Компьютерде иштөө негиздери: Катуу дискиңизди кантип дефрагментация кылса болот (Defragment)

Lesson 18: Катуу дискиңизди кантип дефрагментация кылса болот (Defragment)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-speeding/content/

Катуу дискиңизди кантип дефрагментация кылса болот

Компьютер ээси катары анын тез ылдамдыкта иштөөсү үчүн бир нече кадам кылсаңыз болот. Кадамдардын бири - бул катуу дискти дефрагментациялоо. Бул сабакта дефрагментациялоонун негиздерин көрсөтүп беребиз.

Бул сабак Windows'ко багытталат. Mac компьютерлеринде дефрагментациянын кереги жок.

Дефрагментация деген эмне?

Катуу дискиңиздеги бардык маалымат кир жуугуч машинеге салчу кирдин топтому деп элестетиңиз. Кийим-кече жана түстөрдүн ар кандай түрлөрү көп, алардын баары жууплганда бири-бирине аралашып калат. Кийимдерди баары дагы эле бар, бирок, алар аралшкан жана көп жерди ээлейт. Убакыттын өтүшү менен сиздин катуу дискке жайгашкан маалыматда ушундай болуп калат. Баары аралашып, фрагменттелип, майдаланып калат жана компьютер бардык нерсени табуу үчүн көбүрөөк ресурс кооротушу керек.

Сен кир жууп бүткөндө, ар дайым кийимдерди ирээттеп, кийим шкафына бүктөп, тизип коёсуз. Катуу дискиңизди дефрагментация кылганда, компьютериңиз ушуга окшош ишти аткарат. Компьютериңиз нерселерди тез табышы үчүн жана бош сактагычын туура колдонушу үчүн бул маалыматтардын баарын алып, ирээтке келтирет.

Эмне үчүн Дефрагментация?

Компьютерди дефрагментациялоо менен бир катар маселелерди чечүү жана алдын алуу да мүмкүн. Катуу дискиңизди дефрагментациялап турбасаңар компьютериңиз жай иштеп жана аны күйгүзгөндө абдан жай иштеши мүмкүн. Катуу диск өтө эле майдаланган болсо, сиздин компьютер тез катып калышы же такыр эле иштебей коюшу мүмкүн.

Катуу дискиңизди кантип дефрагментация кылса болот:

Эгер сиз Windows 7 же андан жаңы OS колдонсоңуз, сиздин компьютер жума сайын автоматтык түрдө дефрагментация кылып турат. Тартибин ачып, аны өзгөртүү эң эле жеңил.

  1. Start менюсунун издөө тилкесине "Диски дефрагментациялоо жана оптималдаштыруу" деп жазыңыз.
  2. Оптималдаштыруу менюсу пайда болот. Төмөн тарабында катуу дискиңиз канчалык тез дефрагментациядан өтүп туруусун көрсөтөт Оң жагындагы "өзгөртүү" баскычы сиздин катуу дисктин дефрагментациядан өтүү тездигин жөндөгөнгө уруксат берет.
  3. Эгер сиздин катуу диск автоматтык түрдө дефрагментация болбой жатса, аны кол менен кошсоңуз болот. Сиз дефрагментация кылгыңыз келген дискти табыңыз да "Оптимизациялоо баскычын басыңыз.Дефрагментация процесси узакка созулушу мүмкүн, ошондуктан аны түнгө карай же компьютер колдонбой турган учурда иштетсеңиз туура болот.

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-safe-mode/content/