Балдар үчүн интернет коопсуздугу: Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү (Teaching Kids About Internet Safety)

Lesson 1: Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү (Teaching Kids About Internet Safety)

Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү

Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга үйрөтүү

Интернет аркылуу сатып алууну, оюндарды ойноону, өз досторуң менен баарлашууну үйрөнө аласыз. Тилекке каршы,зөөкүрлөр, уурулар жана башкалар интернет аркылуу кирип сизге зыян келтириши мүмкүн. Коопсуздук үчүн сиз жана сиздин балдарыңыз ушул сыяктуу коркунучтар бар экенин билүү маанилүү.

Көпчүлүк балдар өзүлөрүн интернетте кантип коргоону билебиз деп ишенишет. Бирок, балдар коркунучка кабылып калышынын бир нече себептери бар. Алар иш-аракеттеринин кесепети жөнүндө ойлонбостон өздөрү жөнүндө өтө көп маалымат менен бөлүшүшөт. Кээде балдарды атайылап интернеттеги зөөкүр бузукулар бутага алышат.

Эгер сиз ата-энеси же камкорчусу болсоңуз балдарыңыздын коопсуздугу үчүн интернет тууралуу мүмкүн болушунча үйрөнгөнүңүз жакшы болот жана балдарыңыз менен Интернеттеги коркунучтар жана аны кантип колдонуу жөнүндө суйлөшкөнүңүз абзел.

Бул китеп жөнүндө

Бул окуу куралы балдарын онлайнда кантип коопсуздукту сактоону каалаган ата-энеге же камкорчуга арналат. Сиз алгач негизги түшүнүккө ээ болуш үчүн Интернет коопсуздугу окуу куралын карап чыгыңыз. Ушул окуу куралы аркылуу, эгер көбүрөөк маалымат алгыңыз келсе башка ресурстарга шилтемелерди колдоно аласыз. Биз балдарга жана өспүрүмдөргө керектүү кээ бир иш-чараларга, видеолорго жана башка ресурстарга шилтемелерди беребиз. Сиз бул ресурстарды кааласаңыз балдарыңызга көргөзүңүз же алар менен чогуу иштесеңиз да болот.

Эгер сиз Интернетти колдонуу негиздерин үйрөнгүңүз келсе, сиз Интернет 101 , Emai 101 жана Email Beyond окуу куралдарын карап чыксаңыз болот.

Интернеттеги коркунучтарды түшүнүү

Балдардын коопсуздугун сактоо үчүн сиз интернетте ар кандай коркунучтар бар экенин билишиңиз керек. Мисалы, балдар жана өспүрүмдөр интернеттен орунсуз, уят порнография же адепсиз сөгүнүүлөрдү таап алышы мүмкүн. Онлайн аркылуу башкалар тарабынан шылдыңдап кыжырга тийүүлөр болушу мүмкүн. Сиздин балаңыз бул коркунучтардын баарына туш болот дегенди билдирбейт. Бирок онлайнда коркунучтар бар экенин билүү сизге жана балдарыңызга ыкчам чечим чыгарууга жардам берет.

Бул жерде балдар дуушар боло турган бир нече коркунучтар.

  • Фишиң (балык улоо): Фишиң бул шылуундуктун бир түрү, шылуун сизди алдап жеке маалыматтарыңызды алууга аракет кылат. Адатта, электрондук почта, тез кабар, же сайт мыйзамдуу компанияларга окшош иштелип чыккан болот.
  • Пиратчылык: Интернет-дүйнөсүндө пиратчылык автордук укугу корголгон материалдарды мыйзамсыз таратуу болуп саналат. Бул музыка, тасмалар, телешоулор, жана программалык камсыздоолорду камтышы мүмкүн. Көп балдар материалдарды бөлүшүүдө өзүлөрүн күнөөсүз сезишет, бирок жыйынтыгында чоң айып пул төлөөгө алып келиши мүмкүн.
  • Cyber-stalking: Cyber-акмалап бул онлайнда кыжырга тийүү же коркутуу жүрүм-турумдары болуп саналат Бул тез кабарлашуу, текст кабарлары, электрондук почта, же коомдук тармактар аркылуу болушу мүмкүн. Эгер кылмышкер бала же өспүрүм болсо, анда аны көп учурда киберкуугунтук деп аташат.
  • Malware: Зыянкеч программалар- сиздин компьютердеги жеке маалыматтарыңызды уурдоо максатында иштелип чыккан зыяндуу программалык камсыздоо болуп саналат. Бул вирустарды,шпион программаларын жана башка программалык камсыздоолордун түрлөрүн камтыйт. Зыянкеч программалоо көп учурда жашыруун башка программалык камсыздоо менен бириктирилет, ошондой эле электрондук почта тиркемелери аркылуу вирустарды жайылтат.
  • Cyberbullying: Зөөкүр кыжырга тийген билдирүүлөр, текст билдирүүлөр, электрондук почта жана коомдук тармактар аркылуу интернетте пайда болот. Cyberbullies:Зөөкүрлөрдүн жаштары жабырланычуулар менен эле жашташ болушу же улуу болушу мүмкүн. Эгер кылмышкер чоң киши болсо анда ал негизинен киберкылмышкер же cyberharassment деп аталат.
  • Адепсиздик: Интернетте камтылган ар кандай мазмундагы парнография, зордук-зомбулукту жана орой тил менен жазылган нерселерди балдарыңыздын көрүшүн каалабайт болушуңуз керек.
  • Өтө көп көрсөтүү: Көптөгөн балдар жана өспүрүмдөр сүрөттөрүн жана өзүлөрү жөнүндө маалымат бөлүшкүсү келет. Кээ бир учурларда, бул маалымат онлайн кылмышкерлери тарабынан пайдаланылышы мүмкүн. Бул оңтойсуз сүрөт болушу мүмкүн жана баланын же өспүрүмдүн кадыр-баркына шек келтирет. Бул алардын коомдук жашоосуна таасир берет, ал тургай бир нече жыл кийин жумушка орношоордо тескери таасир этиши мүмкүн.

Башка коркунучтардын түрлөрү.

Комьпютерди колдонууда көзгө, билекке күч келиши мүмкүн жана башка зыяндары бар. Балдарыңызды комьпютерди жана уюлдук телефондорду колдонуусун чектөө менен ден соолугун алдын ала сактап калууга жардам бере аласыз. Зыяндуу нерселерди болтурбоо үчүн кеңештерди окуңуз коопсуз иш ордун түзүү биздин Комьпютердик негиздери кеңешмелер.

Балдарыңызга Интернетти пайдаланууну чектөөнүн дагы бир себеби бар: элдер онлайнда көбүрөөк убакыт өткөрүшсө, интернетке көз карандылык көйгөйү күчөйт. Интернет пайдалануу жакшы нерсе , бирок ага көз каранды болуп калса, анда ал адамдын күнүмдүк жашоосуна тескери таасир этиши мүмкүн.

барактын аягы

Интернетте пайда болчу коркунучтуу учурлар

Балдар интернетке туташканда этият болуулары зарыл себеби онлайн коркунучтары жаман сайттар менен эле чектелбейт. Чаттар, компьютердик оюндар, ал тургай, коомдук тармакташуу сайттары да кооптуу болушу мүмкүн. Балдарыңыздын уюлдук телефондору бар болсо, анда алар да жазышып же Интернетти колдонуп жатканда сак болуу керек.

Төмөнкү слайдшоулорду карап чыгып онлайнда балдарга кандай коркунучтар бар экенин билсеңер болот.

барактын аягы

Балдардын коопсуздугун сактоо үчүн эрежелер.

Балдарды онлайнда толугу менен сактап калуу оор болушу мүмкүн. Эгер сиз үйдөгү компютерге көзөмөл койсоңуз, балдарыңыз көзөмөлү жок башка комьпютерлерди колдонушат. Сиз балдарыңыздын жанында болбогон учурда да, алардын коопсуздугу үчүн онлайнды колдонуунун туура жактарын үйрөтүшүңүз керек.

Төмөндө балдарды онлайн коопсуздугу жөнүндө үйрөтүүнүн бир нече ыкмалары:

Интернетти пайдалануу жөнүндө бала менен сүйлөшүү Интернет колдонуу жөнүндө бала менен сүйлөшүү
  • Интернет жөнүндө мүмкүн болушунча үйрөнүү керек. Интернет менен тааныш болуу, зыяндуулуктарды түшүнүүгө эле жардам бербестен,балдарыңыз менен сүйлөшүүгө жардам берет.
  • Интернетте ченемдерди коюшуңуз керек. Балдарыңыз эмнени жасаш керек жана эмнелерди жасабаш керектигин. Балдардан эмнени күтүп жатканыбызды билүү үчүн эрежелерди иштеп чыгуу маанилүү. Эрежелерди түзүүнү сөзсүз эле жаман бир нерсе болгондо баштабаңыз.
  • Балдарыңызды жеке маалыматтарын сактоого үйрөтүңүз. Адатта интернетке өздүк маалыматтарын мисалы, телефон номерин, даректерди жана кредиттик карталарын жүктөө жаман идеа. Эгерде кылмышкерлер маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө ээ болсо, анда алар сизге же үй-бүлөңүзгө зыян келтирет.
  • Балдарыңызды социалдык тармактарды колдонуудагы коопсуздукка үйрөтүңүз. Facebook сыяктуу сайттар, колдонуучулардын сүрөттөрүн жана өзүлөрү жөнүнүдөгү видеолору менен бөлүшүгө, ошондой эле, достор жана бейтааныш адамдар менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк берет. Балдарыңыз достору менен бир нерсени бөлүшсө деле, туура эмес колдорго түшүп калышы мүмкүн. Негизинен алганда, онлайнга дүйнө жүзүндөгү ар бир көргөн адамга ыңгайлуу гана нерсени жүктөш керек.
  • Балдарыңызда көйгөй пайда болсо, анда колдоо көргөзүңүз. Эгер балаңыз онлайнда кыйынчылыкка дуушар болсо, ал жашырбастан сизге кайрылуусуна шарт түзүңүз. Эсиңизде болсун балдарыңыз баардыгын туура жасап жатып эле кокустан жаман сайтка кабылып калышы мүмкүн.
  • Интернетти колдонуу жөнүндө балдарыңыз менен сүйлөшүңүз. Интернетти кантип колдонушу жөнүндө дайыма балдарыңыз менен сүйлөшүңүз. Алар интернет жөнүндө силерге айтып көнүп калышса, анда кандайдыр бир көйгөй бар болсо, сизге дайыма келүүгө даяр болот.

OnGuardOnline.gov бул сайттан пайдалуу видеолорду жана башка ресурстарды таба аласыз. Интернет коопсуздугу жөнүндө балдарга көбүрөөк айтып берүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

барактын соңу

Үйдө тобокелдиктерди минималдаштыруу

Тобокелдиктерди азайтуу үчүн компьютерди конок бөлмөдө сактоо Тобокелдиктерди азайтуу үчүн компүтерди жалпы (конок) бөлмөдө сактоо

Эгер үйдө балдарыңыз колдонгон компьпютер бар болсо, анда коопсуздук үчүн бир нече кошумча чараларды колдонуңуз. Эсиңизде болсун балдарыңыз үйдөн тышкары учурда да башка компьютерлерди колдонушу мүмкүн ошондуктан бул кошумча чаралар да аларды коопсуздандыра албай калышы мүмкүн. Ошондой эле, бул тек гана сунуш экенин эстен чыгарбашыңыз керек. Ата-эне катары балдарыңыздын жаш курагына жараша, айтылгандын бардыгын колдоно бербеңиз.

  • Алардын чоочун адамдар менен сүйлөшүп калуу, же болбосо туура эмес сайттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу үчүн, комьпютерди үйдүн жалпы бөлмөсүнө коюу зарыл. Өспүрүм үчүн, комьпютерди кайсы жерде колдонушун тандоого көбүрөөк эркиндик беришиңер керек. (эгер алардын өздүк комьпютерлери бар болсо).
  • Антивирус программасын орнотуу керек. Комьпютердин коопсуздугу үчүн, мисалы төмөндөгү антивирус программаларын орното аласыз BitDefender , Norton , же Kaspersky .
  • Жаш балага жеңилирээк издөө системасын колдонуңуз. Бирок, регулярдуу издөө системалары сиз балдарыңыздын көрүшүн каалабаган орунсуз жыйынтыкка алып келиши мүмкүн. Мисалы KidsClick! , KidTopia жана KidRex.org .
  • Ата-эне көзөмөлүн колдонуу. Windows жана Mac OS X программалары колдонуучулардын билдирүүлөрүнө ата-эне көзөмөлдөрүн кошо алат. Буларга убакытты, вебсайтты чектөөлөр жана дагы башка колдонуулар кирет. Ошондой эле ата-энелик көзөмөл программасын сатып алууга болот Net Nanny , Windows жана Mac версиялары үчүн.

барактын соңу.

Интернет коопсуздугу боюнча келишим түзүү

Интернет коопсуздук келишимин окуу Интернет коопсуздук келишимин окуу

Интернет көрсөтмөлөрүн (сунуштарын) калыптандыргандан кийин, аларды жазып коюну каалашыңыз мүмкүн. Балдарыңыз кол койгудай кылып Интернет коопсуздук келишимин түзө аласыз, жана анын көчүрмөсүн комьпютердин жанына сактап койсоңуз болот.

Ошондой эле учурда иштеп жаткан келишимдерди жүктөп жана басып чыгарып алсаңыздар болот. Мисалга үй- бүлөлүк Online коопсуздук келишимин бул жерден жүктөп алсаңыз болот . Келишим кошумча ата-энелер келишимин камтыйт жана бул колдонмо сизге пайдалуу болушу мүмкүн.

/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-online-predators/content/