/en/tr_ky-computer-basics/-first-computer/content/
Эми сиз компютерди колдонуунун абсолюттук негиздерин үйрөнгөнүңүз соң эми компьютердин операциялвк тутуму тууралуу үйрөнгөнгө убакыт келип жетти. Бул сабакта эки жалпы колдонулган операциялык тутумдарды үйрөнөбүз, алар: Microsoft Windows жана Mac OS X.
Төмөнкү видеону көрүп, Windows колдонуу негиздерин үйрөнүңүз.
Төмөнкү видеону көрүп, Mac OS X колдонуу негиздерин үйрөнүңүз.
Жеке компьютерлер жана Mac компьютерлери да GUI колдонуучунун графикалык интерфейсин колдонот, жана анын ар бири өзүнүн дизайны болот, жана аларды колдонгондо ар кандай сезим келет. Төмөнкү интерактивдер сизге Windows жана Mac интерфейстерин тааныштырат.
Windows интерфейси жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү баскычты басыңыз.
Эгер файлды жок кылсаңыз, ал таштанды кутусуна түшөт. Эгер айнып кетсеңиз файлды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Биротоло файлды жок кылуу үчүн, таштанды кутусун бошотуш керек болот.
Иш-такта сиздин негизги жумушчу ордуңуз болуп саналат. Бул жерден, сиз файлдарга, папкаларга, жана башкаларга мүмкүндүк аласыздар.
Ошондой эле, сиз иш-тактаны өзүңүзгө ылайыкташтырып, фон сүрөтүн же тушкагазды өзгөртө аласыз.
Иш-тактада папкаларды, файлдарды жана кыска жолдорду сактасаңар болот, алар жеңил жеткиликтүү болот.
Эгер сиз папканы кош чыкылдатсаңыз, ал File Explorer деп аталган атайын программада (ошондой эле Windows Explorer катары белгилүү) ачылат. Бул сиз каалаган белгилүү бир папкага же файлга багыт берет.
Windows'тун көпчүлүк версияларында, сиз Start Менюсун ачуу үчүн Start баскычын басышыңыз керек.
Кээ бир программаларга жеңил жетүү үчүн тапшырма тилкесинде кыска жолдор болот. Бул мисалда, Microsoft Edge, File Explorer жана Windows Дүкөнгө кыска жолор бар.
Тапшырма панели программаларга, дата, убакытка ж.б көп нерселерге кыска жолдорду камтыйт. Сиз программа же файлды ачсаңыз, ал тапшырма панелинде пайда болот жана ал панелден программаларды тандап, алардын арасында которула аласыз.
Тапшырма панелинин оң жагында сиз дата жана убактына көрөсүз. Ошондой эле интернет жөндөөлөрү, үн көлөмү сыяктуу ар кандай жөндөөлөр үчүн кыска жолдлор болот.
Mac OS X интерфейси жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү бакычтарды басыңыз.
Экрандын жогорку-сол бурчунда Apple сүрөтчөсү турат, аны чыкылдатсаңыз система параметрлери, акыркы документтер жана башкалар ачылат. Сиз ошондой эле аны компьютерди өчүрүү үчүн колдоно аласыз.
Меню тилкеси ар кандай меню параметрлерин кайсы программаны колдонуп жатканыңызга жараша өзүнө камтыйт. Бул мисалда, Finder активдүү программа болуп саналат.
Меню тилкесинин оң жагында, сиз үн көлөмүн өзгөртүү үчүн кыска жолдорду, дата жана убакытты көрөсүз.
Сиз чоңойтуп көрсөтүүчү айнек сүрөтчөсүн басканда, ал Spotlight программасын ачат. Spotlight файл же программаны анын атын жазып, таап алууга мүмкүнчүлүк берет. (атынын аз бөлүгүн жазса деле).
Эскрертме борбору сизге жаңыртуу келген сайын эскертме берип турат. Аны алдыда боло турганжолугушууларды, твиттерди, жаңылыктарды жана башка башка реалдуу убакыттагы окуяларды эскертип туруусу үчүн ыңгайлаштырса болот. Жогорку оң бурчундагы сүрөтчөнү чыкылдатмайын ал жашыруун бойдон калат.
Иш-такта сиздин негизги жумуш ордуңуз болуп саналат. Бул жерден, сиз файлдар, папкалар жана башкаларга мүмкүндүк аласыз.
Ошондой эле, сиз иш-тактаны өзүңүзгө ылайыкташтырып, фон сүрөтүн же тушкагазды өзгөртө аласыз.
Эгер сиз папканы кош чыкылдатсаңыз, ал атайын Fiber деп аталган программада ачылат. Бул сиз каалаган өзгөчө файл же папкага багыт берет.
Алар жеткиликтүү болушу үчүн папкаларды, файлдарды жана кыска жолдорду иш-тактада калтырыңыз.
Launchpad сиздин бардык программаларыңыздын тизмесин көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул программаларды таап, аларды жеңил уюштуруш үчүн жасалган.
Эгер файлды жок кылсаңыз, ал таштанды кутусуна түшөт. Оюңузду өзгөртсөңүз файлды калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Биротоло файлды жок кылуу үчүн, таштанды кутусун бошотуу керек.
Dock программасы программаларга, файлдарга, жана папкаларга кыска жолдорду камтыйт. Эгер бир нече программалар ачылса Dock колдонуп алардын ортосунда тез которула аласыз.
Сиздер көрүүдө же угууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатсаңыз, же баскычтоп жана чычкан менен жакшы иштей албай жатсаңыз, анда бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн, компьютер менен иштөөнү жеңилдетиш үчүн көптөгөн жөндөөлөр бар. Көбүрөөк билүү үчүн, биздин Жеткиликтүүлүк функцияларын колдонуу сабагыбызды караңыз.
Кайсы операциялык тутумду пайдаланбаңыз, бары ар кандай файл, программаларды уюштуруу үчүн папкаларды колдонушат. Компьютериңиздеги папка сүрөтчөлөрү ичи толтура файл же сүрөт папкаларындай болуп жасалган.
Ар бир операциялык тутумдун өзүнүн файл системасы бар, ал файл жана пакаларды табууга жардам берет. Эгер сизде Windows компьютери бар болсо, анда File Explorer (ошондой эле Windows Explorer катары белгилүү) колдоно аласыз. Макинтошто болсо, Finder колдонобуз. Бул жерде компьютер файл системаларына тиешелүү негизги функциялар тууралуу сүйлөшөбүз.
Mac компьютерлери боюнча файл системалары жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн, биздин OS X негиздери үйрөткүчүндөгү файлдар менен иштөө сабагыбызды караңыз. Жеке компьютер файл системалары тууралуу көбүрөөк билүү үчүн биздин Windows негиздери үйрөткүчүбүздөгү Файлдар менен иштөө сабагыбызды карап көрүңүз.
ЖК же Mac колдонуп жатсаңыз да, файл системасынын сүрөтчөсү экрандын төмөнкү-сол жагында болот. ЖК, File Explorer сүрөтчөсү төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн папкага окшойт.
Mac компьютеринде Finder сүрөтчөсү төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөн кишинин жүзүнө окшош.
Эки операциялык тутумда тең сиз файл системаны иш-тактаңыздагы папканы чыкылдатуу менен ача аласыз.
Сиз Windows Explorer же Finder колдонуп жатсаңыз да, негизги багыттоо бирдей жол менен иштейт. Сиз каалаган файлды көрсөңүз, аны чычыкан менен кош чыкылдата аласыз. Болбосо, башка жерди тандоо үчүн терезенин сол жагындагы багыттоо панелин колдонууга болот.
OS X жана Windows кокустан файлдарды жок кылып салбоо үчүн таштанды кутусун колдонот. Эгер файлды жок кылсаңыз, ал таштанды кутусуна барып түшөт. Эгер оюңузду өзгөртсөңүз сиз файлды кайр ордуна алып келсеңер болот.
Биротоло файлды жок кылуу үчүн таштанды кутусун бошотуш керек. Бул үчүн, сүрөтчөнүн үстүнөн оң баскычты басып, "Кутуну бошотууну" тандоо керек.
Компьютериңиздеги ар бир программанын ачуу үчүн файл же форматтарынын түрлөрү бар. Эгер файлды кош чыкылдатсаңыз компьютер автоматтык түрдө туура программаны ачуу үчүн колдонот. Биздин мисалда, Microsoft Word документип ачып жатабыз (Chicago Trip Details) ал Microsoft Word программасында ачылат.
Бирок, кээ бир учурларда файлды ачпай программанын өзүн ачкыңыз келет.
Эгер жаңы компьютерди колдонуп баштасаңыз, сиз компьютердин жөндөөлөрүн тууралоодон баштасаңыз болот. Параметрлерди жөнгө салуу үчүн иш-такта фонун алмаштыруудан баштап, коопсуздук же баскычтоп жөндөөлөрүн кароого чейин барат.
Эгер компьютериңизди колдонуп бүтсөңүз, аны туура өчүрүү абдан маанилүү.
/en/tr_ky-computer-basics/-connecting-internet/content/
About cookies on this site
Sharing your cookies helps us improve the site, optimize your experience, and understand the extent of our impact. By closing this banner, you agree to the use of cookies on this website (This option applies to users outside the United States and Europe). Learn more about how we use cookies by clicking on Cookie Settings.