/en/tr_ky-powerpoint-2016/-lists/content/
Абзац жана сап аралыгы эки маанилүү функциялар болуу менен текстин слайддагы пайда болуу жолун өзгөртө алат. Абзацтар көп дээңгелдүү тизмелерди түзүүдө колдонулат же параграфтарды бири-биринен ажыратуу үчүн колдонсо болот. Сап аралыгы окумдуулугун жогорулатуу үчүн же слайдка көп сызыктарды батыруу үчүн жөнгө салынат.
Кошумча: Биздин практикалык презентацияны жүктөп алыңыз.
Абзацтар жана сап аралыгын колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Абзац коюу текстин жайгашуусун форматтоого жана слайд ирээти менен чыгышына жардам берет. Абзац коюунун эң тез ыкмасы Өтмөк ачкычын колдонуу болуп саналат. Дагы башка ыкма Абзац буйруктарын колдонуу. Бул буйруктар менен, абзацты же көбөйтүп же азайтып алсаңыз болот.
Абзацты азайтууга, каалаган сапты тандап алып, анан Shift + Tab же Азайтуу Тизме Деңгээли буйругун басыңыз.
Тизме же параграфтар менен иштеп жатканга жараша, абзац коюу ар кандай натыйжаларды берет.
Эгер көп тизмелүү тизмени түзсөңүз, ар түрдүү белги стилин ар кандай деңгээлдер үчүн башка тизмелерди тандап алгыңыз келиши мүмкүн. Биздин сабакты карап чыгыңыз Тизмектер үйрөнүш үчүн.
Кээде презентацияңызга кылдат өркүндөтүү абзацтары керек болушу мүмкүн. Муну сиз Сызгычта абзац белгилегичтерин жөнгө салуу боюнча жасай аласыз. Адатта, Сызгыч көрүнбөйт ошондуктан эң биринчи сызгычты көрсөтүү керек.
Абзац белгилери горизонталдуу сызгычтын сол жагында жайгашкан, жана алар бир нече чегинүү параметрлерин камсыз кылат.
Тизмелер менен иштеп жатканда, PowerPoint белгилердин ортосундагы боштукту жөнгө салууга жана биринчи сап абзац белгилерин же абзац белгилерин коюуну колдонууга мүмкүндүк берет.
PowerPoint ар бир сызыктын ортосундагы мейкиндик өлчөмүн же параграф ортолорун өзгөртүүгө мүмкүндүк берет. Слайдка көп саптар баткыдай кылыпсап боштуктарды азайта аласыз же болбосо окумдуулугун жакшыртуу чейин көбөйтүүгө болот. Кээ бир учурларда, PowerPoint автоматтык түрдө Тамганын көлөмүн сиз сап аралыгын жөнгө салып жатканда өзгөртөт, ошентип текстти өтө эле кичинекей кылганга алып келиши мүмкүн.
Эгер сиз тактык менен сап аралыгын жөнгө салгыңыз келсе, ылдый түшүү менюдан Сап Аралык Параметрлерин тандаңыз. Параграф диалог кутучасы пайда болот, жөнгө салуу сап аралыгына мүмкүндүк берет жана ар бир параграф боштугун жөнгө салат.
/en/tr_ky-powerpoint-2016/-inserting-pictures/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.