Excel 2016 Негиздери: Диаграммалар (Charts)

Lesson 22: Диаграммалар (Charts)

/en/tr_ky-excel-2016/-tables/content/

Диаграммалар

Excel иш китептериндеги көп дайындарды чечмелөө кыйын болушу мүмкүн. Диаграммалар сиздин иш китептеги дайындар графикасын салыштырууга жана багыттарын элестетүүнү жеңилдетип түшүндүргөнгө мүмкүнчүлүк берет.

Кошумча: Биздин практикалык иш китептижүктөп алыңыз .

Диаграммалар тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.


Диаграммаларды түшүнүү

Excel де диаграммалардын бир нече ар кандай түрлөрү бар, алар сиздин дайындарга мыкты жагынан дал келүүсүн тандап алууга мүмкүнчүлүк берет . Натыйжалуу диаграммаларды пайдалануу үчүн, кантип ар кандай диаграммалар колдонула турганын түшүнүү керек.

Excel диаграммаларынын түрлөрү жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөндөгү слайдшоу жебелерди чыкылдатыңыз.

  • слайд 1

    Excel де ар кандай диаграмма түрлөрү бар, ар бири өзүнүн артыкчылыктары менен. Excel-де диаграммалардын кээ бир түрлөрүн кантип жеткиликтүү болорун көрүү үчүн жебелерди чыкылдатыңыз.

  • слайд 1

    Тилке диаграммалары дайындарды тик тилкелерде пайдаланышат. Алар маалыматтардын ар кандай түрлөрү менен иштей алышат, бирок, алар маалыматтарды салыштыруу үчүн абдан көп колдонулат.

  • слайд 1

    Диаграмма сызыктары багыттарды көрсөтүү үчүн идеалдуу болуп саналат. Дайындар белгилегичтер сызыктары менен байланышкан, баалуулуктардын өсүшү же убакыттын өтүшү менен азайуусун көрүү жеңил болот .

  • слайд 1

    Пирог диаграммалары менен ченемдерди салыштыруу жеңил болот. Ар бир маани балл токочтун бир үзүмүндөй эле көрүнүп турат, ошондуктан бул маанилердин бүтүндөй пайызын түзгөнүн көрүү үчүн жеңил болот.

  • слайд 1

    Тилке диаграммалары тилкелер диаграммалар сыяктуу эле иштейт, бирок алар тик тилкелерге караганда туурасынан колдонушат.

  • слайд 1

    Аянт диаграммалары сызык диаграммаларына окшош, сызыктар менен ​​толтурулган аянттарды эске албаганда.

  • слайд 1

    Үстүнкү диаграммалар 3D ландшафт дайындарын көрсөтүүгө жол берет. Алар ошол эле учурда маалыматтын ар түрдүү көрө берип, ири маалымат топтому менен жакшы иштейт.

  • слайд 1

Диаграмма түрлөрүнөн тышкары, диаграмманы кантип окууну түшүнүү керек. Диаграммалар бир нече ар кандай элементтерден же дайындарды чечмелөөгө жардам берүүчү бөлүктөрдөн турат.

Төмөндө диаграмманын ар түрдүү бөлүктөрүн үйрөнүү үчүн интерактивдүү баскычтарды чыкылдатыңыз.

  • Диаграмма Аталышы: Диаграмма эмнени түшүндүрөрүн аталышы даана сүрөттөп бериш керек.
  • Тик октор: Тик октор, у огу сыяктуу эле белгилүү болгон, диаграмманын тик бир бөлүгү болуп саналат. Бул жерде, тик октор катарлардын чоңдугун өлчөп аныктайт. Бул мисалда, өлчөнгөн чоүдук ар бир жанрдын жалпы сатуусу болот.
  • Горизонталдуу октор: горизонталдуу октор, х огу катары белгилүү болуп, горизонталдык бөлүгү болуп саналат. Бул жерде, горизонталдык октор диаграмманын категорияларын аныктайт. Бул мисалда, ар бир жанр өзүнүн тобу менен жайгаштырылат.
  • Дайындар Сериялары: Дайындар сериялары диаграмманын белгилегичтеринен турат. Бул мисалда, биз легендадан көрүп жүргөндөй, сары тилкелер февраль айындагы таза сатуу кирешени билдирет.
  • Легенда: легенда дайындардын сериясын ар бир түс жана берилмелер катары аныктайт. Бул мисалда, легенда диаграммадагы ар бир айларды аныктайт.

Диаграмманы кыстаруу үчүн:

  1. Диаграммадагы уячаларды тандаңыз, анын ичинде тилке аталыштарын жана катар белгилери менен. Бул уячалар диаграмма үчүн баштапкы дайындары болот. Биздин мисалда, биз уячалар A1 : F6.тандап алабыз
    уячаларды тандоо
  2. Кыстаруу өтмөгүнөн тартып, каалаган Диаграмма буйругун чыкылдатуу. Биздин мисалда, биз Катарды тандап алабыз.
    Кыстаруу өтмөгүнөн тартып Тилке диаграммалар тандоо
  3. Калкып түшмө менюсунан каалаган диаграмма түрүн тандаңыз.
    Диаграмма түрүн тандоо
  4. Тандалган диаграмма иш баракка киргизилет.

    Диаграмма иш баракка киргизилген

Эгер сиз диаграмманын кайсы түрү колдонууну билбей жатсаңыз, Сунушталган Диаграммалар буйрук булагы маалыматтарынын негизинде бир нече ар кандай диаграммаларды сунуш кылат.

 Сунушталган диаграммалар буйрук тандоо

Диаграмма жана жайгашуу стили

Диагрмманы киргизгенден кийин, сиздин дайындарды көрсөтүү үчүн сиз өзгөртүүнү каалаган кээ бир нерселер бар. Бул Дизайн өтмөгүнөн диаграмманын жайгашуусун жана стилди кошуу оңой болот.

  • Excel сизге диаграмма элементтерин кошууга, диаграмма аталыштарына окшош, легендалар жана дайындар белгилери, диаграмманы окууну жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берет. Диаграмма элементтин кошуу үчүн, Дизайын өтмөгүндөгү, Диаграмма Элементин Кошуу буйрука чыкылдатыңыз, андан кийин ылдый түшмө менюсундагы керектүү элементти тандаңыз.
     Дизайн өтмөгүнөн Диаграмма Элементин Кошуу буйрук тандоо
  • Диаграмма аталышы сыяктуу диаграмма элементи кошуңуз, толтургучка кош чыкылдатуу менен жазып баштаңыз.
    Диаграмма аталышын түзөтүү
  • Эгер сиз диаграммага элементтерди жекече кошкуңуз келбесе, анда Excel, де алдын ала жайгаштырууларынын бирин колдоно аласыз. Жөн гана Тез Жайгашуу буйругун чыкылдатыңыз, андан кийин ылдый түшмө менюсундагы каалаган жайгашууну тандаңыз.
    Тез макети буйругун тандоо
  • Excel диаграмманын көрүнүшүн жана сезилишин тез өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн бир нече диаграмма стилдерин камтыйт. Диаграмма стилди өзгөртүү үчүн, Диаграмма стилдер топтон каалаган стилди тандап алгыла. Ошондой эле көп стилдерди көрүү үчүн жайылма жебени чыкылдата аласыз. түзөтүү хоспоттор Диаграмма стилин тандоо

Сиз ошондой эле , диаграмма элементтерди кошуу диаграмма туюнтма тез баскычтарды колдонуп диаграмма стилди өзгөртүү жана диаграмма маалыматтарды чыпкалоолорду колдоно аласыз.

хотспоттор кошуу, түзөтүү хотспоттор

Башка диаграмма параметрлери

Диаграммаларды уюштурууга жана ылайыкташтырууга башка көп жолдор бар. Мисалы, Excel, сизге бир диаграмма берилиштерин кайрадан диаграмма түрүнө өзгөртүүгө, ал тургай, иш китептен башка жерге диаграмманы жылдырууга түрткү берет.

Катарларды жана тилкелерди которуштуруу үчүн:

Кээде ушундай диаграммалар тобундагы дайындарды өзгөртүүгө аракет кылышы мүмкүн. Мисалы, китеп сатуу маалыматтары төмөндөгү диаграммада ар бир ай үчүн , жанр боюнча катарларга топтоштурулган. Ошентсе да, биз ар бир жанр үчүн катарларды жана тилкелерди алмаштыра алабыз, диаграммада дайындарды ай менен топтоштура алабыз. Эки учурда тең, диаграмма бир эле маалыматтарды камтыйт. Болгону башкачараак уюштурулган болот.

  1. Сиз өзгөртүүнү каалаган диаграмманы тандаңыз.
  2. Дизайн өтмөгүнөн, Катар Алмаштыр/ Тилкени буйрукту тандаңыз.
     Тилке Катар Айландыруу буйругун тандоо
  3. Катарлар менен тилкелер алмаштырылат. Биздин мисалда, ар бир жанр үчүн катарлар менен дайындар айлар менен топтоштурулат.

Диаграмма түрүн өзгөртүү үчүн:

Эгер сиздин дайынды белгилүү бир дайын үчүн ылайыктуу эмес деп тапсаңыз, анда аны жаңы диаграмма түрүнө алмаштыруу жеңил болот. Биздин мисалда, биздин диаграмманы тилке диаграммадан сызык диаграммасына өзгөртө алабыз.

  1. Дизайн өтмөгүнөн, Өзгөртүү Диаграмма Түрү буйругун чыкылдатуу.
    Дизайн өтмөгүнөн Өзгөртүү Диаграмма түрү буйругун тандоо
  2. Өзгөртүү Диаграмма Түрү диалог кутучасы пайда болот. Жаңы диаграмма түрүн жана түзүлүшүн тандап, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз Сызык диаграммасын тандап алабыз.
    Диаграмма сызыгын тандоо
  3. Тандалган диаграмма түрү пайда болот. Биздин мисалда, сызыктуу диаграмма, ал убакыттын өтүшү менен сатуу боюнча маалыматтардын багыттарын көрүүгө жардам берет.
    Диаграмма сызык

Диаграмманы жылдырыш үчүн:

Жаңы диаграмма киргизген болсоңуз, ал иш барагыңызда дайындар булактарынан турган объект катары пайда болот. Ошондой эле дайындардын уюштурулганын сактоого жардам берүү үчүн жаңы иш барагыңызга диаграмманы жылдырганга түрткү бериши мүмкүн.

  1. Сиз жылдырууну каалаган диаграмманы тандаңыз.
  2. Дизайн өтмөктү чыкылдатып, андан кийин Диаграмманы Жылдыруу буйругун тандаңыз.
    Диаграмма буйругун жылдыруу тандоо
  3. Диаграмманы Жылдыруу диалог кутучасы пайда болот. Диаграмма үчүн каалаган жерди тандаңыз. Биздин мисалда, биз жаңы иштөө барагын түзө турган Жаңы баракка аны жылдырууну тандап алабыз.
  4. ОК чыкылдатыңыз.
     Диалог кутусун жабуу үчүн OK баскычын тандоо
  5. Диаграмма тандалган орунда пайда болот. Биздин мисалда, диаграмма жаңы иш баракта пайда болот.

Чакырык!

  1. Биздин практикалык иш китепти ачыңыз .
  2. Иш китептин төмөнкү-сол жагындагы Чакырыкты чыкылдатыңыз.
  3. Уячаларды тандаңыз A1 : E6 жана 2D кластердик Тилкенин диаграммасын киргизиңиз.
  4. Сентябрды декабрь сатуулары үчүн диаграмма аталышын өзгөртүңүз.
  5. Катарды Алмаштыруу/ Тилкен буйругун колдонуп. Тилкелер азыр ар бир сатуучу үчүн ар кандай түс менен, айлар боюнча топтоштурулушу керек.
  6. Жаңы баракка диаграмманы жылдыруу.
  7. Маркерлер менен диаграмма түрүн сызыкка өзгөртүңүз.
  8. Диаграмманын түзүмүн өзгөртүү үчүн Тез Жайгашуу буйругун колдонуңуз.
  9. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Диаграммалар Чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-track-changes/content/