Компьютерде иштөө негиздери: Акысыз программалык камсыздоо (Free Software)

Lesson 6: Акысыз программалык камсыздоо (Free Software)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-downloading/content/

Акысыз программалык камсыздоо

Колдонмолордун сүрөтчөлөрү менен курчалган смартфон

Сиз каалаган максатты аткаруу үчүн акысыз программалар бар. Эгер белгилүү бир иш үчүн же кымбат программага альтернатива катары акысыз программа издеп жатсаңыз - ал интернетте болушу толук ыктымал. Көп учурда, эң көйгөйлүү иш - бул миңдеген акысыз программалардын ичинен эң коопсуз, ишенимдүү программаларды табуу.

Адатта, Windows үчүн акысыз программаларды алуу үчүн мыкты жол бул - Интернеттен издөө . Android жана iOS түзмөктөрдө акысыз программаны табуу үчүн мыкты жол бул - Play Дүкөндөн же App Store аркылуу акысыз колдонмолордун арасынан издөө. Mac OS үчүн, App Store жана Интернет издөөлөр акысыз программаны табуу үчүн натыйжалуу ыкмалар болуп саналат.

Программалык камсыздоону колдонуу үчүн эч кандай акы талап кылныбаса, ал программаны акысыз програмдык камсыздоо деп аташат.

Акысыз программаларды коопсуз издөө

Акысыз программалык камсыздоону издеп жатканда - жакшы, жаман же кооптуу программаларды ажыратып билүү- өтө маанилүү болуп саналат. Бул кадамдар сизге коопсуз, ишенимдүү, керектүү милдеттерди аткарган программаларды табууга жардам берет.

  • Сизге эмне керек жана кандай максаттарды көздөйсүз, ошону аныктаңыз Жөнөкөй же абдан күчтүү курал керекпи? Өзгөчө бир тапшырманы аткарганы же жалпы иштерге керек нерсе издеп жатасызбы? Жөн гана акчаны үнөмдөө максатында издеп жатасызбы?
  • Жүктөп алуудан мурда программа тууралуу маалымат алуу. Программа автору ишеничтүү, көп эл тарабынан колдонулабы, коопсузбу жана туруктуубу, сизге керек функциялары бар бекенин аныктаңыз
  • Бейтарап үчүнчү тараптардын сайттарынан программа тууралуу сын-пикирлерди окуңуз; Авторлор өз сайттарынан терс пикирлерди алып салышы мүмкүн.
  • Жүктөп алуу учурунда жарнактарды көчүрүп албаңыз, алар көчүрүү шилтемелерге окшош болушу мүмкүн. Кылдаттык менен жүктөп алуу шилтемелерин караңыз, же adblocker (жарнакты бөгөттөөчүнү) орнотуңуз .
  • Орноткучтарда malware (кесепеттүү программа) жок экенин текшериңиз Эгерде орноткучта издөө тилкеси бар болсо же башка программаларды орнотуу бар болсо, аларды орнотпоого аракет кылыңыз.
  • Үчүнчү жактын сайтына караганда, тескерисинче, иштеп чыгуучунун сайтынан түз жүктөп алыңыз. Көптөгөн үчүнчү жактын сайттарынын орноткучтарында malware бар.
  • Malware жана вирустарды издөө дароо жаңы программаны орноткондон кийин издөө. Эгерде сиз жакшы текшере албай калган болсоңуз бул скандоолор malware жана башка вирустарды аныктоого жардам берет.
Жүктөп алуу бетиндеги адаштырган жарнамалар


Жогорудагы сүрөттө, төмөнкү-сол баскычында чыныгы жүктөп алуу шилтемеси бар, башка экөө адаштыруучу жарнамалар.

Бул коопсуздук ыкмалар сиз үчүн акысыз программаны алып жатасызбы же программаны сатып алып жатасызбы- жакшы тажрыйбалар бар экендигин эстен чыгарбоо керек. Программанын жанына зыян malware жана жаңы программаны кошуп, колдонуучудан акча суроо токтой элек, сатып алынган программалар дагы натыйжасыз же туруктуу эмес болушу мүмкүн. Мындай нерселерди болтурбоо үчүн абайлаңыз жана сизге керектүү гана программаларды тандаганга аракет кылыңыз.

Акысыз программалардын мисалдары

Акысыз программалардын эң ири артыкчылыгы - бул сизге гана керектүү программаны издеп табууга болгон мүмкүнчүлүк, жана кээде башка адамдар кандай программаларды колдонуп жатканын билүү пайдалуу. Бул жерде жалпы максаттар үчүнколдонуучу айрым сүйүктүү акысыз программалардын тизмеси.

Коопсуздук жана системаны оптималдаштыруу

  • CCleaner : оптималдаштыруу жана сактоолорду башкаруу
  • Avast! : Антивирус программасы
  • Malwarebytes : Анти-malware программалык камсыздоосу

Өнүмдүүлүк

  • LibreOffice : толук-функцияналдуу офис программалары
  • Thunderbird : Email башкаруу программасы
  • Негизги : Эскертүү жазуу жана уюштуруучулук программасы
  • Metapad : Өркүндөтүлгөн текст редактору
  • Foxit Reader : PDF окуучу
  • CutePDF : Санариптик принтер сыяктуу иштеген PDF жазуучу

Медиа-маалыматтар

  • Paint.NET : жөнөкөй сүрөт редактору
  • GIMP : татаал жана күчтүү сүрөт редактору
  • VLC медиа ойноткуч : кайчылаш-платформалык мултимедиа ойноткучу
  • K-Lite Codec Pack стандарт : Мултимедиа ойноткуч топтому
  • Dropbox : Булутта сактоо, файлды шайкештирүү жана файл хостинги

Эмне үчүн кээ бир программалык камсыздоолор акысыз?

Иштеп чыгуучу программасы үчүн акы албаганынын бир нече себеби болот. Көпчүлүк учурларда, иштеп чыгуучулар дагы башка жолдор менен акча табышат. Бул жерде акысыз программалардын акча жасоо жолдору көрсөтүлгөн

  • Кайрымдуулук: Программа акысыз, бирок колдонуучулар программанын иштеп чыгуучусына акчалай жардам бере алышат.
  • Жарнамалар: Иштеп чыгуучуга башка компаниялар тарабынан жарнамаларын жайгаштырууга төлөнөт.
  • Дайындар кенин табуу: Программа колдонуучулар тууралуу маалымат жыйнап, жарнама берүүчүлөргө же маркетинг изилдөөчүлөргө сатат Бул көп учурда жарнамалар менен бирге колдонулат.
  • Башка программалар менен бириктирүү: Башка программарды таратуучулар иштеп чыгуучуга программасын алардын программасын бириктирүү үчүн акча сунушташы мүмкүн. Бул көп учурда зыянкеч программаларды камтыйт.
  • Колдонмонун ичинде сатып алуу: базалык программалар эркин, бирок колдонуучулар кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн акы төлөй алат.
  • Премиум өнүмдөр же жазылуулар: программа өзү акысыз, бирок иштеп чыгуучу программанын же программалардын мыкты версияларын сатат.

Бардык эле акысыз программа иштеп чыгуучулар программадан акча таппайт. Иштеп чыгуучулардын негизги иши болушу мүмкүн, программанын үстүндө бош убагында хобби катары иштеши мүмкүн. Балким алар программасынан пайда алууга болбойт деген лицензиянын алдында иштейт же жөн гана акысыз программаларды иштеп чыгууну жакшы көрөт.

Иштеп чыгуучулар кээ бир коомдук жана этикалык жүрүм-турумду карманып, акысыз программарды таратат. Бул программалар кээде акысыз программа деп аталат да, айрым учурларда Software Libre деп аталат. Бул учурда, алар бекер эмес, эркин деген түшүнүктү бергилери келет. Сиз акысыз программалардын бул түрү жөнүндө көбүрөөк маалыматты бул жерден көрө аласыз Mozilla Foundation же Free Software Foundation .

Акысыз программаларды иштеп чыгуучуларды колдоо

Бир аз убакытка акысыз программаны пайдалануудан кийин, жана программа сизди канаатандырса, алардын иштеп чыгуучуларына колдоону ойлонуп көрүңүз. Алардын сайттарына баш багып, кандай жардам бере алаар жолдорун издеңиз. Алардын сайтында "кайрымдуулук" баскычы болушу мүмкүн, же талантыңыз менен жардам бере аласыз, балким алардын программасын социалдык тармактарда жарнама кыла аласыз. Бирок, сиздин колдооңуз - өз тандооңуз, бул милдет эмес. Акысыз программалык камсыздоо жамааттары жеке тандоого жана өз ара жардамдашууга муктаж.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-opensource/content/