Excel 2016 Негиздери: Көптөгөн иш-барактары менен иштөө (Multiple Worksheets)
5c49cc24b97c373b3ccb3ee05c49d1f4b97c373b3ccb3ee9
Lesson 9: Көптөгөн иш-барактары менен иштөө (Multiple Worksheets)
/en/tr_ky-excel-2016/-number-formats/content/
Көптөгөн иш-барактары менен иштөө
Ар бир иш-китебинде демейки боюнча, жок дегенде, бир иш-барагы бар. Ири өлчөмдөгү маалыматтар менен иштөөдө сиз иш-китебиңизди уюштуруш үчүн, жана ичиндеги мазмунду табыш оңой болушу үчүн бир нечн иш-баракчаларын түзүп коюу туура болот. Сиз ошондой эле иш-баракчаларын тез маалыматты бир учурда киргизиш үчүн топтоп койсоңуз болот.
Бир нече иш-баракчаларын колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.
Жаңы иш-баракчасын кыстаруу үчүн:
Excel терезесинин төмөнкү-оң бурчундагы Жаңы баракча баскычын таап, тандаңыз.
Жаңы бош иш-барагы пайда болот.
Алдын ала, сиз Excel'де түзгөн иш-китебиңиз бир иш-барагын камтыйт, анын аты Sheet1. Демейки иш-барактарынын санын өзгөртөм десеңиз, Экрандын арткы көрүнүшүнө барып, Параметрлер, анан каалаган иш-барактын санын тандаңыз.
Иш-барагын көчүрүү үчүн:
Эгер бир иш-барактын мазмунун башка иш-барагына көчүрөм десеңиз, Excel ага жол берет.
Сиз көчүргүңүз келген иш-баракты оң баскыч менен чыкылдатыңыз, анан иш-баракчасы менюсунан Жылдыруу же Көчүрүү буйругун тандаңыз.
Көчүрүү же жылдыруу диалог кутучасы пайда болот. Баракча кайда болоорун тандаңыз Биздин мисалда, биз оң жагындагы баракчаны тандайбыз.
Көчүрмөсүн түзүү кутуну белгилеп, андан кийин OK чыкылдатыңыз.
Иш барагы көчүрүлөт. Бул түпнуска аталышын жана версия номурун да камтыйт. Биздин мисалда, биз Ноябрь иш-барагын көчүрдүк, эми биздин иш барагыбыз Ноябрь (2) атка ээ болду. Ноябрь барагынан бардык мазмун жаңы баракчага көчүрүлдү.
Ошондой эле сиз иш-барагын такыр башка иш-китепке көчүрө аласыз. Сиз каалаган ачык иш-китебин тандай аласыз.
Иш-китебинин атын өзгөртүү үчүн:
Сиз каалаган иш-барагын оң баскыч менен чыкылдатыңыз, анан иш-барак менюсунан Атын Өзгөртүү буйругун тандаңыз.
Каалаган аталышты териңиз.
Иш-баракчасы өтмөгүнөн тышкары каалаган жерди чыкылдатыңыз. Иш барагынын аталышы өзгөрөт.
Иш-барагын жылдырыш үчүн:
Иш барагын чыкылдатып, каалаган жерге жылдырыңыз.
Чычканды бошоткула. Иш-барагы жылат.
Иш-барагынын түсүн өзгөртүү үчүн:
Каалаган иш-баракты оң баскыч менен чыкылдатып, Түс өтмөгүнө курсорду алып баргыла. Түс менюсу пайда болот.
Керектүү түстү тандаңыз.
Иш-барак түсү өзгөрөт.
Иш-барактын түсү иш-барагы ачык учурда көп байкалбайт. Башка иш-барагын тандап, иш-барагы тандалбай турганда кандай көрүнөөрүн баамдаңыз.
Иш-барагын жок кылуу үчүн:
Сиз жок кылгыңыз келген иш-баракчаны оң баскыч менен чыкылдатыңыз, чыккан менюдан Delete тандаңыз.
Иш барагы сиздин иш-китепчеден жок кылынат.
Эгер кээ бир иш-баракчалардын жок болуп кетүүсүнүн алдын алам десеңиз, анда каалган иш-баракчаны оң баскыч менен чыкылдатып, ачылган менюдан Кагазды коргоону тандасаңыз болот.
Иш-барактарын топтоо жана топтон чыгаруу
Сиз ар бир иш-барагы менен өз-өзүнчө иштей аласыз, же бир эле учурда бир нече иш барагы менен иштей аласыз. Иш-барактары топко бирге чогултулушу мүмкүн. Топтогу бир иш-баракта болгон өзгөрүү топтогу ар бир иш-барагында да болот.
Иш барактарын топтоо үчүн.
Иш-барактар тобуна кошкуңуз келген биринчи иш-баракты тандаңыз.
Баскычтоптон Ctrl баскычын басып, кармап туруңуз. Топто каалаган кийинки иш-барагын тандаңыз.
Каалаган иш-барактарын тандай бергиле, анан Ctrl баскычын коё бериңиз Иш-барактары эми топтошту.
Иш-барактары топтоштурулуп жатканда, топтун ичиндеги каалагн иш-барагына чабыттасаңыз болот. Бир иш-барагына болгон өзгөрүү топтогу ар бир иш-баракта пайда болот. Бирок топтогу эмес иш-барагын тандасаңыз, бардык иш-баракатрыңар топтон чыгып калат.
Иш-барактарын топтон чыгаруу үчүн:
Топтогу иш-барагын оң баскыч менен чыкылдатып, анан иш-барак менюсунан Барактарды топтон чыгаруу буйругун басыңыз.
Иш-барактары топтон чыгат. Ошондой эле топко кирбеген иш-барагын басып койсоңуз болот.