Google Карталар: Google Карталар деген эмне? (What is Google Maps?)

Lesson 1: Google Карталар деген эмне? (What is Google Maps?)

Google Карталар деген эмне?

Автору: Билл

Дагы бир жолу биз кайдабыз?

Мен кичинекей кезде, ата-энем менен жылына бир жолудан кем эмес, сапарга барып келет элек. Кээде биз кумжээкке, кээде тоолорго, кээде жөн гана биз мурда бара элек жерлерге барчубуз. Биз кайда барбайлы, биз бир нерсени жаныбызга ала жүрчүбүз, бул -карта.

Тактап айтканда, мен төрөлө электе ата-энем сатып абдан чоң карта: Rand McNally'нин толук АКШнын (жана курчап аймактардын) жол Атласы. Биз кайсы жерде болбойлу, биз картанын бир жеринде болчубуз, ошондуктан биз толугу менен адашып кетпээрибизди билчүбүз.

Ошол эле барчу жерлер, ар кандай куралдар.

Бүгүнкү күндө, мен ата-энемдин унаасында так ошол картаны таап алсам таң калат элем. Ал толугу менен ишке жараксыз эмес, бирок алар андан да колдонгонго жеңил нерсени табышкан. Ал: Google Карталары .

Google Карталар бул Google'дун акысыз онлайн картасы. Бул сиздин браузер аркылуу же мобилдик түзмөктөрдөгү колдонмолор аркылуу жеткиликтүү. Сиз, Google Карталары аркылуу кадам артынан кадам багыттарды, жергиликтүү ишканалар тууралуу маалыматты жана башка көп нерселерди ала аласыздар! Мисалы, биз биздин сайтка мазмунду кайдан алат деп ойлондуңуз беле? Аны төмөндөгү Google картадан караңыз!

Багыттарды алыңыз!

Мен биринчи жолу бир жакка бара жатсам, багыттарды алуу үчүн Google Карталарды колдоном. Жөн ганаmaps.google.com сайтына баш багып, багыттары тандап, жана көздөгөн жериңизди жазыңыз. Бул видео ал кандай иштээрин көрсөтөт:

(Андан да жакшы) багыттарды алыңыз

Эгер смартфонуңуз болсо, анда Google Карталар колдонмосун колдоно аласыз. Бул колдонмо сизге акысыз кайрылуу багыттар берип турат. Сиздин телефон качан солго кайрылыш керек экенин, U-формасында бурулуу, же жөн гана айдап кете берүүнүайтып турат. Google Карталар сиз бара жаткан жолдо унаа тыгыны барбы, аны айтып, кошумча жол менен барууну сунуштайт.

Тез маалымат табуу

Google Карталар жөн гана жол таап бербейт. Картанын ичинде ар кандай жерлер жөнүндө көптөгөн маалыматтар бар. Мисалы, сиз жергиликтүү кофе дүкөнүнүн дарегин издеп жатсаңыз, жөн гана анын атын жазып таап аласыз. Ошондой эле, ал дүкөн канчага чейин иштээрин билесиз жана сайтынын шилтемесин алып аласыз.

Изилдеңиз

Google Карталар чындап эле пайдалуу курал. Сиз кайда бара жатсаңыз ал жардам берет жана ал жакка барганга чейин эмне билүүңүз керектигин аныктайт. Google Карталар тууралуу менин сүйүктүү нерселеримдин бири - бир аз иш жүзүндө колдонгонго жеңил эмес.

Кагаз картадан айырмаланып, Google Карталар бир облус же өлкө менен эле чектелбейт. Чынында, ал дүйнө жүзү боюнча дээрлик ар бир өлкө үчүн карталары бар. Google Карталар жөн гана карта эмес, анткени спутниктен тартылып алынган сүрөттөрү, колдонуучу жиберген сүрөттөр, жана Google'дун күчтүү көчө көрүнүшү муну тастыктайт. Бул интерактивдүү атлас, же дүйнө жүзүндөгү жерлер, аны жердеген элдер жөнүндө көбүрөөк билүү жолу.

Google Карталарга альтернативалар.

Биз Google Карталар тууралуу айттык, бирок анын ордуна бир нече эркин карталарды да колдонсоңуз болот. Алардын айрымдары ал тургай компьютериңизде же мобилдик түзмөгүздө алдын ала орнотулган болушу мүмкүн. Кайсынысын колдоно турганды билбей турсаңыз, булардын ичинен бир нечени байкап көрүңүз:

/en/tr_ky-google-maps/google-using-google-maps/content/