Интернет коопсуздугу: Телефон номурумду беришим керекпи? Телефон тастыктоосун колдонуу (Phone)

Lesson 11: Телефон номурумду беришим керекпи? Телефон тастыктоосун колдонуу (Phone)

/en/tr_ky-internet-safety/-plugins/content/

Телефон тастыктоосун колдонуу

Эгер сиз акыркы бир нече жыл ичинде Gmail , Outlook.com же Yahoo! Mail сыяктуу желе кызматын колдонгон болсоңуз, анда сиздин аккаунту тастыктоо үчүн телефондун номерин сураган болуш керек. Онлайнда биздин күндөлүк милдеттерибизди көбүрөөк жүргүзө баштаганыбызда, төлөмдөрдү төлөө, онлайн дүкөндөрдө соода сыяктуу, бул барган сайын көптөгөн интернет камсыздоочулар үчүн маанилүү болуп сиздин аккаунту аныкташып жана башка жаман аккунттардан коргошот. Сиздин тел номериңиз онлайн тейлөө камсыздоочуларына аныктап текшерүү үчүн жөнөкөй ыкмаларынын бири болуп саналат.

Тел тастыктоосу кантип иштейт?

Сиз аккаунту түзүүдө, же жоголгон сыр сөздү калыбына келтирүү үчүн аракет кылып жатканыңызда, тел номериңизди киргизүүнү сурашат. Сиздин камсыздоочу сизге текст кабарды жиберет (же телефонуңузга чалат ), анда сиз онлайнга кире турган тастыктоо коду болот. Бул аларга сиздин аккаунтка кирүүгө аракет жасап жаткан кимдир бирөө эмес экенин жана сиз реалдуу адам экениңизди билүүгө жардам берет. Мындайча айтканда, бул сиздин ким экениңизди далилдөө үчүн жеңил жол.

мобилдик телефондун кодун тастыктоо

Тел тастыктоо менин жеке купуялыгыма зыян келтиреби?

Бардык адамдар эле өзүлөрүн Google жана Microsoft сыяктуу ири компаниялар менен тел номерлерин бөлүшүүдө ыңгайлуу сезишпейт. Көптөгөн жеке маалыматтар берилип жаткандай көрүнүшү мүмкүн, ал эми, тел тастыктоо, негизинен, сиздин аккаунту коргоо үчүн экенин түшүнүү абдан маанилүү. Тел номериңиз кандайдыр бир башка себептерге колдонулушу өтө күмөн.

Биз укуктук жактан мындай сүйлөөгө мүмкүн эмес болсо да, биз кызмат үчүн дээрлик ар бир адам акыркы бир нече жылда бир нече онлайн кызмат тел тастыктоолорун колдонуп келет деп айта алабыз. Биз эч качан тигил камсыздоочулар менен аккаунтарыбызды тастыктоодон тышкары байланышкан эмеспиз, Тел номерлерибиз жарнамачыларга же теле базарларда сатылып кетпесине дагы ишеним артыгууга негиз бар. Ал тез байланыш номерин сыяктуу тел тастыктоо жөнүндө ой жүгүртүүгө жардам берет. Эгер бир нерсе сиздин аккаунтта туура эмес болсо, анда түздөн-түз онлайн кызмат көрсөтүүчүлөр сиз менен байланышка чыгуу үчүн жардам берет.

Кээ бир кызматтар, Google жана Facebook сыяктуу, ал тургай тел номериңизди колдонууга уруксат берет эки-баскыч текшерүү программасы менен. Негизинен, сиз жаңы комьпютер менен аккаунтуңузга кирген сайын, тастыктоо кодуна кирүү үчүн телефонуңузду колдонушуңуз керек. Бул кимдир бирөө сиздин аккаунтту бузуп киришине, кыйла кыйын болот.

Менде башка тандоолор барбы?

Эгер сиз кызматтын бул түрүн колдонууну жактырсаңыз, бирок дагы деле телефон номерин бергиңиз келбесе, төмөндө бир нече ыкмалар бар. Салыштырсак, бул кызматтар ар дайым эле жеке аккаунттун ыңгайлуу экенин айта алышпайт. Сиз буларды Google же Microsoft менен таап алышыңыз мүмкүн.

  • Hushmail : Бул акысыз электрондук почта кызматы билдирүүлөрдү шифрлейт, жарнамаларды ойтотпойт жана тел тастыктоону талап кылбайт.
  • DuckDuckGo : Бул акысыз изилдөө системасы, изилдөө тарыхын көзөмөлдөбөйт.
  • Burner : Бул сматфон колдонмосу убактылуу тел номерин түзөт. Сиз тел номериңизди текшерүү үчүн пайдаланышыңыз мүмкүн, бирок ал эки-баскыч текшерүү программасына иштебейт. Ошондой эле колдонмону колдонуу акысыз эмес экенин белгилешет.

/en/tr_ky-internet-safety/wifi-wifi/content/