PowerPoint 2016 Негиздери: Презентацияларды сактоо (Saving)

Lesson 3: Презентацияларды сактоо (Saving)

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-creating/content/

Презентацияларды сактоо

Сиз PowerPoint ка жаңы презентацияны түзгөн болсоңуз, анда ага кийинчээрек кирүүгө же кошумча кылуу үчүн кантип сактоо туралуу билишиңиз керек . PowerPoint тун мурдагы версияларындагыдай, сиз файлдарды компьютериңизге сактай аласыз. Эгер сиз туура көрсөңүз OneDrive ты колдонуп булутка файлдарыңызды сактай аласыз. Сиз PowerPoint тан презентацияларыңызды түздөн-түз экспортоп жана бөлүшө аласыз.

PowerPoint презентацияларды сактоо жана бөлүшүү тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Сактоо жана сактоонун түрлөрү

PowerPoint файл сактоонун эки жолун сунуш кылат: Сактоо жана Сактоонун түрлөрү. Бул параметрлер бир нече маанилүү айырмачылыктар менен бирге, окшош жолдор менен иштешет.

  • Сактоо: Качан презентацияны түзүүдө же кошумчалоодо, өзгөртүүлөрдү сактоо үчүн Сактоо буйругун колдоносуз. Сиз бул буйрукту көп учурда колдоносуз. Файлды сактап жатканыңызда, сизге болгону файлдын атын жана биринчи жолу кайда жайгаштырууну тандоо керек. Андан кийин, ошол эле ат менен жана жайгашкан жерин сактоо үчүн Сактоо буйрукту баса аласыз.
  • Сактоонун түрлөрү: презентациянын оригиналы сакталып турганда, көчүрмөсүн түзүү үчүн ушул буйрукту колдоносуз. Cактоонун , сиз көчүрүп чыгаруу үчүн башка атын жана / же жайгашкан жерин тандоо керек.

OneDrive жөнүндө

Microsoft Office тин көпчүлүк функциялары, анын ичинде PowerPoint та дагы, документтерди онлайн аркылуу сактоо жана бөлүшүү ишке ашырылат . OneDrive документтериңизди жана файлдарыңызды онлайнда сактоочу жай болуп саналат. Эгер сиз OneDrive ды колдонууну кааласаңыз, анда Microsoft аккаунтуңуз аркылуу PowerPoint ка кирериңизди билиңиз. Биздин сабактарды караңыз OneDrive түшүнүү көбүрөөк билүү үчүн.

Презентацияны сактоо:

Жаңы долбоорду баштасаңыз же учурдагыга өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн презентацияларды сактоо абдан маанилүү. Эрте сактоо көп учурда сиздин ишиңиздин жоголуп кетишине тоскоол боло алат. Сиз кийинчерээк презентацияны оңой табуу үчүн, аны кайда сактаарыңызга абдан көңүл бөлүшүңүз керек.

  1. Тез табуу мүмкүнчүк куралдарына жайгаштырып Сактоо (Save) буйругун тандаңыз.
    Сактоо буйрукка чыкылдатуу
  2. Эгер биринчи жолу сактап жаткан болсоңуз, Save түрү (Save As) тактасы системанын арткы көрүнүшүндө пайда болот.
  3. Сиз файлдын атын берип жана аны кайда сактоо керек экенин тандашыңыз керек. Комьпютериңизден жайгаштырууну тандап алуу үчүн, Серептөөнү басыңыз. Ошондой эле, файлды OneDrive ка сактоо үчүн OneDrive ты чыкылдата аласыз.
    Браузерди чыкылдатуу
  4. Сактоо түрү (Save As) диалог кутучасы пайда болот. Презентацияны сиз каалаган жайга сактоону тандаңыз.
  5. Презентация сакталган файлдын атына кирип андан кийин Сактоону басыңыз.
    Презентацияны сактоо
  6. Презентация сакталат. Сиз презентацияны өзгөртүү сыяктуу өзгөрүүлөрдү сактап калуу үчүн дагы бир жолу Save буйругун баса аласыз.

Сиз ошондой эле тергичтен Ctrl + S басуу менен Save буйрукка кире аласыз.

Сактоо катарын (Save As) колдонуп көчүрмөнү жасоо

Эгер сиз презентациянын башка версиясын сактагыңыз келсе, оригиналын сактоо менен, көчүрмөсүн түзө аласыз. Мисалы, эгер сизде Керектөөчүнүн презентациясы аттуу файл бар болсо, аны Керектөөчүнүн презентациясы 2 деп сактоо менен жаңы файлды кошуп жана оргинал версиясына кайра кайрыла аласыз.

Муну жасаш үчүн, системанын арткы көрүнүшүндөгү Сактоо катары(Save As) буйрукту чакылдатыңыз. Биринчи жолу файлды сактап жатканга окшош эле, файлды кайда сактаарды жана ага жаңы атын берүүнү тандашыңыз керек.

Чыкылдатуу Сактоо катарын

Демейки сактоо жерин өзгөртүү үчүн:

Эгер сиз OneDrive'ды колдонгуңуз келбесе, анда сактоодо демейки жайгашкан катары OneDrive тандалып жатат деп нааразы болушуңуз мүмкүн. Эгер сиз муну ыңгайсыз деп тапсаңыз анда демейки сактоо жерин өзгөртө аласыз ошентип демейки жеке компьютер тандалат.

  1. Системанын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн Файл өтмөгүн басыңыз.
    Файл өтмөктү чыкылдатуу
  2. Чыкылдатуу опциялары.
    Параметрлерди чыкылдатуу
  3. PowerPoint Опциялар диалог кутучасы пайда болот. Сактоо тандап, демейки комьпютерге сактоо үчүн кийинки кутуну текшерип, андан кийин OK чыкылдатыңыз. Демейки сактоо жери өзгөргөн болот.
    Демейки сактоо жайын өзгөртүү

Авто калыбына келтирүүнү колдонуу

PowerPoint сиз иштеп жаткан презентацияларды автоматтык түрдө убактылуу папкага сактайт. Эгер сиз өзгөрүүлөрдү сактоону унутуп калсаңыз же PowerPoint бузулуп калса, анда АвтоКалыбына келтирүүнү колдонуп файлды калыбына келтире аласыз.

АвтоКалыбына келтирүүнү колдонуу үчүн:

  1. PowerPoint ту ачыңыз. Эгер файлдын автосактоо версиялары табылса, документ калыбына келтирүү тактасы пайда болот.
  2. Мүмкүн болгон файлды ачууну чыкылдатыңыз. Презентацияны калыбына келтирүүгө болот.
    Документти калыбына келтирүү тактасы

Демейки, PowerPoint автосактоо ар бир 10 мүнөт сайын. Эгер сиз 10 мүнөттөн аз убакытта презентацияга кошумча кылсаңыз, анда PowerPoint автосактоо верциясын түзүшү мүмкүн эмес.

Эгер сизге керектүү файлды көрбөсөңүз, анда экрандын арткы көрүнүшүнөн автоматтык түрдө сакталган бардык файлдарды карап чыга аласыз. Болгону Файл тилкесин тандап, башкы презентацияны басыңыз андан кийин Калыбына келтирүү Сакталбаган Презентацияларды тандаңыз.

Сакталбаган файлды калыбына келтирүү

Презентацияларды экспорттоо

Демейде, PowerPoint презентациялары pptx file түрүнө сакталат. Бирок, дагы башка файл түрүн колдонуу керек болгон учурлар болот, мисалы PDF же PowerPoint 97-2003 презентация сыяктуу. PowerPoint тан сиздин презентацияны ар кандай файлдын түрлөрүнө экспорттоо оңой болот.

  • PDF: PowerPoint файл ордуна презентацияны PDF документ катары сактоолор.
  • Видео: презентацияны видео катары сактоолор.
  • CD үчүн топтом: Microsoft PowerPoint көрсөткүч менен бирге бир папкага ар ким жүктөп алууга боло тургандай атайын слайд шоу оюнчу сактоолор.
  • Таркатмалар: слайддарыңыздын таркатма верциясын басып чыгаруу
  • Башка файл түрү: PNG жана PowerPoint 97-2003 камтыган дагы башка түрлөрүн сактоолор.

Презентацияны экспорттоо:

Биздин мисалда, биз презентацияны PowerPoint 97-2003 файл катары сактайбыз.

  1. Системанын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн File өтмөгүн басыңыз.
  2. Экспортту чыкылдатып, андан кийин каалаган версияны тандаңыз. Биздин мисалда, Файл Түрүн Өзгөртүүнү тандап алабыз.
     Өзгөртүү Файл Түрүн Чыкылдатуу
  3. Файл түрүн тандап, андан кийин Сактоо катары (Save As) чыкылдатыңыз .
    Файл түрүн тандоо жана Сактоо катарын чыкылдатуу
  4. Сактоо катары (Save As) диалог кутучасы пайда болот. Презентацияны сиз каалаган экспорттоо жерин тандап, файлдын атын жазып андан кийин Сактоону чыкылдатыңыз.
    PowerPoint 97-2003катары презентацияны  сактоо

Ошондой эле Сактоо катары ылдый түшүүчү менюнун түрүн, Сактоо катары диалог кутусунда сактоого презентациялардын ар кандай файл түрлөрүн колдоно аласыз. Файлдын түрүн тандоодо, башкалар ачылып кетүү мүмкүнчүлүгүнөн сак болуңуз.

Сактоо катары диалог кутучасынан файл түрүн тандоо

Презентацияларды бөлүшүү

PowerPoint презентацияларды OneDrive ды колдонуу менен бөлүшүүнү жана кызматташууну жеңил кылат. Мурун кимдир бирөө менен файлды бөлүшүүнү каалаган болсоңуз, аны электрондук катта тиркеме катары жибере алчусуз. Ыңгайлуулугу, бул система уюштурууга оор болгон файлдын бир нече версияларын түзөт.

PowerPoint та презентацияны бөлүшүп жатканыңызда, чынында, ошол эле файлды башкаларга берүүгө мүмкүнчүлүк берип жатабыз. Бул сизге жана сиз бөлүшкөн адамдарга ошол эле презентациянын көп версияларын көзөмөлдөбөй коюуга мүмкүндүк берет.

Презентацияны бөлүшүү үчүн, адегенде OneDrive ка сактоо керек.

Презентацияны бөлүшүү үчүн:

  1. Системанын арткы көрүнүшүнө кирүү үчүн File өтмөктү чыкылдатып, анан Бөлүшүүнү (Share) басыңыз.
    Бөлүшүүнү чыкылдатуу
  2. Бөлүшүү тактасы пайда болот.

Бул жерде презентацияны бөлүшүүнүн ар кандай жолдору бар.

  • Бөлүшүү параметрлери: Бул такта сиз тандаган бөлүшүү ыкмасына жараша өзгөрөт. Сиз презентацияны кандайча бөлүшөрүңүздү көзөмөлдөө үчүн ар кандай ыкмаларды тандап аласыз.
  • Эл менен бөлүшүү: бул жерден, презентацияны карап чыгууга же кошумча кошууга башкаларды чакыра аласыз. Биз ушул версияны колдонууну сунуштайбыз себеби сизге презентацияны бөлүшүүдө купуялуулукту контролдоонун эң мыкты деңгээлин берет.
  • E-mail: Бул жерде, сиз Microsoft Outlook аркылуу түздөн-түз презентацияны бөлүшө аласыз.
  • Онлайнда презентациялоо: бул жерден, сиз презентацияңызды онлайнда түз бөлүшө аласыз. PowerPoint башкалар интернет браузеринде ача алгандай кылып шилтемени пайда кылат.
  • Слайддарды Жарыялоо: бул жерден, PowerPoint ка жазмаларыңызды өзүңүздүн блогуңузга түздөн-түз кое аласыз, эгерде сиз колдоого алынган сайттарды колдонсоңуз мисалы, SharePoint Blog , WordPress, жана Blogger сыяктуу.

Чакырык!

  1. Бул жерди ачыңыз презентацияны практикалоо .
  2. Презентациянын көчүрмөсүн түзүү үчүн Сактоо катарын колдонуу. Жаңы көчүрмөнү атаңыз Сактоо Чакырык Практикасы. Муну сиздин OneDrive ка же компьютериңиздеги папкага сактай аласыз.
  3. Презентацияны PDF файл катары экспорттоңуз.

/en/tr_ky-powerpoint-2016/-slide-basics/content/