалар менен иштеген азыр бир аз кыйын сезилип жатса, кабатыр болбоңуз! Башка нерселердей эле, файлдар жана папкалар менен ишенимдүү иштөө үчүн негизинен практика керек. Компьютерди канча көп колдонуп баштасаңыз - ошончо өзүңүздү ишенимдүү сезип баштайсыз. Кийинки сабакта биз дагы бир маанилүү түшүнүк жөнүндө сүйлөшөбүз: сиз жеңил жайгаштыра ала албаган файлдарды компьютериңизден кантип табасыз?

Кыска жолдор

Эгер көп пайдаланылуучу файл же папкаңыз бар болсо, аларга тез жетиш үчүн иш-тактаңызда кыска жол түзүп койсоңуз болот. Ар бир колдонгон сайын файл же папканы чабыттап отургуча, алардын кыска жолун эки ирет чакылдатып, ачып алсаңыз болот. Кыска жолдун төмөнкү-сол бурчунда жайгашкан кичинекей жебе болот.

Кыска жол түзүү менен папканын көчүрмөсү түзүлбөйт. Ал тек гана тез кирүүнүн бир жолу. Эгер кыска жолду жок кылсаңыз, ал камтыган папканы өчүрө албайсыз. Ошондой эле флешкаңызга кыска жолду көчүрө албайсыз, көчүрүш үчүн файлдын жайгашкан жери таап, ошол жерден флешкага көчүрүшүңүз керек болот.

Кыска жол түзүү үчүн:

  1. Каалаган папканы таап, оң баскыч менен чакылдатыңыз, анан "Жөнөтүү" - "Иш-такта" дегенди басыңыз. оң-жебе (Кыска жол түзүү).
    Windows 8 скриншоттору
  2. Папкага болгон кыска жол иш-тактада пайда болот. Сүрөтчөнүн төмөнкү-сол бурчундагы жебени караңыз. Эми сиз каалаган убакта папканы ачуу үчүн кыска жолду эки ирет басып, ача аласыз.
    Windows 8 скриншоттору

Же болбосо, Alt баскычын басып, кыска жол түзүү үчүн иш-тактага сүйрөңүз.

/en/tr_ky-windows-basics/-finding-files/content/