Windows негиздери: Windows XP колдоосу жок болду. Эмне кылышыбыз керек?

Lesson 13: Windows XP колдоосу жок болду. Эмне кылышыбыз керек?

/en/tr_ky-windows-basics/-troubleshooting/content/

Windows XP колдоосу жок болду. Эмне кылышыбыз керек?

Сиз буга чейин билгендей, Microsoft 8-апрель 2014 жылы Windows XP опрерациялык тутумун колдогонду токтотушту. Эгер сиз Windows XP колдонгон миллиондогон адамдардын бири болсоңуз, бул сиз үчүн эмнени билдирээрин билгиңиз келсе керек. Азыркы учурдагы кээ бир суроолоруңузга жооп берүүгө аракет кылабыз.

Windows XP скриншоттору

"Колдоонун аякташы" так эмнени билдирет?

Microsoft Windows XP компьютерлери үчүн техникалык жактан эч кандай кам көрсөтпөй калды. Эгер сиз Windows XP менен иштесеңиз, сиздин компьютер мындан ары мүмкүн болгон маанилүү коопсуздук чараларды, автоматтык жаңыртууларды ала албайт. Бул ошондой эле Microsoft мындан ары Internet Explorer 8, Windows XP үчүн демейки интернет браузерди колдобойт дегенди билдирет. XP жана IE8 пайдалануудан компьютериңиз олуттуу коркунучтарга, мисалы вирус жана зыянкеч программаларга дуушар болушу мүмкүн.

Кайсы Операциялык тутумдар дагы деле колдоого алынат?

Microsoft Windows Vista, Windows 7, Windows 8 жана Windows 10 колдоо көрсөтө берет.

Менин компьютеримдин тутуму XP экенин кантип билебиз?

Windows XP 2001-жылы жарык көргөн жана 2001-жылдан 2007-жылга чейин жеке компьютерлерде алдын ала орнотулган. Эгер тутумуңуз XP же ал эмес экенин так билбесеңиз, жана компьютериңизде кайсы тутум орнотулганын билүү үчүн ушул баракчага баш багыңыз.

Менин XP компьютерим дагы деле иштей алабы?

Ооба, сиздин компьютер XP колдоосу аяктагандан кийин, иш-аракетин адаттагыдай жүргүзө берет. Бирок, XP Microsoft'тон үзгүлтүксүз коопсуздук жаңыртууларын албагандыктан, сиздин компьютер үчүн вирус жана зыянкеч программалары коркунуч туудурат. Мүмкүн болсо жаңыраак операциялык тутумга өтүүңүздү сунуштайт элек.

Мен тутумду жаңырткым келбейт. Windows XP компьютеримдин коопсуздугун кантип сактайм?

Сиз колдоосу аяктагандан кийин да XP'ни колдонууну уланткыңыз келсе, анда биз Internet Explorer 8 браузерин колдонууну сунуштайт элек. Анын ордуна заманбап интернет браузерин орнотууну сунуштайбыз, мисалы Google Chrome же Mozilla Firefox . Бул серепчилер колдонууга эркин болуп саналат жана 2015-ж ортосуна чейин XP машиналары колдоого алган. Бул сиздин компьютерди тышкы коркунучтарга бир аз коопсуз кылганы менен, бул туруктуу чечим эмес экенин эстен чыгарбаңыз. Сиздин компьютер дагы деле вирус жана зыянкеч программалардан коопсуз боло албайт.

Мен операциялык тутумду жогорулатууну каалар элем, бирок мен Windows 8 же Windows 10 орноткум келбейт. Мен дагы деле Windows 7 орното аламбы?

Эгер Windows 7 орнотом десеңиз, Amazon.com сыяктуу үчүнчү тарап дүкөндөрдөн Windows 7 орнотуу дискин сатып алсаңыз болот . КомпьютериңизWindows 7 системасынын талаптарына жооп бериши керектигин унутпаңыз. Сиздин компьютер башында XP үчүн иштелип чыккан болсо, анда, балким, Windows 7 менен жакшы иштебей калат. Компьютериңиз талаптарга жооп берээрин билүү үчүн Windows 7 Жогорулатуу Кеңешчисин Microsoft'тон жүктөп алсаңыз болот.

Сиз жаңы компьютерди сатып алууга даяр болсоңуз, өндүрүүчүлөрдүн ичинде HP жана Dell компаниялары Windows 7 алдын-ала орнотулган компьютерди чыгарышууда. Бирок, учурда биз Windows 10 колдонгон жаңы компьютерди сатып алууңузду сунуштайбыз. Ал тезирээк, коопсуз, көп убакыт бою Microsoft тарабынан да колдоого алынат.

Токтой туруңуз, дагы көп суроолор бар!

Сиздин Windows XP колдоого алынбагандыгы боюнча негизги суроолоруңузга жооп бердик деп үмүттөнөбүз. Сиз ар дайым Microsoft менен түздөн-түз маселелер менен Microsoft коомдук форуму аркылуу байланыша аласыз

/en/tr_ky-windows-basics/-windows-10-/content/