/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-cyberbullying/content/
Социалдык тармакташуу сайттары болуп көрбөгөндөй популярдуу болду жана алар элдин Интернетти колдонуу жолдорун өзгөртүп жатат. Бир нече абдан популярдуу сайттар Facebook, Google+ жана Twitter болуп саналат. Бул сайттар адамдардын достору менен байланышып турууга, шилтемелерди бөлүшүүгө, иш-чараларды пландоого жана дагы башка көп нерселерди жасоого мүмкүнчүлүк берет.
Көпчүлүк өспүрүмдөргө жана жаш балдар үчүн социалдык тармактар, алардын жашоосунун маанилүү бөлүгү болуп саналат, анткени алар кайда гана болбосун достору менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүгү болот. Социалдык тармактар жаман нерсе эмес, бирок бир аз тобокелдиктер бар экенин балдарыңыз билиши керек.
Көптөгөн социалдык тармакташуу сайттары аккаунт түзүүдө жаш курагына жараша талаптары бар. Мисалы, Facebook 13 жашка чыга электерге кирүүгө мүмкүнчүлүк бербейт. Бирок, көптөгөн балдар кошулуу үчүн, жаш курагы тууралуу калп айтышат, жана кээ бир ата-энелер уруксаат беришип, атүгүл аларга кошулууга жардам берет.
Эсиңизде болсун жаш курактык чектөөлөр баланын купуялыгын коргоо үчүн түзүлгөн. Эгер балаңыз социалдык тармактык сайттарды колдонуп жатса, ар бир сайттын эң төмөнкү жаш курагы канчада болуш керек экенин билишиңиз керек.
Facebook коопсуздугу жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн, Facebookдун бул сайттына барыңыз - .
Социалдык тармактар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн, биздин Facebook жана Twitter кеңешмелерин окуңуз.
барактын соңу
Социалдык тармактар көптөгөн сүрөттөрдү, видеолорду, шилтемелерди жана жеке маалыматтарды бөлүшүүлөрдү камтыйт. Көптөгөн балдар жана өспүрүмдөр буларды достору менен бөлүшүп ыракат алышат, бирок, чынында, алар ойлогондон да көп адамдар менен маалымат алмашуусу мүмкүн. Мисалы, 2010-жылдын TRUSTe менен изилдөөсү өспүрүмдөрдүн 68 пайызы бейтааныш кишилердин дос болуусун кабыл алышкан жана 8 пайызы баардык дос болуу өтүнүчүн кабыл алышкан. Бул баардык "досторго" ишене берүүгө мүмкүн эмес дегенди билдирет.
Эгер балдарыңыз менен социалдык тармактар жөнүндө сүйлөшсөңүз, алардын коопсуз үчүн, аларды төмөнкү көрсөтмөлөрдү бере алат.
OnGuardOnline.gov этияттык менен бөлүшүү маанилүү экенин көрсөткөн Video жасалган. Сиз балдарыңыз же өспүрүмдөр менен бирге көрүүнү кааласаңыз.
барактын соңу.
Facebook сыяктуу сайттар маалымат бөлүшүүдө бир аз контрол жасай алса да сиздин профилдин кайсы бир бөлүгү, адатта, ар бир адам үчүн апачык көрүнүп турат. Эгер балдарыңыз өздүк профилин интернетке жайгаштырса, анда алар профилдеринде өтө көп маалыматты салууда, сактык чараларын көрүүлөрү тийиш.
Бул жерде коопсуз тармактык статусун түзүү тууралуу көбүрөөк маалымат.
Балдар жана өспүрүмдөр: профилди түзүү үчүн, текшериңиз Book Cafe Оюн Федералдык соода комиссиянын өз ара аракети.
/en/tr_ky-internet-safety-for-kids/-filesharing-networks/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.