Компьютер негиздери: Мобилдик түзмөк деген эмне? (Mobile)

Lesson 7: Мобилдик түзмөк деген эмне? (Mobile)

/en/tr_ky-computer-basics/-laptop/content/

Мобилдик түзмөк деген эмне?

Мобилдик түзмөк деп негизинен колго алып жүргөн компьютерлерди атайбыз. Бул түзмөктөр абдан мобилдүү болуп, алакан ичине батат. Кээ бир уюлдук аппараттар, планшеттер, электрондук окурмандар, сиздин ноутбук же иш-такта компьютериңиз сыяктуу эле каалаган тапшырманы аткарганга кубаты жетет.

Планшет компьютерлери

Ноутбукка окшоп, планшет компьютерлери мобилдүүлүк үчүн жасалган. Бирок, алар башкача эсептөө тажрыйбасын камсыз кылат. Абдан айкын айырма болуп планшет компьютерлердин баскычтоптору же тийме тактасы болбойт. Анын ордуна, бүт экран манжанын тийишине сезимтал болот, виртуалдык баскычтопту манжаңыз мнен колдонгого шарт түзөт.

iPad сүрөтү

Планшет компьютерлери сөзсүз эле салттуу компьютерлер жасаган иштин баарын кыла албайт. Көп адамдар үчүн ноутбук же иш-такта компьютерлери сыяктуу салттуу компьютероери дагы эле кээ бир программаларды пайдалануу үчүн талап кылынат. Бирок, планшет компьютерлеринин ыңгайлуулугу - алар идеалдуу экинчи компьютер болуп бере алат.

Электрондук окурмандар

Ошондой эле электрондук окурмандар деп аталган электрондук китеп окурмандар планшет компьютерлерине окшош. Негизинен, электрондук китептерди (санарип, көчүрүлө турган китептер) окуу үчүн арналган. Белгилүү мисалдар Amazon Kindle, Barns & Noble Nook жана Kobo. Көпчүлүк электрондук окурмандар электрондук сыя экранын колдонот, аны салттуу компьютер экранын окуганга караганда жеңил окулат. Сиз бир китепти күн жарыкта окуп жаткан сыяктуу эле окусаңар болот.

Kindle электрондук окурманы

Сиз электрондук китептерди окуу үчүн электрондук окурман кереги жок. Ошондой эле, электрондук китептерди планшеттерде, смартфондо, ноутбук жана иш-такта компьютерлеринде окусаңар болот.

Смартфондор

Смартфондор салтуу мобилдик телефондордун күчтүү версиялары. Негизги функциялары бирдей: телефон чалуу, үн жана текст билдирүүлөрү. Өзгөчөлүгү: смартфондор интернетке WiFi аркылуу же мобилдик дайындар аркылуу туташа алат (мобилдик оператордон айлык тариф алуу керек болот) Демек, смартфонду компьютерди колдонгондой эле колдонсо болот, мисалы электрондук почта текшерүү, интернетти серептөө, же интернетте соода кылуу.

Android телефонунун сүрөтү

Көпчүлүк смартфондордо баскычтоп жок, анын ордуна сенсордук экран колдонулат. Анын ордуна, виртуалдык баскычтопто манжаларыңарды колдонуп экран менен иштейсиздер. Башка стандарттык функциялары: жогорку сапаттагы санарип камерасы жана санарип музыка жана видео файлдарды ойной алат. Көп адамдар үчүн смартфон эски компьютерди, санариптик музыка ойноткучту, жана санарип камераны алмаштыра алат.

/en/tr_ky-computer-basics/-operating-systems/content/