/en/tr_ky-word-2016/-saving-documents/content/
Сиз Microsoft Word'ду биринчи жолу колдонуп жатсаңыз, сиз терүүнүн, түзөтүүнүн жана текстти уюштуруунун негиздерин үйрөнүшүңүз керек. Негизги тапшырмалар булар: документке текстти кошуп, жокко чыгарып, жылдырып жана кесип, көчүрүп жана ордуна коюу.
Кошумча: Биздин практика документибизди көчүрүп алыңыз.
Текст менен иштөөнүн негиздери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Кыстаруу чекити бул документиңиздеги жанып турган тик сызык. Бул беттеги текстти кайсы жерге коюш керектигин көрсөтүп турат. Сиз ар кандай жолдор менен кыстаруу чекитин колдоно аласыз.
Бош документте, сиз чычкан аркылуу кыстаруу чекитин каалаган жерге коё аласыз.
Текстти жылдырып, форматтоодон мурун, аны тандашыңыз керек. Бул үчүн, текстти чыкылдатып, сүйрөңүз. Баса белгиленген кутуча тандалган тексттин үстүнөн пайда болот.
Сиз качан текст же сүрөттөрдү Word'до тандасаңыз, буйруктар тилкесине кыска жол пайда болот. Эгер куралдар тилкеси дароо пайда болбосо, чычканды тандалган тексттин үстүнө алып келиңиз.
Башка кыска жолдорду иштетүү үчүн кош чыкылдатуу керек, үч жолу чыкылдатса сүйлөм же параграфтын бары тандалып калат.
Текстти жок кылуунун бир нече жолдору бар:
Эгер текстти тандап туруп, дароо терип баштасаңыз тандалган текст жок болуп, сиз терген текст пайда болот.
Word сизге документтеги текстти көчүрүүгө жана башка жерлерге коюга мүмкүндүк берет. Эгер документтеги тексти ар кайсы жерге жылдырам десеңиз, сиз аны кесип алып, кайра ордуна коё аласыз.
Ошондой эле сиз оң-чыкылдатуу менен кесип, көчүрүп, жана ордуна коё аласыз. Бул ыкманы колдонсоңуз сизге ордуна коюнун үч варианты берилет: Формат булагын калтыруу, Форматтоону бириктирүү, жана Текстти гана калтыруу. Сиз тандаганга чейин курсорду алып келсеңер, алар кандай көрүнөөрүн билсеңиз болот.
Эгер сиз каалаган жерге текст пайда болбосо, сиз баскычтоптон Enter баскычын басып, текстти башка сапка көчүрөсүз.
Сиз документ менен иштеп жатасыз дейли жана кокустан бир текстти өчүрүп алдыңыз. Бактыга жараша, сиз өчүрүп алган тексттин барын кайра терүүнүн кажети жок. Word ушул сыяктуу бир нерсени туура эмес кылып алсаңыз, аны кайра калыбына келитре алат.
Бул үчүн, Тез Табуу Куралдар тилкесинен Жокко Чыгаруу буйругун басыңыз. Сиз ошондой эле баскычтоптон Ctrl + Z баса аласыз. Сиз бул буйрукту катары менен колдонуп, бир нече операция кыла аласыз.
Ал эми, кайталоо буйругу жокко чыгаруунун тескериси. Сиз баскычтоптон Ctrl + Y басуу менен бул буйрукту иштете аласыз.
Эгер, сиз баскычтопто жок өзгөчө тамганы терейин деп жатсаңыз, мисалы соода белгиси же көчүрүү укук белгиси, анда ал символдорду Символдор ьбуйругунан таба аласыз.
/en/tr_ky-word-2016/-formatting-text/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.