Word 2016 Негиздери: Диаграммалар (Charts)

Lesson 23: Диаграммалар (Charts)

/en/tr_ky-word-2016/-tables/content/

Диаграммалар

Диаграмма графикалык маалыматтарга байланышуу үчүн колдоно турган курал болуп эсептелет. Документке диаграмма киргизүү, угуучуларга сандардын артындагы маанини салыштырууда жана багыттарын элестетүүнү оңойлотууга мүмкүнчүлүк берет.

Кошумча: Биздин практикалык документти бул сабак үчүн жүктөп алыңыз.

Диаграмманы түзүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Диаграммалар түрлөрү

Тандап алууга диаграммалардын бир нече түрлөрү бар. Диаграммаларды натыйжалуу пайдалануу үчүн, ар кандай диаграммалар кандай колдонулат экенин түшүнүү керек.

Мына Word тө диаграммалардын түрлөрү жөнүндө көбүрөөк маалымат.

  • слайд 1

    Word тө диаграммалардын ар биринин өзүнүн артыкчылыктары менен ар түрдүү болот. Word тө диаграммалардын мүмкүн болгон кээ бир түрлөрүн көрүү үчүн жебени чыкылдатыңыз.

  • слайд 1

    Маалыматтарды вертикалдык тилкелерде көрсөтүү үчүн тилке диаграммаларын пайдаланышат. Алар дайындардын ар кандай түрлөрү менен иштөөсү мүмкүн, бирок, алар абдан көп маалыматтарды салыштыруу үчүн колдонулат.

  • слайд 1

    Сызык диаграммалар багыттарды көрсөтүү үчүн идеалдуу болуп саналат. Дайындар упайлары сызыктар менен байланышкан, баалулуктардын өсүү же азайуу убакыттарын көргөзүү оңой болуш үчүн жасалган.

  • слайд 1

    Пирог диаграммалары өлчөмдөрдү салыштыруу үчүн жеңил болот Ар бир көрсөткүч пирогдун бир үзүмүн көргөзүп турат, ошондуктан бул көрсөткүчтөр бүтүндөй пайыздын түзүлүшүн көрүү үчүн жеңил болот.

  • слайд 1

    Тилке диаграммалары тилке диаграммалар сыяктуу иштейт, бирок алар вертикал тилкелердин ордуна горизонталдык тилкелерди пайдаланышат.

  • слайд 1

    Аянт диаграммалары сызык диаграммаларына окшош болот, аянттар сызыктар ​​менен толтурулганын эске албаганда.

  • слайд 1

    Тышкы диагрммалары маалыматтарды 3D ландшафт аркылуу көрсөтүүгө жол берет. Алар бир эле учурда маалыматты ар түрдүү көрүүгө, ири маалымат топтому менен жакшы иштейт.

  • слайд 1

Диаграмманын бөлүктөрүн аныктоо

Диаграмма түрлөрүнөн тышкары, диаграмманы кантип окуп түшүнүү керектиги. Диаграммалар бир нече ар түрдүү элементтерден туруп, маалыматтарды чечмелөөгө жардам берет.

Бул жерде диаграмманын ар кандай бөлүктөрү.

  • Вертикалдык ченем: Вертикалдык ченем (ченем катары у белгилүү) диаграмманын бир бөлүгү болуп саналат. Бул жерде, тигинен жайгаштырылган ченем тилкелердин маанисин аныктайт. Бул мисалда, өлчөнгөн чоңдук ар бир жанрдын толук сатылышы.
  • Диаграмма аталышы: Аталыш диаграмманын кантип түшүндүрүлүшү керек экенин сүрөттөйт.
  • Горизонталдуу ченем: горизонталдуу ченем (ошондой эле х ченеми катары белгилүү) диаграмманын туурасынан бир бөлүгү болуп саналат. Бул жерде, горизонталдуу ченем диаграммадагы категорияларды аныктайт. Бул мисалда, ар бир жанр өзүнүн тобу менен жайгаштырылат.
  • Дайындар катары: дайындар катары диаграммадагы маалымат упайларынан турат. Бул мисалда, биз шарттуу белгиде көрүп тургандай, сары тилкелер Февраль айындагы таза сатууну билдирет.
  • Шарттуу белги: Шарттуу белги кайсы берилмелер катарындагы ар бир түс диаграмманы сүрөттөп көргөзгөнүн аныктайт. Бул мисалда, шарттуу белги диаграммадагы ар түрдүү айларды аныктайт.

Диаграммаларды киргизүү

Word, Excel сыяктуу эле берилиштерге киргүү үчүн толтургучтар катары электрондук жадыбалды колдонот. Берилиштерге кирүү процесси өтө эле жөнөкөй, бирок сиз Excel менен анча тааныш эмес болсоңуз, анда биздин карап көрүүнү каалайт болушуңуз керек Уяча негиздери сабак.

Диаграмма киргизүү үчүн:

  1. Диаграмма сиз каалаган жерде пайда болгудай кылып кыстаруу чекитин жайгаштырыңыз.
  2. Кыстаруу өтмөгүнө багыттап, анан Иллюстрация топтун Диаграмма буйругун чыкылдатуу.
    диаграмма буйрук
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Параметрлерди көрүү үчүн, сол панелинден диаграмма түрүн тандап, андан кийин оң жактан диаграммаларды карап чыгыңыз.
  4. Керектүү диаграмманы тандап, анан ОК басыңыз.
    диаграмма стилин тандоо
  5. Диаграмма жана электрондук жадыбал пайда болот. Электрондук жадыбалдагы текст толтургучтар менен алмаштырыла турган дайындар булагы болуп саналат. Word дөгү маалымат булагы диаграмманы түзүү үчүн колдонулат.
    диаграмма жана электрондук жадыбал терезе
  6. Электрондук жадыбалга дайындар булагын киргизүү.
    диаграмма маалыматтарды киргизүү
  7. Көк сызыктар менен тиркелген маалыматтар гана диаграммада көрүнөт. Эгер зарыл болсо чыкылдатып көк кутучанын оң-төмөнкү бурчуна кол менен дайындар аралыгын өстүрүп же төмөндөтүп сүйрөңүз.
    маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү
  8. Бүтүргөндөн кийин, электрондук жадыбал терезени жабуу үчүн X чыкылдатуу.
    электрондук жадыбал терезени жабуу
  9. Диаграмма толтурулган болот.
    толук диаграмма

Дизайн өтмөгүнөн, маалымат кошуу буйрукка чыкылдатуу менен каалаган убакта диаграммны тандоо менен диаграмма маалыматты өзгөртө аласыз. Электрондук жадыбал терезе пайда болот.

дайындыр булактарын кошуу

Учурдагы Excel маалыматтары менен диаграммаларды түзүү

Эгер сизде диаграмма үчүн азыркы учурда колдонунуу каалаган Excel файлы өтүнмө бар болсо, көчүрмөсүн алууга, аны чаптоо менен маалыматтарды которо аласыз. Жөн гана Excel ден электрондук жадыбалды ачыңыз, керектүү маалыматтарды тандап анан көчүрүңүз, жана Word кө дайындар булагын коюуңуз.

Сиз ошондой эле Word документке учурдагы Excel диаграммасын киргизсеңиз болот. Excel файлдагы маалыматтарды тактоо керек экенин билгениңиз жана качан Word дө маалыматтар өзгөргөн сайын диаграмманы дароо өзгөртүүнү каалаганыңыз пайдалуу болушу мүмкүн.

Биздин көрсөтмөлөрдү Excel диаграммасын киргизүү тууралуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн окуңуз.

Диаграмма куралдар менен диаграммаларды өзгөртүү

Диаграммаларды уюштурууга жана ылайыкташтырууга башка көп жолдор бар. Мисалы, диаграмма түрүн өзгөртүүгө, диаграмманын дайындарын иретке салуу, жана ал тургай, калыпты өзгөртүү жана диаграмманын стилин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Сап жана тилке маалыматтарды которуштуруу үчүн:

Кээде ушундай диаграммалар тобундагы дайындарды өзгөртүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мисалы, китеп сатуу маалыматтары төмөндөгү диаграммада ар бир ай үчүн жанр боюнча катарларга топтоштурулган. Ошентсе да, биз ар бир жанр үчүн катарларды жана тилкелерди алмаштыра алабыз, диаграммада дайындарды ай менен топтоштура алабыз. Эки учурда тең, диаграмма бир эле маалыматтарды камтыйт. Болгону башкачараак уюштурулган болот.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган диаграмманы тандаңыз. Дизайн өтмөгүнөн, Катар Алмаштыр/ Тилкени буйрукту тандаңыз.
    диаграмма тандоо
  2. Дизайн өтмөгүнөн, маалыматтар тобунан маалыматтар буйрук чыкылдатуу.
    дайындарды кошуу
  3. Кайра тандоо үчүн диаграммага чыкылдатыңыз, андан кийин Которгуч Катарды / Тилкени буйругун чыкылдатуу.
    күйгүзүү катар / тилке
  4. Катарлар менен тилкелер алмаштырылат. Биздин мисалда, ар бир жанр үчүн катарлар менен дайындар айлар менен топтоштурулат.
    толук диаграмма

Диаграмма түрүн өзгөртүү үчүн:

Эгер сиздин дайынды белгилүү бир дайын үчүн ылайыктуу эмес деп тапсаңыз, анда аны жаңы диаграмма түрүнө алмаштыруу жеңил болот. Биздин мисалда, биздин диаграмманы тилке диаграммадан сызык диаграммасына өзгөртө алабыз.

  1. Сиз өзгөртүү керек деген кутучаны тандаңыз. Дизайн өтмөгү, пайда болот.
  2. Дизайн өтмөгүнөн, Өзгөртүү Диаграмма Түрү буйругун чыкылдатуу.
     диаграмма түрүн өзгөртүү
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Керектүү диаграмманы тандап, анан ОК басыңыз.
    диаграмманы тандоо
  4. Жаңы диаграмма түрү колдонулат. Биздин мисалда, сызык диаграммасы убакыттын өтүү багыттарын көрүүгө жардам берет.
    сызык диаграмма

Диаграмма калыбын өзгөртүү үчүн:

Диаграмманын жайгаштыруу чарасын өзгөртүү үчүн, ар кандай калыптарды тандаганга аракет жасаңыз. Диаграмма аталышы жана дайындар белгилерин ичине камтыган калыптар бир нече элементтерге,таасир этиши мүмкүн.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган диаграмманы тандаңыз. Дизайн өтмөгү пайда болот.
  2. Дизайн өтмөгүнөн, Тез Калып буйругун чыкылдатуу.
    калыбын өзгөртүү
  3. Ылдый түшүү менюдан каалаган калып жайгашуусун тандоо.
    калып тандоо
  4. Диаграмма жаңы түзүлүштү чагылдырууга өзгөртө алат.

    толук диаграмма

Эгер сизге керектүү диаграмма калыбы көрүнбөй жатса, анда Дизайн өтмөгүнөн Дизайн өтмөгүнөн Диаграмма Элементтин Кошуу буйругун чыкылдатып, чакмак сызыктарын жана башка диаграмма элементтерин аласыз.

Толтургучту толтуруу үчүн (мисалы, диаграмма аталышы же огу аталышы), элементти чыкылдатып жана Текст киргизүү керек.

диаграмма элементи түзөтүү

Диаграмма стилди өзгөртүү үчүн:

Word дүн диаграмма стилдери сизге түсү, стили жана кээ бир калып элементтерин, өзгөртүү үчүн бир жеңил жол берет.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган диаграмманы тандаңыз. Дизайн өтмөгү пайда болот.
  2. Дизайн өтмөгүнөн, Диаграмма стилдер тобундагы Көбүрөөк жайылма жебеге чыкылдатуу.
    көбүрөөк меню
  3. Стилдер ылдый түшүү менюда пайда болот. Сиз каалаган стилди тандаңыз.
    диаграмма стилин тандоо
  4. Диаграмма стили колдонулат.
    толук диаграмма

Тезирээк жөнгө салуу үчүн, диаграмманын оң жагынан кыска жол форматтоону колдонуңуз. Бул диаграмма стили элементтерди тууралап, ал тургай, өзгөртүүгө сиздин дайындарды чыпкалап кошууга мүмкүндүк берет.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык документти ачыңыз . Ошондой эле, Сизге биздин практикалык иш китепти жүктөп алуу керек болот . Сызык диаграммасын практикалык Word документке жүктөп алуу керек болот .
  2. Excel биздин практикалык иш китебин ачыңыз. Дайындарды көчүрүп жана диаграмманын анын электрондук жадыбалына салып коюуңуз.
  3. Диаграмма аталышын Айлык Сатууга өзгөртүңүз.
  4. Диаграмма түрүн Топтолгон Тилкеге өзгөртүү.
  5. Калып 3 ту өзгөртүү үчүн Тез Калып ылдый түшүү менюсун колдонуу.
  6. Диаграмма элементтердин кыска баскычын чыкылдатып, Ок Аталыштарынын жанындагы жебеге басып, башталгыч Вертикал огунун аталышын тандоо.
  7. Ок аталышын кош чыкылдатуу, андан кийин аны Сатуу Кирешесин кайра аттоо.
  8. Катар / Тилке маалыматтарды .которуу
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин диаграмма ушул сыяктуу болушу керек:
    Диаграмма Чакырыгы

/en/tr_ky-word-2016/-checking-spelling/content/