PowerPoint 2016 Негиздери: Абзац коюу жана сап аралыгын форматтоо (Indents & Spacing)

Lesson 13: Абзац коюу жана сап аралыгын форматтоо (Indents & Spacing)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-lists/content/

Абзац коюу жана сап аралыгын форматтоо

Абзац жана сап аралыгы эки маанилүү функциялар болуу менен текстин слайддагы пайда болуу жолун өзгөртө алат. Абзацтар көп дээңгелдүү тизмелерди түзүүдө колдонулат же параграфтарды бири-биринен ажыратуу үчүн колдонсо болот. Сап аралыгы окумдуулугун жогорулатуу үчүн же слайдка көп сызыктарды батыруу үчүн жөнгө салынат.

Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.

Абзацтар жана сап аралыгын колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Текстке абзац коюу:

Абзац коюу текстин жайгашуусун форматтоого жана слайд ирээти менен чыгышына жардам берет. Абзац коюунун эң тез ыкмасы Өтмөк ачкычын колдонуу болуп саналат. Дагы башка ыкма Абзац буйруктарын колдонуу. Бул буйруктар менен, абзацты же көбөйтүп же азайтып алсаңыз болот.

  • Өтмөк ачкычын колдонуу менен Абзац коюу: Кыстаруу чекитин сиз каалагандай сызыктын башына абзац коюш үчүн алып келиңиз анан Өтмөк ачкычын басыңыз.
    Өтмөк ачкычы менен текстке абзац коюу
  • Абзац буйруктарды абзац коюу үчүн колдонуңуз: Кыстаруу чекитин абзац коюуну каалаган жерге жайгаштырыңыз. Башкы бет өтмөгүнөн тартып, Көбөйтүү Тизме Деңгээли буйругун тандоо.
    Башкы бет өтмүгүндөгү Абзацты Көбөйтүү буйругун колдонуу

Абзацты азайтууга, каалаган сапты тандап алып, анан Shift + Tab же Азайтуу Тизме Деңгээли буйругун басыңыз.

Тизмелерге жана параграфтарга абзац коюу

Тизме же параграфтар менен иштеп жатканга жараша, абзац коюу ар кандай натыйжаларды берет.

  • Параграф: Өтмөк ачкычын колдонуу менен биринчи параграфтын биринчи сабына абзац коюу биринчи сап чегинүүсүн жаратат. Бул жогоруда көрсөтүлгөн мисалдардай кылып, парагафтарды бири-биринен бөлүп көрсөтүүгө жардам берет.
  • Тизме: Сапка абзац коюу көп деңгээлдеги тизмесин түзөт. Бул абзац коюлган сап үстүндө берилген бөлүмчөлөрдү билдирет. Эгер схема же иерархияны түзүгүңүз келсе көп деңгээлдеги тизмелер пайдалуу болот.
    Көп деңгээл тизмеси

Эгер көп тизмелүү тизмени түзсөңүз, ар түрдүү белги стилин ар кандай деңгээлдер үчүн башка тизмелерди тандап алгыңыз келиши мүмкүн. Биздин сабакты карап чыгыңыз Тизмектер үйрөнүш үчүн.

Көп Тизме ичинде көндүм белгилери

Кылдат өркүндөтүү абзацтары

Кээде презентацияңызга кылдат өркүндөтүү абзацтары керек болушу мүмкүн. Муну сиз Сызгычта абзац белгилегичтерин жөнгө салуу боюнча жасай аласыз. Адатта, Сызгыч көрүнбөйт ошондуктан эң биринчи сызгычты көрсөтүү керек.

Сызгычты көрсөтүү үчүн:

  1. Тасмадагы Кароо өтмөктү танда.
  2. Шоу-топтогу, Сызыктан кийинки кутуну текшерүү. Сызгыч пайда болот.
    Сызгычка кайрылуу

Абзац белгилери

Абзац белгилери горизонталдуу сызгычтын сол жагында жайгашкан, жана алар бир нече чегинүү параметрлерин камсыз кылат.

  • Биринчи сызык калтыруу белгиси: биринчи параграф сызыгын жөнгө салат
    Биринчи сап абзац белгиси
  • Абзац белгисин коюу: биринчи саптан тышкары ар бир параграфтагы ар бир сапты жөнгө салуу
    абзац белгисин калтыруу
  • Калтырылган абзац белгиси: биринчи сап абзацы жана бир учурда абзац белгилерин коюу экөө тең жылып параграфтагы бардык саптарды аныктайт.
    сол абзац белгиси

Чегинүү белгилерин колдонуп абзац коюу:

  1. Кыстаруу чекитин параграфтын каалаган жерине жайгаштырып абзац коюуңуз же бир же бир нече параграфтарды тандаңыз.
  2. Керектүү абзац белгиге барыңыз. Биздин мисалда, биз сол жактагы абзац белгисин колдонобуз.
    Сол абзац белгисин жылдыруу
  3. Чыкылдатып жана керектүү абзац билгисине сүйрөңүз. Бүтүргөндөн кийин, тандалган текстке абзацтар коюлат.
    Сол өтмөк белгиси менен текстке абзац коюу

Белгиленген боштукту ылайыкташтыруу

Тизмелер менен иштеп жатканда, PowerPoint белгилердин ортосундагы боштукту жөнгө салууга жана биринчи сап абзац белгилерин же абзац белгилерин коюуну колдонууга мүмкүндүк берет.

Белгиленген боштукту өзгөртүү үчүн:

  1. Өзгөртүүнү каалаган саптарды тандаңыз, андан кийин каалаган абзац белгиге барыңыз. Биздин мисалда, биз абзац белгисин колдонобуз.
    жөнгө салуу үчүн белгилерди тандоо
  2. Чыкылдатыңыз жана абзац коюу белгисин керек болгон жерге чейин сүйрөңүз. Бүтүргөндөн кийин, белги боштугу жөнгө салынат.
    Белги аралыгын жөнгө салуу

Сап аралыгы

PowerPoint ар бир сызыктын ортосундагы мейкиндик өлчөмүн же параграф ортолорун өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Слайдка көп саптар баткыдай кылыпсап боштуктарды азайта аласыз же болбосо окумдуулугун жакшыртуу чейин көбөйтүүгө болот. Кээ бир учурларда, PowerPoint автоматтык түрдө Тамганын көлөмүн сиз сап аралыгын жөнгө салып жатканда өзгөртөт, ошентип текстти өтө эле кичинекей кылганга алып келиши мүмкүн.

Сап аралыгы форматтоо:

  1. Сиз форматтоону каалаган текстти тандаңыз.
    тексттин параграфтарын тандоо
  2. Башкы бет өтмөгүнө, параграф тобун жайгаштырыңыз, Сап Боштугу буйругун чыкылдатыңыз,андан кийин менюдан каалаган сап боштук параметрин тандаңыз.
    сап аралыгы жөнгө салуу
  3. Сап аралыгы жөнгө салынат.
    колдонулган сап аралык орнотуулары

Эгер сиз тактык менен сап аралыгын жөнгө салгыңыз келсе, ылдый түшүү менюдан Сап Аралык Параметрлерин тандаңыз. Параграф диалог кутучасы пайда болот, жөнгө салуу сап аралыгына мүмкүндүк берет жана ар бир параграф боштугун жөнгө салат.

Параграф диалог кутучаны колдонуп саптарды жана параграф абзац аралыгын жана Чакырык Боштуктарын өзгөчөлөштүрүү

Чакырык!

  1. Биздин практикалык презентацияны ачыңыз .
  2. Акыркы слайдда, бүт белги коюлган тизмени тандап, андан кийин 12 чейин жана 0 PT PT үчүн сап аралыгы параметрлерин өзгөртүңүз.
  3. Биринчи белги астында берилген бөлүмчөлөр үчүн экинчи белгини калтыруу.
  4. Сызгычты көрсөтүңүз эгер ал дагы эле көрүнбөсө.
  5. Ар бир тема үчүн аны тандап, сол абзац белгиси менен 1 дюйм (же 2,5 см) сүйрөңүз. Эскертүү: Бул белгилер убакыт менен башталбайт.
  6. Бүткөндөн кийин, слайд ушул сыяктуу болушу керек:
    Абзацтар жана Боштук Чакырыгы

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-inserting-pictures/content/