Компьютер негиздери: Колдонмо деген эмне? (Applications)

Lesson 9: Колдонмо деген эмне? (Applications)

/en/tr_ky-computer-basics/-operating-systems/content/

Колдонмо деген эмне?

Программа, колдонмо тууралуу бирөөлөрдүн сүйлөшүп жатканын уксаңыз керек. Бирок, алар эмнени билдирет? Жөнөкөй сөз менен айтканда, колдонмо менен сиз белгилүү бир милдеттерди аткара аласыз. Иш-такта же ноутбук компьютерлери үчүн программаларды иш-такта компьютер программалары, жана мобилдик түзмөктөр үчүн программаларды мобилдик программалар деп аташат.

Эгер программаны ачсаңыз ал операциялык тутумдун ичинде сиз жапмайын иштейт. Көпчүлүк учурда, сиз бир нече программаны бир учурда ачасыз, ал көп тапшырмалык (мультитаскинг) деп аталат.

Колдонмолор тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

App деп колдонмолорду айтабыз, өзгөчө жөнөкөй, акысыз же арзан көчүрүп алса болгон колдонмолорду айтабыз. Көптөгөн колдонмолор мобилдик түзмөктөрдө, ал тургай, кээ бир сыналгылар үчүн жеткиликтүү.

Иш-такта программалары

Сансыз иш-такта программалары бар, жана алар бир нече категорияга бөлүнөт. Кээ бирлери толук функионалдуу, (мисалы Microdoft Word), кээ бирлери бир же эки гана нерсе жасай алат (мисалы саат же календарь программалары). Төмөндө сиз колдонушуңуз мүмкүн болгон колдонмолордун кээ бир түрлөрү.

  • Сөз процессорлору: Алар аркылуу кат жаза аласыз, билетти дизайндап же документтин башка түрлөрүн түзө аласыз. Эң белгилүү сөз процессору болуп Microsoft Word саналат.
    Microsoft Word 2016
  • Браузерлер: Бул курал аркылуу интернетке кире аласыз. Көпчүлүк компьютерлер алдын ала орнотулган браузерлер менен келет, бирок сиз башка браузерлерди көчүрүп алсаңыз болот. Браузерлердин мисалы: Internet Explorer, Mozilla Firefox, Google Chrome, жана Safari.
    Google Chrome интернет серепчиси
  • Медиа ойноткучтар: Сиз mp3 музыка уккуңуз келсе же жүктөлгөн кинолорду көргүңүз келсе медиа ойноткучту колдонууңуз керек. Windows Media Player менен iTunes таанымал медиа ойноткучтары болуп саналат.
    iTunes
  • Оюндар: Сиздин компьютерде ойнолуучу көп оюндардын түрү бар. Алар Солитер сыяктуу карта оюндарынан баштап, Halo иш-аракет оюндарына чейин болот. Көптөгөн иш-аракет оюндары көп компьютер кубаттуулугун талап кылат, ошондуктан сиздин компьютер жаңыраак болбосо ойной албайсыз.

Мобилдик колдонмолор

Иш-такта компьютерлери жана ноутбуктары гана программаларды иштетпейт. Ошондой эле мобилдик түзмөктөргө, мисалы смартфон жана планшеттерге колдонмолорду көчүрө аласыз. Бул мобилдик колдонмолордун үлгүлөрү:

  • Gmail: Сиз Gmail колдонмосун колдонуп, мобилдик түзмөктөн электрондук каттарды окуп, жөнөтө аласыз. Бул Android жана iOS түзмөктөрүнө жеткиликтүү.
  • Gmail колдонмосу
  • Instagram: Сиз сүрөттөрдү тез арада достор жана үй-бүлө менен бөлүшүү үчүн колдоно аласыз. Android жана iOS үчүн жеткиликтүү.
  • Duolingo: Тесттер, оюндар жана башка иш-чараларды айкалыштыруу менен бул колдонмо жаңы тилдерди үйрөнүүгө жардам берет. Android жана iOS үчүн жеткиликтүү.

Жаңы колдонмолорду орнотуу

Ар бир компьютер жана мобилдик түзмөк алдын ала орнотулган программалар менен келет, мисалы веб браузер жана медиа ойноткуч. Бирок, көбүрөөк колдонмолорду сатып алып, орнотуп функционалды өнүктүрсөңүз болот. Көбүрөөк маалымат үчүн биздин Windows жеке компьютериңизге программа орнотуу , Сиздин Mac компьютериңизге программа орнотуу жана коду ачык программалар сабактарыбызды карааңыз.

/en/tr_ky-computer-basics/-setting-up/content/