Google Карталар: Google Карталар тууралуу балким сиз билбеген үч нерсе (Three Things)

Lesson 4: Google Карталар тууралуу балким сиз билбеген үч нерсе (Three Things)

/en/tr_ky-google-maps/google-getting-directions/content/

Google Карталар тууралуу балким сиз билбеген үч нерсе

Сиз Google менен тааныш болсоңуз, балким Google Карталар популярдуу онлайн кызматы тууралуу билээрсиз. Google Карталар сиз шаар же өлкө ичинде бара жатсаңыз да, багыттарды таап берүүгө, багыттарды оңой табууга жардамын берет. Жөн гана дарегин киргизиңиз жана Google Карталар сиз көздөгөн жерге өтө ыңгайлуу жол табат. Сиз үйдөн чыкпай эле Google Карталар аркылуу дүйнө жүзү боюнча жаңы жерлерди жеңил өздөштүрө аласыз. Бай спутниктик жана аэро сүрөттөрдү көрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз.

Google Карталардын Скриншоту

Көп адамдар буга чейин бул негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу билсе дагы, алар Google Карталар сунуштаган ар түрдүү мыкты куралдарды жана жолдорду билбеши мүмкүн. Биз жакшы көргөн айрым функцияларды сиз менен бөлүшкүбүз келет.

Унаа же эмне менен жүрөөрүңүздү тандаңыз

Google Карталар сизге 130 дан ашуун өлкөлөрдө унаа менен багыттарды издөөгө мүмкүнчүлүк берет, бирок сиз жайгашкан жериңизге жараша,велосипед, коомдук транспорт, же жөө багыттарын издей аласыз. Көздөгөн жериңизди жазып жатканда жөн гана транспорт түрүн тандаңыз, жана Google Карталар жолду сиз үчүн ыңгайлаштырат. Унаа менен бир чет өлкөлүк шаарына сапар пландаштырып жатсаңыз же үйүңүзгө жакын бир велосипед жолун издеп жатсаңыз да, Google Карталар сизге жеңил жетүүгө жардам берет.

Google Карталардын Скриншоту

Google Көчө Көрүнүшү

Толук спутник сүрөттөрүнөн тышкары, Google Карталар Көчө көрүнүшү деп аталган кызматтан көчө денгээлинен алынган сүрөттөрдү көрсөтөт. Бул панорамалык сүрөттөр сизге 40-тан ашуун өлкөлөрдө тартылган миллиондогон километр жолдун сүрөттөрүн көрүүгө мүмкүндүк берет. Кийинки жолу туура кантип кайрылышым керек деп ойлонуп жатсаңыз, визуалдык түшүнүк алыш үчүн көчө көрүнүшүн текшерип көргүлө. Сиз ошондой эле Көчө Көрүнүншү менен виртуалдык бир сапар алсаңыз болот. Ал сапарда сонун жерлердин кооз сүрөттөрүн табыңыз. Көчө Көрүнүшү режимине кирүү үчүн жөн гана казык кишинин сүрөтүн картанын жогору жагына сүйрөп барыңыз.

Google Карталардын Скриншоту

Салттуу Google Карталар

Эгер чындап эле өзүңүздү чыгармачыл сезип жатсаңыз, Google Карталар сизди кызыктуу үйрөнчүк картага кошулууга мүмкүнчүлүк берет. Google аккаунтунун жардамы аркылуу, сиз достор жана үй-бүлө менен өз ылайыкташтырылган, уникалдуу картаны бөлүшө аласыз. Ыңгайлаштырылган карталар сизге жерлерди, сүрөттөөлөрдү белгилөөгө, сүрөттөрдү кошууга, жана өз багыттарыңызды кошууга мүмкүнчүлүк берет. Ал карта сиздин кийинки эс алууңузду же үй-бүлөңүздүн жолугушуусун пландаганды жеңилдетет. Жөн гана "Менин Жерлерим" баскычын чыкылдатыңыз, жана "Картаны баштоону" тандаңыз.

Google Карталардын Скриншоту

Сиз Google Карталарды колдонгонду жакшы көрсөңүз, анда бул башка жакшы функцияларын жана кызматтарын карап көрүңүз.

  • Google Earth : Google'дун акысыз иш-такта колдонмосу. Ал сизди Google Карталарынын бардык фунциясын 3 D форматында колдонгонго мүмкүнчүлүк берет.
  • Hello World: Google Карталардын тарыхын, өнүгүшүн, ошондой эле өзгөчөлүктөрү тууралуу көбүрөөк билүү.
  • Google Map Maker : Эгер сиз картадагы жол мындан ары жок болгонун, же бизнес жабылып калганын байкасаңыз, сиз анда Google Карталарга өз түзөтүүлөрүңүздү киргизиш үчүн Google Map Maker'ди колдоно аласыз.
  • Google Art Project : Google Карталардын "Көчө Көрүнүшү" технологиясын пайдаланып, Google Art долбоору дүйнө жүзүндөгү ондогон музейлерге виртуалдык турга барууңузга мүмкүндүк берет.
  • Google Ай жана Google Марс : Эмне үчүн бир планета мененчектелесиз? Аполлон ай миссиясынын жана Марс планетасынын жогорку сапаттагы сүрөттөрүн караңыз.