PowerPoint 2016 Негиздери: Темаларды өзгөртүү (Themes)

Lesson 26: Темаларды өзгөртүү (Themes)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-inspecting-protecting/content/

Темаларды өзгөртүү

Сизге чындап эле теманын стили жагат дейли, бирок, сиз ар түрдүү түстүү схемалар менен тажрыйба жүргүзгүңүз келет. Бул проблема эмес: Сиз аралаштырып түстөрдү дал келтирип, ариптер жана эффектилерди презентацияңызда уникалдуу көрүнүш жаратуу үчүн колдонсоңуз болот. Эгер дагы эле туура эмес көрүнсө, анда теманы сиз каалагандай жол менен ылайыкташтыра аласыз.

Эгер PowerPoint сиз үчүн жаңы болсо, анда биздин сабакты карап чыгыңыз Темаларды колдонуу темаларды колдонуу негиздерин үйрөнө турган.

Кошумча: Биздин практикалык сунуштоону жүктөп алыңыз.

PowerPoint боюнча темаларды өзгөртүү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн видеону көрүңүз.

Жаңы тема түстөрдү тандоо үчүн:

Эгер сизге кайсы бир тема боюнча түстөр жакпаса, анда жаңы тема түстөрдү колдонуу оңой; тема жөнүндөгүлөрдүн баары өзгөрүүсүз калат.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобундагы жана тандалган Түстөр менен ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Каалаган тема түстөрүн тандоо.
  3. Презентацияны жаңы тема түстөрдү көрсөтүү үчүн өзгөртүүгө болот.

Түстөрдү ылайыкташтыруу үчүн:

Кээде тема түстөргө орнотулган ар бир түс сизге жакпашы мүмкүн. Сиздин муктаждыктарга жараша бир түстү же бардык түстөрдү өзгөртүү оңой болот..

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобунун ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Түстөрдү тандаңыз, анан Түстөрдү ылайыкташтырууну чыкылдатуу.
  3. Диалог кутучасы 12 азыркы тема түстөрү менен пайда болот. Түс кошуу үчүн, ылдый түшүү жебени чыкылдатып,анан башка түстү тандаңыз. Сиз каалаган түстү табуу үчүн КөбүрөөкТүстөрдү басышыңыз мүмкүн.
  4. Аты-жөнү: тилкесинде, тема түстөрү үчүн керектүү атты жазыңыз, анан Сактоону чыкылдатыңыз.
  5. Презентацияны жаңы көндүм тема түстөрдү көрсөтүү үчүн өзгөртүүгө болот.

Кээ бир презентациялар менен, теманын түстөрүн өзгөртүү кыйла айырмаланарын байкабай калышыңыз мүмкүн. Мисалы, тема түстөрү өзгөргөндөн кийин, структураланган маалымат өзгөрбөйт. Ар кандай тема түстөрү менен аракет кылып жатканда, жаңы тема түстөрү презентацияга кандай таасир этерин көрүү үчүн бир нече түстөрдү колдонгон слайдды тандоо абдан жакшы.

Жаңы тема тамгаларын тандап алуу үчүн:

Бул теманын жалпы көрүнүшүн өзгөртпөстөн жаңы тема тамгаларын топтомун колдонуу оңой болот. Тема ариптерин түзүү презентацияны бир түргө келтирүү үчүн жардам бере турган, ошондой эле биргелешип иштөөгө багытталат.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобундагы жана Ариптерди тандоо ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Каалаган тема Ариптерди тандаңыз.
  3. Презентацияны жаңы тема ариптерин көрсөтүү үчүн өзгөртүүгө болот.

Тема ариптерин орнотуу үчүн:

Эгер презентацияңыз үчүн өзүңүздүн ойуңузда болгон белгилүү бир ариптери бар болсо, анда өз тема же тамгаларды тандап алуу мүмкүн болот.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобунун ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Ариптерди тандоо, анан Ариптерди ыңгайлаштырууну чыкылдатыңыз.
  3. Эки учурдагы тема тамгалары менен диалог кутучасы пайда болот. Ариптерди өзгөртүүгө, ылдый түшүү жебеге чыкылдатып жана керектүү тамгаларды тандаңыз.
  4. Аты-жөнү: тилкесинде, тема тамгалар үчүн керектүү атты жазыңыз, анан Сактоону чыкылдатыңыз.
  5. Жаңы көндүм тема ариптерин көрсөтүү үчүн презентацияны өзгөртүүгө болот.

Тема ариптерин өзгөртүү үчүн сөзсүз эле сиздин презентациядагы тексттин баарын өзгөртүүгө болбойт. Тема ариптерин өзгөртүүдө, учурдагы тема ариптерин өзгөртүүгө тексти гана колдонуу керек.

Жаңы тема эффектерин тандоо үчүн:

PowerPoint та презентациянын формалар көрүнүшүн тез өзгөртүү үчүн, жаңы тема эффектерин колдонууну жеңил кылат.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобунун жана Эффектерди тандоо үчүн ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Каалаган тема эффектерин тандаңыз.
  3. Презентацияны жаңы тема эффектерин көрсөтүү үчүн өзгөртүүгө болот.

Формат өтмөгүнөн же SmartArt графикасында форманы кошууда, жаңы тема эффектерин колдонуу, ар кандай форма түрлөрүн өзгөртөт. Көрүнбөгөн эффектти, Жумшартуу эффектти жана Күчтүү эффекти колдонуу формаларды гана өзгөртөрүн эске алуу маанилүү.

Фон стилдери

Мындан ары слайддарды ылайыкташтыруу үчүн, ар кандай кошумча фон стилди тандап фон түсүн өзгөртө аласыз. Жеткиликтүү фон стилдери учурдагы темага жараша ар кандай болот.

Фон стилди колдонуу үчүн:

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Варианттар тобунан ылдый түшүү жебеге чыкылдатуу.
  2. Фон стилдерин тандаңыз.
  3. Керектүү стилди тандаңыз. Жеткиликтүү стилдери учурдагы тема түстөргө жараша өзгөрөт.
  4. Жаңы фон сиздин ар бир презентацияда пайда болот.

Эгер фондун үстүнөн көзөмөлдөгүңүз келсе, Дизайын өтмөгүндөгү Формат фон буйругун чыкылдатуу.

Ар кандай темалар ар кандай слайд калыптарын жана фон графикаларын камтыйт. Биз бул өзгөчөлүктөр ылайыкташтыруу тууралуу Слайд Master көрүнүшү сабакта сүйлөшөбүз.

Көндүм темаларын сактоо.

Сиз орнотууларды тапкан учурда, башка презентацияларыңызды колдонуу үчүн темаларды сактап коюуну каалайсыз.. Эгер сизге теманы учурдагы презентация үчүн колдонуу керек болсо, анда аны сактап кереги жок болот.

Теманы сактоо үчүн:

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Темалар тобунда ылдый түшүү жебесине чыкылдатуу.
  2. Учурдагы теманы сактоону чыкылдатыңыз.
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Файлдын атын терип, анан Сактоону чыкылдатыңыз.
  4. Темалар тобундагы ылдый түшүү жебесин басканда, Көндүм астындыгы көндүм теманы көрөсүз.

Өзгөчө темалар дагы бир уникалдуу жана күчтүү өзгөчөлүгү бар: PowerPoint та ар кандай көндүм теманы сактоо чынында Word жана Excel башка Microsoft Office тиркемелерде колдонсо болот.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз.
  2. Тема түстөрүн өзгөртүү.
  3. Garamond темасы жана анын баш арип Arial арип өзгөртүүлөрдү ыңгайлаштыруу үчүн Fonts буйругун колдонуңуз.
  4. Теманын фон стилин өзгөртүү.
  5. Кошумча: сиздин ыңгайлуу теманы сактоо.
  6. Бүткөндөн кийин, сиздин биринчи слайд бул ( түстөр жана фон стили ар кандай болушу мүмкүн) сыяктуу болушу керек:
     Тематлар Чакырык Өзгөртүү

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-slide-master-view/content/