Word 2016 Негиздери: Текст негиздери (Text Basics)

Lesson 4: Текст негиздери (Text Basics)

/en/tr_ky-word-2016/-saving-documents/content/

Текст негиздери

Сиз Microsoft Word'ду биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, сиз терүүнүн, түзөтүүнүн жана текстти уюштуруунун негиздерин үйрөнүшүңүз керек. Негизги тапшырмалар булар: документке текстти кошуп, жокко чыгарып, жылдырып жана кесип, көчүрүп жана ордуна коюу.

Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.

Текст менен иштөөнүн негиздери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Текстти кошуу үчүн кыстаруу чекитин колдонуу

Кыстаруу чекити бул документиңиздеги жанып турган тик сызык. Бул беттеги текстти кайсы жерге коюш керектигин көрсөтүп турат. Сиз ар кандай жолдор менен кыстаруу чекитин колдоно аласыз.

  • Бош Документ: Жаңы бир бош документ ачылганда, кыстаруу чекити беттин жогорку-сол бурчунда пайда болот. Сиз каалаган болсоңуз ошол жерден терип бштасаңыз болот.
    коюу жери
  • Боштуктарды кошуу: Аралыктарды баскычты басып бош орундарды сөздөн кийин же тексттин ортосуна кошуңуз.
    боштукту аралык баскыч менен кошуу
  • Жаңы абзац сабы: Баскычтоптон Enter басып, кыстаруу чекитти кийинки абзацка жылдырыңыз.
    Жаңы сап түзүү үчүн Enter басуу
  • Колго жайгаштыруу: Терип баштаганда, кыстаруу чекитин документтин каалаган жерине коё аласыз. Жөн гана каалаган жериңизди чыкылдатыңыз.
  • Кыстаруу үчүн жерге жылдыруу
  • Жебе баскычтары: Сиз ошондой эле кыстаруу чекитин жылдырыш үчүн баскычтоптон жебелер менен колдоно аласыз. Сол жана оң жебелер сап аркылуу жылдырат, ал эми ылдый өйдө жебелер параграф саптары аркылуу жылат. Ошондой эле, сиз тамга эмес сөздөр аркылуу жылдыруу үчүн Ctrl + солго же Ctrl + Оңго колдоно аласыз.

Бош документте, сиз чычкан аркылуу кыстаруу чекитин каалаган жерге коё аласыз.

Текстти тандоо

Текстти жылдырып, форматтоодон мурун, аны тандашыңыз керек. Бул үчүн, текстти чыкылдатып, сүйрөңүз. Баса белгиленген кутуча тандалган тексттин үстүнөн пайда болот.

текст тандоо

Сиз качан текст же сүрөттөрдү Word'до тандасаңыз, буйруктар тилкесине кыска жол пайда болот. Эгер куралдар тилкеси дароо пайда болбосо, чычканды тандалган тексттин үстүнө алып келиңиз.

Куралдар панелинин үстүнөн кармоо

Тексттин бир нече саптарын тандоо үчүн:

  1. Курсорду солго оңго караган курсор болгуча жылдырыңыз.
    Тексттин сол жагында курсорду кармоо
  2. Чычканды чыкылдатыңыз. Сап тандалып алынат.
    Сызык тандоо
  3. Бир нече саптарды тандоо үчүн, чыкылдатып, өйдө же ылдый чычкан менен сүйрөңүз. тексттин бир нече сызыктарын тандоо
  4. Документиңиздеги тексттин барын тандоо үчүн, Башкы өтмөктөн Тандоо буйругун тандап, Барын Тандооны чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + A баса аласыз.
    документтин бардык тексинт тандоо

Башка кыска жолдорду иштетүү үчүн кош чыкылдатуу керек, үч жолу чыкылдатса сүйлөм же параграфтын бары тандалып калат.

Текстти жок кылуу үчүн:

Текстти жок кылуунун бир нече жолдору бар:

  • Текстти сол жакты көйздөй жок кылуу үчүн баскычтоптон Backspace баскычын басыңыз.
  • Кыстаруу чекитинен текстти оң жакты көздөй жок кылуу үчүн Delete баскычын басыңыз.
  • Сиз жок кылганды каалаган текстти тандаңыз, анан Delete баскычын басыңыз.

Эгер текстти тандап туруп, дароо терип баштасаңыз тандалган текст жок болуп, сиз терген текст пайда болот.

Текстти көчүрүү жана жылдыруу

Word сизге документтеги текстти көчүрүүгө жана башка жерлерге коюга мүмкүндүк берет. Эгер документтеги тексти ар кайсы жерге жылдырам десеңиз, сиз аны кесип алып, кайра ордуна коё аласыз.

Текстти көчүрүү жана ордуна коюу үчүн:

  1. Сиз көчүргүңүз келген текстти тандаңыз.
    Текстти көчүрүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн көчүрүү буйругун чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + C баса аласыз.
    Көчүрүү буйругун чыкылдатуу
  3. Кыстаруу чекитти текст коюлчу жерге коюңуз.
    Көчүрүлгөн текст пайда болоорун тандоо
  4. Башкы өтмөктөгү Ордуна коюу буйругун чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + V баса аласыз.
    Ордуна коюу буйругун чыкылдатуу
  5. Текст пайда болот.
    жаңы жерге чапталган текст

Текстти кесүү жана ордуна коюу үчүн:

  1. Кесүүнү каалаган текстти тандаңыз.
    текстти кесүү үчүн тандоо
  2. Башкы өтмөктөн кесүү буйругун чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + X баса аласыз.
    кесүү буйругун чыкылдатуу
  3. Тексттин каалган жерине кыстрауу чекитин коюңуз.
    кесилген текстти коюуга орун тандоо
  4. Башкы өтмөктөн ордуна коюу буйругун чыкылдатыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + V баса аласыз.
    Ордуна коюу буйругун чыкылдатуу
  5. Текст пайда болот.
    Кесилген текст жаңы жерге коюлду.

Ошондой эле сиз оң-чыкылдатуу менен кесип, көчүрүп, жана ордуна коё аласыз. Бул ыкманы колдонсоңуз сизге ордуна коюнун үч варианты берилет: Формат булагын калтыруу, Форматтоону бириктирүү, жана Текстти гана калтыруу. Сиз тандаганга чейин курсорду алып келсеңер, алар кандай көрүнөөрүн билсеңиз болот.

Текстти сүйрөп ордуна коюу үчүн

  1. Сиз каалаган текстти тандаңыз
    жылдыруу үчүн текст тандоо
  2. Текстти чыкылдатып, аны каалган жериңизге коюуңуз. Кичинекей тик бурчтук пайда болот, ал текстти жылдырып жатканыңыздын белгиси.
  3. Чычканды бошотуңуз, жана текст пайда болот.
    көчүрүлгөн текст

Эгер сиз каалаган жерге текст пайда болбосо, сиз баскычтоптон Enter баскычын басып, текстти башка сапка көчүрөсүз.

Жокко чыгаруу жана кайталоо

Сиз документ менен иштеп жатасыз дейли жана кокустан бир текстти өчүрүп алдыңыз. Бактыга жараша, сиз өчүрүп алган тексттин барын кайра терүүнүн кажети жок. Word ушул сыяктуу бир нерсени туура эмес кылып алсаңыз, аны кайра калыбына келитре алат.

Бул үчүн, Тез Табуу Куралдар тилкесинен Жокко Чыгаруу буйругун басыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + Z баса аласыз. Сиз бул буйрукту катары менен колдонуп, бир нече операция кыла аласыз.

Жокко чыгаруу буйругун колдонуу

Ал эми, кайталоо буйругу жокко чыгаруунун тескериси. Сиз баскычтоптон Ctrl + Y басуу менен бул буйрукту иштете аласыз.

Кайталоо буйругун чыкылдатуу

Символдор

Эгер, сиз баскычтопто жок өзгөчө тамганы терейин деп жатсаңыз, мисалы соода белгиси же көчүрүү укук белгиси, анда ал символдорду Символдор ьбуйругунан таба аласыз.

Символду кыстаруу үчүн:

  1. Сиз символду койчу жерге кыстаруу чекитин коюңуз.
    Символ кайда пайда болоорун тандоо
  2. Кыстаруу өтмөгүн чыкылдатуу
    Кыстаруу өтмөгүнө багыттоо
  3. Символдор буйругун тандаңыз, жана менюдан каалаган символду тандаңыз. Эгер сиз каалаганы көрүнбөй жатса, көбүрөөк символдорду тандаңыз.
    символду кыстаруу
  4. Документте символ пайда болот.
    кыстарылган символ

Чакырык!

  1. Биздин практика документибизди ачыңыз.
  2. 2-бетке жылдырыңыз.
  3. Кыстаруу чекитин документтин жогору жагына коюңуз жана Now Introducing деп жазыңыз.
  4. Жебелерди колдонуп, Signature Detail Plan's price алып барып, аны $99.99/mo кылып өзгөртүңүз.
  5. Документтин ылдый жагында Just leave the details to us текстин акыркы сапка жылдырыңыз.
  6. Сиз жылдырган саптын аягына сообда белгиси символун коюңуз. Эгер соода белгиси табылбаса, анда сиз тандаган башка белгини кошуңуз.
  7. Бүткөндөн кийин, сиздин документ ушул сыяктуу болушу керек:

    Текст негиздери чакырыктары

/en/tr_ky-word-2016/-formatting-text/content/