/en/tr_ky-excel-2016/-intro-to-pivottables/content/
Мурунку сабактан билгенибиздей, Айлантуу Жадыбалын тааныштыруу үчүн , Айлантуу Жадыбалын маалыматтардын дээрлик бардык түрүн талдап жана корутундулап чыгууга колдонсок болот. Айлантуу Жадыбалын башкарууга жана дайындарыңызды түшүнүүгө жардам берүү үчүн, Excel үч кошумча куралдарды сунуштайт: чыпкалоолор, кескичтер жана Айлантуу Диаграммалары.
Кошумча: Биздин практикалык ишкитепти жүктөп алыңыз.
Айлантуу Жадыбалдарын жакшыртуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөндөгү видеону көрүңүз.
Кээде дайындардын айрым бөлүмүнө басым жасашыңыз мүмкүн. Чыпкалар сизге керектүү маалыматты гана көрө ала тургандай кылып, Айлантуу Жадыбалда маалыматтарды тарытып(кичирейтип) колдонууга мүмкүндүк берет.
Төмөндө көрсөтүлгөндөй, биз жеке сатуунун ар бир регионго кандай таасир берип жатканын аныктоо үчүн белгилүү бир сатуучуларды чыпкалап алабыз.
Кескичтер Айлантуу Жадыбалында дайындарды чыпкалоону жеңилдетет. Кескичтер негизинен эле чыпкалар болуп саналат, бирок дайындарды ыкчам айлантууга мүмкүндүк берүү менен, пайдаланууга тезирээк жана жеңилирээк болот. Эгер сиз Айлантуу Жадыбалын тез-тез чыпкаласаңыз, анда чыпкалардын ордуна кескичтерди колдонгуңуз келет.
Ошондой эле баардык элементтерди бир учурда тандоо үчүн кескичтин жогорку оң бурчундагы Чыпка сүрөт белгини баса аласыз.
Айлантуу диаграммалары кадимки эле диаграммаларга окшош, болгону алар дайындарды Айлантуу Жадыбалдан көрсөтөт. Кадимки диаграммалар сыяктуу, сиз мыкты маалыматтарды тааныштыруу үчүн диаграмма түрүн, жайгашуусун жана стилин тандап аласыз.
Төмөндөгү мисалда, биздин Айлантуу Жадыбал ар бир региондун сатуу көрсөткүчтөрүнүн бир бөлүгүн көрсөтүүдө. Биз көбүрөөк так маалымат көрүү үчүн Айлантуу Диаграммасын колдонобуз.
Сиздин Айлантуу Диаграммадан маалыматтарды тарытуу үчүн чыпкаларды же кескичтерди колдонуп көргүлө. Маалыматтардын ар түрдүү топтомун көрүү үчүн, Айлантуу Жадыбалдан тилкелерди же катарларды өзгөртүңүз. Төмөндөгү мисалда, биз ар бир сатуучу үчүн ай сайын сатууну көрүү үчүн Айлантуу Жадыбалды өзгөртүп койдук.
/en/tr_ky-excel-2016/-whatif-analysis/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.