/en/tr_ky-computer-basics/-basic-parts/content/
Компьютер каптын алды-артын карап канча баскыч жана порттор бар экенин караңыз. Эми монитордо канча бар экенин караңыз. Мүмкүн сиз онго жакын же андан көптү санадыңыз.
Ар бир компьютер өзгөчө, андыктан баскычтар, порттор, чанакттар ар түрдүү. Бирок, көбүнчө такта компьютеринде жайгашкан баскычтар жана портторду окшош кезиктире аласыңар. Бул порттор кантип иштээрин билсеңиз, принтер, клавиатура же чычканды компьютерге кошуу кыйынчылык жаратпайт.
Такта компьютеринде баскычтар, порттор, чанактар кандай иштээрин билгиңиз келсе, төмөндөгү видеону көрүңүз.
Компьютердин кабынын бетин үйрөнүү үчүн төмөндөгү баскычты басыңыз.
Көп учурда CD-ROM же DVD-ROM диск деп аталат, ал компьютерге CD жана DVD-ни окуп берет.
Кубаттуулук баскычы компьютерди жандырат же өчүрөт.
Көптөгөн компьютерлер аудио портторду компьютердин кабынын бетине жайгаштырат, себеби, колонка, микрофон, гарнитураларды кошконго жеңил, арткы кабына туташтырганча.
Көпчүлүк такта компьютерлеринде бир нече USB портторду бар. Ал ар түрдүү түзмөктөрдү кошууга пайдалыналат. Мисалы чычкан, баскыч ана санариптик камералар. Алар көп учурда алдында жана арткы бетинде да жайгашкан.
Компьютер кабынын арты ар түрдүү атайын түзмөктөрдүн кошулуусуна ыңгайлаштырылган. Жайгаштыруучу орду компьютерге жараша ар түрдүү болушу мүмкүн, көпчүлүк компаниялардын атайын өздөрүнүн бириктиргичтери бар. Кээбир порттор атайын бир түскө боелгон, башка түзмөктөрдү жеңил туташтыруу үчүн.
Компьютер кабынын артын үйрөнүү үчүн төмөндөгү интерактивди басыңыз.
Компьютерди электр тогуна туташтырган жер.
Дээрлик ар бир компьютерде бир же бир нече аудио порттор бар, Ал жакта ар түрдүү түзмөктөргө кошулса болот (микрофон, колонка, гарнитур)
Бул порт модем же телефон портуна окшош, бирок бир аз жонураак. Тармактык иштерге жана Интернетке туташуу үчүн бул портту колдоно аласыз.
Көпчүлүк такта компьютерлеринде, USB порттор каптын арт жагында жайгашылган. Жалпысынан, бул портторду чычканды жана баскычты туташтырууга коюп, ал эми алдыңкы USB портторду санариптик камера жана башка түзмөктөргө калтырасыз.
Монитор кабелин туташтыруу жери монитор порту деп аталат. Бул мисалда, компьютер дисплей порту жана VGA порту да бар. Башка компьютерлер башка монитор порттору болушу мүмкүн мисалы, DVI (санариптик көрүү түрү) же HDMI (жогорку -индекс мультимедиа интерфейси).
Бул порт бүгүнкү компьютерлерде азыраак кездешет. Бул көп санарип камера сыяктуу жабдууларды туташуу үчүн колдонулган, бирок USB жана портторун башка түрлөрү менен алмаштырылды.
Бул порттору кээде Чычкан жана тергичти туташтыруу үчүн колдонулат. Эреже катары, чычкан порт жашыл жана клавиатура порт кызгылт көк түстө болот. Жаңы компьютерлерде бул порттор USB менен алмаштырылды.
Бул жаңы экомпьютерлеринде азыраак жайылган эски порт болуп саналат. Serial порт сыяктуу эле, ал азыр USB порт менен алмаштырылды.
Бул куру көзөнөктөр, узартуу карталары компьютерге кошулган жери аталат. Мисалы, сиз компьютерде видео картасы жок болсо, сиз сатып аны бул жактын кошуп алсаңыз болот.
Порттордун ар түрлөрү болот, мисалы FireWire, Thunderbolt жана HDMI. Эгерде компьтерде сиз тааныбаган порттор болсо, сиз колдонмодон көбүрөөк маалымат ала аласыңар.
Эми сиз аракет кылыңыз! Төмөндө оюнга кабелдер менен байланышып, машыгуу кылыңыз.
Компьютердин негизи компьютер капты, мониторду, баскычты, чычканды камтыйт. Бирок силер ар башка түзмөктөрдү, атайын бөлүнгөн портторго туташтырсаңар болот. Бул түмөктөр жабдыктар деп аталат. Көп кездешүүчү жабдыктарды карап көрөлү.
/en/tr_ky-computer-basics/-inside/content/