Компьютерде иштөө негиздери: Wi-Fi тармагын кантип жөндөсө болот

Lesson 9: Wi-Fi тармагын кантип жөндөсө болот

/en/tr_ky-basic-computer-skills/pdf-/content/

Кантип Wi-Fi тармагын жөндөөгө мүмкүн?

Wi-Fi'га туташкан түзмөктөр

Интернет абдан күчтүү курал. Бул бизге каалагандай маалыматты көз ирмемдей убакытта бере алат. Бул электрондук почта, Google издөө жана Wikipedia сыяктуу кызматтарды камтыйт. Ошентип, Интернетте иштөө үчүн иш стөлдө турган компьютер менен гана кирүү бул кандайдыр бир карама-каршылык жаратат. Сиз каалаган жерден: үйдөн же жумуштан Интернет колдоно алсаңыз кандай болмок?

Буга чейин эле өз үйүңүздө жогорку ылдамдыктагы (тилкелүү) Интернет кызматы бар болсо, ал үйүңүздө зымсыз тармагын түзүү кыйын эмес. Wi-Fi деп жалпыга белгилүү болгон зымсыз тармак ноутбук, уюлдук телефондорду жана башка мобилдик түзмөктөрдү Ethernet кабели жок үй Интернет кызматына байланышууга мүмкүнчүлүк берет.

Зымсыз роутер сатып алуу

Зымсыз роутер

Өз Wi-Fi тармагыңызды түзүү үчүн сизге зымсыз роутер керек. Бул түзмөк сиздин үйдүн ичинде Интернет модемден алынган Wi-Fi сигналын таратат. Интернет кызмат камсыздоочуңуз (ISP) сизге мындай зымсыз роутерди алып берип, бир нече айда аздан төлөп берүү сунушун кылышы мүмкүн. Эгер мурун Wi-Fi тармагын орнотуп көрбөсөңүз, бул жөнөкөй жол болушу мүмкүн.

Эгер өз роутериңизди сатып алгыңыз келсе, ар кандай версияларын карап, изилдөөгө бир аз убакыт бөлүүңүздү сунуштайбыз. Жеке компьютер боюнча журналы Зымсыз роутерди кантип сатып алуу керек деген толук үйрөткүч китебин сунуштайт.

Кээ бир интернет-модемдери зымсыз роутер болуп да иштейт, өзүнчө роутер сатып алууга кажет жок болуп калат.

Зымдарды туташтыруу

Wi-Fi роутерге зымдары туташтыруу
  1. Зымсыз роутерди алганыңыздан кийин, аны интернет модемиңизге туташтырышыңыз керек.

  2. Зымсыз роутерди модемге Ethernet кабели аркылуу туташтырыңыз (адатта кыска Ethernet кабель бул максат үчүн зымсыз роутердин жанында болот).

  3. Зымсыз роутерди электр жарыгына туташтырыңыз.

  4. Жок эле дегенде, 30, 60 секунд күтүп, жана роутердеги жарыктар туура иштеп жатканын текшериңиз.

Роутериңизди жөндөңүз.

Андан кийин, роутердин демейки орнотууларын жөндөө үчүн компьютериңиди колдонушуңуз керек. Бул сиздин зымсыз тармак үчүн уникалдуу атын жана сырсөздү орнотуу кирет.

  1. Браузерди пайдаланып, дарек тилкесине роутердеги демейки IP дарегин киргизип, анан "Enter" баскычын басыңыз. Роутериңизде мындай маалымат камтылышы керек, ал эми жалпы даректер булар: 192.168.0.1, 192.168.1.1 жана 192.168.2.1.

  2. Роутердин кирүү бети ачылат. Дагы бир ирет айталы: кирүү үчүн так маалымат роутериңиздин маалымат кагазында жазылат, бирок көпчүлүк роутерлер стандарттык колдонуучунун аты жана сырсөздү колдонушат, мисалы: admin жана admin.

  3. Роутериңиздин жөндөө баракчасы ачылат. Жайгаштырып, тармактын аты жөндөөлөрүн тандаңыз, андан кийин өзгөчө тармактын атын жазыңыз.

  4. Тармактын сырсөзү бетин ачып, шифрлөө опциясын тандаңыз. Сиз колдоно алган шифрлөөнүн бир нече түрлөрү бар, бирок биз негизинен, коопсуз болуп эсептелген WPA2 сунуштайбыз.

  5. Сиз каалаган сырсөздү киргизиңиз. Тармагыңызды сизден башка эч ким колдоно албасы үчүн күчтүү сырсөз колдонуңуз.

  6. Параметрлерди сактоо үчүн сактоо баскычын тандаңыз.

Туташыңыз!

Болгону ушу! Эми сиз Wi-Fi тармагына туташып, анын иштеп жатканын көрүңүз! Wi-Fi тармагына туташуу процесси сиз кандай компьютер же түзмөк пайдаланып жатканыңызга жараша ар кандай болушу мүмкүн, бирок бардык система бул жөнөкөй кадамдарды талап кылат.

  1. Компьютериңиздин тармак жөндөөлөрүнө өтүп, жакынкы Wi-Fi түйүндөрүн издеңиз.

  2. Сиздин тармакты тандап, жана сырсөзүңүздү киргизиңиз.

  3. Байланыш ийгиликтүү болсо, анда браузериңизди ачып жана www.google.com сыяктуу баракты чабыттаңыз. Эгерде баракча жүктөлсө, анда сиздин Wi-Fi байланышыңыз туура иштеп жатат дегенди билдирет.

Куттуктайбыз!

Сиз өзүңүздүн үйүдүн зымсыз тармагын жөндөдүңүз!

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-update/content/