PowerPoint 2016 Негиздери: Гипершилтемелер (Hyperlinks)

Lesson 28: Гипершилтемелер (Hyperlinks)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-slide-master-view/content/

Гипершилтемелер

Интернетти колдонгон сайын, бир барактан башкасына өтүү үчүн гипершилтеме колдонушат. Эгер PowerPoint презентацияга интернет дарегин же электрондук почта дарегин камтыгыңыз келсе, сиз аны гиперлинк кылып форматтасаңыз болот, ошондо башка адам аны чыкылдата алат. Файл жана башка презентациядагы слайддарга да шилтеме берсе болот.

Кошумча: Биздин практика презентациябызды көчүрүү.

PowerPoint ичине гипершилтеме киргизүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Гипершилтемелер жөнүндө

Гипершилтемелердин эки негизги бөлүктөрү бар: интернет дареги, электрондук почта дареги, же башка интернетке шилтемелер (сүрөт же фигура да болушу мүмкүн). Мисалы, дарек https://www.youtube.com болушу мүмкүн жана YouTube экранда көрүнгөн текст болушу мүмкүн. Кээ бир учурларда, экран тексти менен дарек тексти окшош болушу мүмкүн. Сиз PowerPoint аркылуу гипершилтемени түзүп жатсаңыз, сиз интернет дарегин да, экран текстин да тандай аласыз.

Гипершилтемени кыстаруу үчүн:

  1. Гипершилтеме кылуучу сүрөттү, жана текстти тандаңыз.
  2. Тандалган текстти же сүрөттү оң баскыч менен чыкылдатып, Гипершилтемени чыкылдатыңыз. Ошондой эле сиз Кыстаруу өтмөгүнө кирип, Гиперлинк буйругун бассаңыз болот.
  3. Гиперлинкти Кыстаруу диалог кутучасы ачылат.
  4. Текстти тандалган болсоңуз, сөздөр жогору жакта - экранга чыгуучу текст деп пайда болот. Сиз кааласаңыз, бул текстти өзгөртө аласыз.
  5. Дарек талаасына сиз каалган шилтемени жазыңыз.
  6. ОК деп чыкылдатыңыз. Сиз тандаган текст же сүрөт интернет дарегине гипершилтеме болот.

Электрондук почта дарегине гипершилтемени кыстаруу үчүн:

  1. Тандалган текстти же сүрөттү оң-чыкылдатып, анан Гипершилтемени басуу керек.
  2. Гипершилтемени Кыстаруу диалог терезеси ачылат.
  3. Диалог кутусунун сол тарабындагы, электрондук почта дарегин чыкылдатыңыз.
  4. Сиз электрондук почта дареги кутусуна туташуу үчүн электрондук почтанын дарегин терип, андан кийин OK чыкылдатыңыз.

PowerPoint көп учурда электрондук почта жана интернет даректерин тааныйт, жана сиз Enter же аралык баскычты басканыңызда аларды автоматтык түрдө гипершилтеме катары тааныйт

Гипершилтемени ачып, сынаш үчүн:

  1. Сиз гипершилтемени түзгөндөн кийин, аны текшеришиңиз керек. Гипершилтемени оң-чыкылдатып, анан Гипершилтемени Ачуу баскычын чыкылдатабыз.
  2. Сиздин интернет браузер аны ачып жана шилтемеленген баракчага багыт алуусу керек. Эгер бул иштебесе, кандайдыр бир ката үчүн Гипершилтеме дарегин текшериңиз.

Слайд-шоу көргөзүлүп жатканда гипершилтемени ачуу үчүн, аны чыкылдатыңыз.

Гипершилтемени алып салуу:

  1. Гипершилтемени оң-чыкылдатуу.
  2. Гипершилемени алып салуу баскычын чыкылдатыңыз.

Көбүрөөк гипершилтемелер

PowerPoint аркылуу онлайн эмес ресурстарга гипершилтемелерди да колдоно аласыз. Бир слайддан экинчи слайдка тез өтүү үчүн, ал слайдка гипершилтемени түзө аласыз. Эгер сиз компьютериңизде сакталган файлга кирүү мүмкүнчүлүгү керек болсо, ага гипершилтемени түзө аласыз. Андан тышкары, PowerPoint сизге сүрөттөрдү жана фигураларды гипершилтеме катары форматтого мүмкүнчүлүк берет.

Фигура жана сүрөттөрдү гипершилтеме катары колдонуу

Кээде сиз фигуралар, текст кутучалары, жана сүрөттөрдү гипершилтеме катары форматтагыңыз келет. Сиз объектти баскыч катары көргүңүз келсе - бул пайдалуу болот. Бул үчүн, каалаган объектти оң баскыч менен чыкылдатып, пайда болгон менюдан Гипершилтемени тандаңыз. Гипершилтемени ачуу үчүн презентация учурунда объектти чыкылдатыңыз.

Дагы бир слайдга гипершилтемени кыстаруу үчүн:

  1. Тандалган текстти же сүрөттү оң баскыч менен чыкылдатып, анан Гипершилтемени басыңыз.
  2. Гипершилтемени кыстаруу диалог кутучасы пайда болот.
  3. Диалог кутусунун сол тарабынан Place баскычын бул документтен тандаңыз.
  4. Башка слайддар тизмеси пайда болот. Сиз шилтеме кылчутслайддын атын чыкылдатыңыз.
  5. ОК басыңыз. Текст же сүрөт эми сиз тандаган слайд үчүн гипершилтеме болот.

Фигурага гипершилтемени кошуу аракет баскычын түзүү сыяктуу. Фигураны баскычка айлантуу үчүн эмне керек тууралуу Аракет Баскычтары сабагыбызда көбүрөөк сүйлөшөбүз

Башка файлга гипершилтемени кыстаруу үчүн:

  1. Тандалган текстти же сүрөттү оң баскыч менен чыкылдатып, анан Гипершилтемени басабыз. Гипершилтеме диалог кутучасы пайда болот.
  2. Диалог кутусунун сол тарабындагы Файл же Веб Баракчаны чыкылдатыңыз.
  3. Файлыңызды серептөө үчүн жайылма жебени чыкылдатыңыз.
  4. Керектүү файлды тандаңыз
  5. ОК чыкылдатыңыз. Сүрөт же текст эми сиз тандаган файлга гипершилтеме болот.

Эгер сиз презентацияны башка компьютерден колдонсоңуз башка файлга гипершилтеме иштебей калышы мүмкүн. Шилтеме берилген файл башка компьютерге көчүрүп барыңыз жана гипершилтемелерди презентацияга чейин ар дайым текшериңиз.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практика презентациябызды ачыңыз.
  2. 2-слайдда Accomplishments фигураны тандап, 5-слайдка шилтеме түзүңүз.
  3. 11-слайдда Tax forms тандап, http://irs.gov гипершилтемени түзүңүз.
  4. 12-слайдда, USA.gov Retirement Resources текстинен гипершилтемени алып салыңыз.
  5. Даяр болгондо, сиз түзгөн гипершилтемелерди сынаңыз

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-action-buttons/content/