Компьютер негиздери: Компьютердин негизги бөлүктөрү (Basic Parts)

Lesson 3: Компьютердин негизги бөлүктөрү (Basic Parts)

/en/tr_ky-computer-basics/-what-is-a-computer/content/

Киришүү

Компьютердин негизги бөлүктөрү компьютер кап, монитор, клавиатура, чычкан жана электр зымы. Ар бир бөлүгү компьютерди колдонгондо маанилүү ролду ойнойт.

Такта компьютеринин негизги бөлүктөрү жөнүндө үйрөнүүгө төмөндөгү видеону көр.

Компьютер кап

Компьютер кабы

Компьютер кабы метал жана пластиктен кутуча болуп курулуп анын ичинде негизги компьютердин бөлүктөру Motherboard, борбордук иштетүү бирдиги (CPU) жана электр камсыздандыруусу жайгашкан. Каптын бетинде адатта, On / Off баскычтары жана бир же бир нече оптикалык дисктер жайгашкан.

Компьютер каптары ар кандай түрдө жана өлчөмдөрдө келет. Такта кабы иш столуна жалпак жайгашып, анын үстүнө монитор отурат. Компьютер кабы узун жана монитордун жанына же жерге коюлат. Баардыгы бир-ичинде компьютерлердин ички компоненттери монитордун ичинде камтылып, бөлөк капка жайгаштыруунун кажети жок болуп калат.

Монитор

Монитор

Монитор компьютер капта жайгашкан видеокарта менен иштейт, ал текст жана сүрөттөрдү көргөзөт. Көпчүлүк мониторлор башкаруу баскычтарын камтыйт, алар монитордун дисплейин жөндөөнү өзгөртө алат, кээбир мониторлор ичинде камтылган динамик колонкалары менен болот.

Жаңы мониторлор адатта LCD (суюк кристаллдык дисплей) LED (жарык чыгаруучу диод) аркылуу көрсөтөт. Алар абдан ичке, көп учурда жалпак -панелдүү дисплей деп аталат. Мурунку мониторлор CRT (катод түтүкчөсү) экранды колдонгон. CRT мониторлор чоң жана оор, алар көбүрөөк орунду ээлейт.

Клавиатура (Баскыч)

Клавиатура компьютер менен байланышуунун эң маанилүү интструменттеринин бири болуп саналат. There are many different types of keyboards, but most are very similar and allow you to accomplish the same basic tasks. Баскычтын ар түрлөрү көп, бирок көпчүлүгү окшош жана жөнөкөй тапшырмаларды аткара алат.

Клавиатуранын ар кандай бөлүктөрүн үйрөнүү үчүн төмөндөгү интерактивдидин баскычтарын баскыла.

түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор түзөтүү хоспоттор Клавиатура/баскыч

Escape баскычы

Escape (Esc) негизги бир милдетти же иш-аракеттерди токтотуу үчүн мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, жүктөө үчүн көп убакыт талап кылынып жатса, аны токтотуу үчүн Escape баскычын басат.

Клавиатура/баскыч

Иш баскычтары/ачкычтары

Иш баскычтары F1, F12 аркылуу белгиленген. Кээ бир программалар бул баскычтарды жалпы тапшырмаларды тез аткаруу үчүн колдонулат. Мисалы, көптөгөн программаларда F1 баскычы Жардам баракчасын ачат.

Клавиатура/баскыч

Print Screen, Scroll Lock, Pause/ Break

Print Screen, Scroll Lock, Pause/ Beak баскычтары клавиатуранын жогорку оң бурчунда жайгашылган. Print Screen баскычы менен экрандагы сүрөттү тартат (screenshot) аны оңдоп же графикалык программаларды колдонуп сактап койсо болот. Scroll Lock жана Pause/ Break баскычтары сейрек колдонулат, андыктан айрым клавиатураларда ал баскычтар жок.

Клавиатура/баскыч

Backspace ачкычы

Backspace баскычы белгини курсордун сол тарабынан өчүрөт.

Клавиатура/баскыч

Home жана End

Бул баскычтар курсорду файлдын башына же аягына алып барат.

Клавиатура/баскыч

Page Up жана Page Down

Бул өйдө же ылдый документти, сайттын бетин жылдырат

Клавиатура/баскыч

Тамга жана сан камтылган ачкычтар

Клавиатуранын негизи тамга, сан жана боштукту (пробел) камтыйт.

Клавиатура/баскыч

Insert жана Delete

Insert: Бул коюу режиминде (болгон текстти өчүрбөй, жаңы текстти киргизет) жана алмаштыруу режими (Терип жатканда курсордун кийин текстти жок кылат) ортосунда жандырылат.

Өчүрүү: Бул курсордон оң жака белгини өчүрөт.

Клавиатура/баскыч

Tab ачкычы

Tab баскычын Word иштетүү программаларына аралыктарды түзүү үчүн колдонулат. Ошондой эле, сиз онлайн форманы толтуруп жанканда, анда кийинки талаага өтүү үчүн Tab баскычын колдоно аласыз.

Клавиатура/баскыч

Enter ачкычы

Негизги буйруктарды ишке ашырат. Мисалы интернетте силер бир сайт дарегин терип анан Enter ачкычын басып ал сайтка киресиз. Ошондой эле Word программасында жаңы сапты баштоо үчүн колдонулат.

Клавиатура/баскыч

Сан баскычтары

Сан баскычтары калькуляторго окшош. Көп колдонуучулар бул баскычтарды колдонуп сандарды терүү жеңил экендигин байкаган. Кээ бир баскчтарда бул сан баскычтары эки эсе көп.

Клавиатура/баскыч

Ctrl, Alt, жана Shift

Control (Ctrl), кошумча (Alt), жана Shift баскычтарын башка баскычтар менен айкалыштырып иштөө үчүн иштелип чыккан. Адатта, сен Ctrl, Alt, же Shift баскычын басып туруп анан белгилүү бир тапшырманы аткарыш үчүн дагы бир баскычты тересиң. Мисалы, көптөгөн программаларга Ctrl + S кошулмасы файлды сактайт.

Клавиатура/баскыч

Жебе баскычтары

жебе баскычтары көптөгөн тапшырмаларды аткарат, анын ичинде курсорду кыймылдатуу, файлды өйдө-ылдый жылдыруу, жана оюнду көзөмөлдөө.

Клавиатура/баскыч

Эгер сиз басып-терүү ыкмасын үйрөнгүңүз келсе, анда биздин акысыз Терүү сабагын көрүңүздөр.

Компьютер чычканы

Компьютер чычканы

Компьютер чычканы компьютер менен байланышта дагы бир маанилүү инструменттердин бири болуп саналат. Адатта, ал көрсөтүү инструменти болгондуктан, чычкан экрандагы объекттерди көрсөтүп, аларды басып, жылдыра алат.

Чычкандын негизни эки түрү бар: оптикалык жана механикалык. Оптикалык чычкан кыймылды аныктоо үчүн электрондук көз колдонот жана тазалоо үчүн жеңил болот. Ал эми механикалык чычкан кыймылды аныктоо үчүн топ колдонот жана тийиштүү түрдө иштеши үчүн, аны дайыма таза кармоо керек.

Компьютер чычканынын колдонуунун негизин үйрөнгүңүз келсе, биздин интерактивке баш багыңыз.

Компьютер чычканынын башка түрлөрү

Чычкан аткара тургандай эле башка инстурменттер бар. Көпчүлүк аны колдонууга оңой жана иш столунда орунду аз ээлейт дешет. Чычкандын башка түрлөрү төмөндө:

  • Түргүч: түргүч эркин айланып турган топ. Чычканды жылдыруунун ордуна, топту гана түрүп жылдырсаңыз болот.
    Түргүч топ чычканы
  • Тачпад: ал сенсордук, сиз сөөмөй менен экранды башкара аласыз, ал эмес сүрөт тартсаңыз болот. Тачпаддар лаптоп компьютерлеринде көп кездешет.
    Лаптоп тачпады

/en/tr_ky-computer-basics/-buttons-and-ports/content/

chatsimple