Компьютерде иштөө негиздери: Windows компьютериңизге программа орнотуу (Install Windows)

Lesson 20: Windows компьютериңизге программа орнотуу (Install Windows)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-safe-mode/content/

Windows компьютериңизге программа орнотуу

Сиздин компьютер сизге кээ бир кереметтүү иштерди кылууга мүмкүнчүлүк берет. Санарип сүрөттөрдү түзөтүү, татаал компьютер оюндарды, жана видеолорду ойноо үчүн ар түрдүү программалар талап кылынат. Иштеп чыгуучулар ар дайым жаңы программаларды иштеп чыгып жатышат, алардын жардамы менен компьютер менен мындан да көп нерсе жасаса болот.

CD-ROM аркылуу программа орнотуу

1990-жылдардын жарымынан тартып 2000-жж аяктарына чейин жаңы программаны сатып алуу үчүн компакт дисктеги программаны сатып алчубуз. Дискти салып, анан компьютер орнотуу процессинде сизге жардам берип турчу.

Азыр дээрлик бардык программалар бул моделден өттү. Ушул себептен улам көптөгөн жаңы компьютерлерде CD-ROM окуучу жабдуусу жок. Бирок, сизге CD-ROM жардамы менен программаны орнотуу керек болсо, жөн гана дискти салып, нускамаларына жараша программаны орнотуңуз.

Интернеттен программаны орнотуу

Бүгүнкү күндө жаңы программаны алуу жолу болуп, көбүнчө Интернеттен жүктөп алуу болуп саналат. Microsoft Office жана Adobe Photoshop сыяктуу программалар интернеттен сатылып алынып, компьютерге түз көчүрүлүп алынат. Сиз ошондой эле акысыз программаны ушундай жол менен орното аласыз. Мисалы, Google Chrome браузерин орнотууну каалаган болсоңуз, анда бул баракты басып, жана "жүктөп алуу" баскычын чыкылдатасыз.

Орнотуу файлы компьютериңизге .exe түрүндө сакталат. Чекит EXE деп аталган, бул Windows компьютердин стандарттык файл кеңейтүүсү болуп саналат. Сиз төмөнкү кадамдарды аткарып .exe файлындагы программаны орното аласыз.

  1. .exe файлын жүктөп алуу жана жайгаштыруу.

     .exe файлын жүктөп алуу
  2. .exe файлын жайгаштыруу жана аны кош чыкылдатуу. (Ал, адатта, Жүктөөлөр папкасында болот.)

    .exe файлын ачуу
  3. Диалог кутучасы пайда болот. Нускаманы окуп программаны орнотуңуз.

    колдонмону орнотуу
  4. Программа орнотулат. Сиз азыр Start менюсунан (Windows 7) же Start экранынан (Windows 8) ача аласыз.

    колдонмону ачуу

Программаны табуу үчүн сунуштар

Биздин тажрыйбабыз боюнча, жаңы программаны табуу үчүн интернеттен издөө болуп саналат. Мисалы, сиз жеке сүрөттөрүңүздү түзөтүүчү үчүн программа издеп жаткан болсоңуз анда Google издөө системасы аркылуу акысыз сүрөт түзөткөн программаны издесеңиз болот. Эгер кандай так программаны билбесеңиз, кандай тапшырмаларды аткара ала турган программаны издеп жатасыз, ошол аркылуу издеңиз. Мисалы, сиз тапшырмалардын тизмеси жана жолугушууларды иреттөө программасы керек болсо, анда интернеттен "акысыз календарь программасы" деп издеп көрүңүз.

Windows Интернет дүкөнү

Сиз Windows 8 колдонуп жатсаңыз, анда сиз Windows дүкөнүнөн программаны жүктөп алып, орното аласыз. Windows Интернет дүкөнү үчүнчү жактын иштеп чыккан программаларын орнотууну жана жайгаштырууну жөнөкөйлөтүү үчүн арналган. Сиз Windows Интернет дүкөнүнөн колдонмо тапсаңыз, аны орнотуу үчүн башка нерсе жасабайсыз.

Windows Интернет дүкөнү

/en/tr_ky-basic-computer-skills/mac-install-mac/content/