Word 2016 Негиздери: Барак жайгашуусу (Page Layout)
5c4f4dcb05516a133c5222575c4f5129e5d0ef41247b0b58
Lesson 11: Барак жайгашуусу (Page Layout)
/en/tr_ky-word-2016/-hyperlinks/content/
Барак жайгашуусу
Word барак жайгашуусунун жана форматтоо параметрлеринин түрлөрүн сунуштайт. Документтин көрүнүшүнө жараша сиз барактын багытын, көлөмүн, четтерин түзөтө аласыз.
Барак жайгашуусу жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Баракча багыты
Word'до эки барак багыты бар: Китеп жана Альбом. Бул үлгүлөрдү салыштырыңыз, барак багыттарына, сап аралыктарына көңүл буруңуз.
Альбом барагы туурасынан багытталганын билдирет.
Китеп барагы тигинен багытталганын билдирет.
Барак багытын өзгөртүү үчүн:
Барак жайгашуусу өтмөгүн тандаңыз
Барак жөндөөлөрү өтмөгүнөн, Барак Багыты буйругун чыкылдатыңыз.
Жайылма менюсу пайда болот. Барак багытын өзгөртүү үчүн Китеп же Альбомду чыкылдатыңыз.
Документтин барак багыты өзгөрөт.
Барактын көлөмү
Алдын ала, жаңы документтин барак өлчөмү 11 жана 8,5 дюйм. Сиздин долбоорго жараша, документиңиздин барак өлчөмүн өзгөртүү керек болушу мүмкүн. Демейки барак көлөмүн өзгөртүүдөн мурда, сиздин принтер ал көлөмдү басып чыгара алабы - ошону текшериңиз.
Барак өлчөмүн өзгөртүү үчүн:
Word'до ар кандай алдын ала жөндөлгөн барак өлчөмдөрү бар. Алардан ичинен тандаса болот.
Барак Жайгашуусу өтмөгүн тандаңыз, анан Көлөм буйругун чыкылдатыңыз.
Жайылма менюсу пайда болот. Учурдагы барак өлчөмү баса белгиленет. Керектүү баракча өлчөмүн чыкылдатыңыз.
Документтин барак өлчөмү өзгөрөт.
Өзгөчө барак өлчөмүн колдонуу үчүн:
Word ошондой эле Барак Жөндөө диалог кутусу аркылуу да өлчөмүн өзгөчөлөштүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.
Барак Жайгашуусу өтмөгүнөн, Көлөмдү басыңыз. Чыккан менюдан Көбүрөөк Барак Өлчөмдөрүн тандаңыз.
Барак Жөндөө диалог кутучасы пайда болот.
Туурасы, Бийиктиги үчүн маанилерди тууралап, анан OK чыкылдатыңыз.
Документтин барак өлчөмү өзгөрөт.
Барак четтери
Барактын чети бул барактын кырынан баштап мазмунга чейинки аралык. Алдын ала, жаңы документтин четтери Жөнөкөй (Normal) деп жөндөлгөн, анын арылыгы 1 дюйм. Сиздин муктаждыгыңызга жараша, Word документтин четинин көлөмүн өзгөрткөнгө мүмкүндүк берет.
Барак четтерин форматтоо үчүн:
Word'до алдын ала даяр ар кандай четтердин өлчөмү бар
Барак Жайгашуусу өтмөктү тандаңыз, анан Барак Чети буйругун чыкылдатыңыз.
Жайылма меню пайда болот. Сиз каалаган алдын-ала орнотулган Барак Четин тандаңыз.
Документтин чети өзгөрүлөт
Өзгөчө Барак Четин колдонуу үчүн:
Word ошондой эле Барак Жөндөөлөр диалог кутучасында барак четинин өлчөмүн өзгөчөлөштүрүү мүмкүндүк берет.
Ар бир барак чети үчүн маанилерди тууралап, анан OK чыкылдатыңыз.
Документтин четтери өзгөрөт.
Ошондой эле сиз Барак Жөндөө Диалог кутусун ачып, ал жердеги кичине жебени чыкылдатсаңыз болот.
Сиз жасаган өзгөрүүлөрдүн баарын сактоо үчүн Word'дун ыңгайлуу Демейки катары сактооо функциясын колдонуп, бул функцияны автоматтык түрдө жаңы документтерде колдонсоңуз болот. Муну кантип жасоону билиш үчүн, биздин Word'до демейки жөндөөлөрдү өзгөртүү макалабызды окуңуз.