Google колдонуу кеңештери: Google дан өзүңүздү издеңиз (Yourself)

Lesson 4: Google дан өзүңүздү издеңиз (Yourself)

/en/tr_ky-google-tips/google-art-/content/

Google дан өзүңүздү издеңиз

Сиз билесизби кимдир бирөө жөнөкөй интернет издөө аркылуу канчалык сиз жөнүндө таба алат? Чындыгында,сиз таң калышыңыз мүмкүн канчалык элдер үчүн жеңил, онлайн аркылуу бир гана сиздин аты-жөнүңүздү издөө менен сиз жөнүндө көбүрөөк билип алышат.

Бул изилдөөлөр бир нече эле минутаны түзөт, ал эми орточо интернет колдонуучу ар кандай маалыматтарды, сиздин вебсайт, Facebook баракча, жана ал тургай сүрөттөрүңүз аркылуу таба алат. Кыскача айтканда, эгер онлайн жалпыга жеткиликтүү болсо, ар кимдин кирүүгө мүмкүнчүлүгү болот.

Бул жагдайыңызга (интернетти колдонуу тажрыйбаңыз менен) жараша жаман нерсе болушу мүмкүн эмес. Мисалы, эгер сиз жумуш издеп жатсаңыз, анда элдер сиз тууралуу жана сиздин ишиңиз жөнүндө көбүрөөк билүүнү каалаган болсоңуз анда онлайн портфолиоңуз аркылуу таап ала алышат.

Бирок, эгерде, сиз ал жерде эмне бар экенин билбестен койсоңуз анда өзүңүздү, жөн эле тобокелге салып коюшуңуз мүмкүн. Сиз Google аркылуу атыңызды таап алсаңыз, сиз эмне деп ойлойсуз?

Эмнени издейбиз

Коомдук желе мазмунун карап жатканыңызда бир нерсени гана ойлоңуз өзүңүздүн кадыр-баркыңызга таасир бере турган. Сиз жумуш, мектеп, же жаңы батир алганы жатасыз дейли. Айрым мекемелер тапшыруу процесс учурунда атыңызды Google, дан издеп табышат жана кандай гана туура эмес көрүнсө дагы, алар муну эске алышат. Эгер сизге зыян келтире турган нерсе бар экенин билип койгонуңуз жакшы (жоопкерчиликсиз ичип жаткан сүрөттөр) же оңтойсуз абалда калтыра турган (онлайн сүйлөшүү сайтында эски баракча) сыяктуу.

Сиз интернет коопсуздугун жакшы билбесеңиз, анда сиздин байланыш маалыматтарды байкабай ачыктап албаңыз. Мисалы, дегеле кайсы бир учурда Craigslist ке публикация жайгаштырдыңыз беле? Мазмундун мындай түрүн жөнөкөй онлайн издөөдө интернеттен тапса болорун сиз балким түшүнбөшүңүз ыктымал. Эгер аты-жөнүңүздү, электрондук почтанын дарегин, жана телефон номериңиздин баарын салган болсоңуз, Craigslist ти караган адамдардан тышкары дагы ар кимге жеткиликтүү боло алат. Эгер тел номериңиз тизмеде көрсөтүлгөн болсо, анда алар жада калса үй дарегиңизди да билип алышы мүмкүн.

Google издөө ыкмалары

Эң толук жана так издөө натыйжаларын алуу үчүн, аты-жөнүңүз, электрондук почта дарек, үй жана иш дарек, шаар, жана тел номерлериңиз сыяктуу нерселерди издөөдө - баардыгы ар кандай жолдор менен жазылышы керек. Андан тышкары, Google так фразаны издөөнү билиши үчүн, издөө шарттардын айланасында шилтемелерди коюңуз. Алардын айрымдары төмөнкүлөр:

  • Аты жана фамилиясы : "will bolding "
  • Аты, атасынын аты, жана фамилиясы: " will edward bolding"
  • Фамилиясы аты менен коштолгон: "bolding, will"
  • Фамилиясы, аты жана атасынын аты менен коштолгон: "bolding, will edward"
  • Аты жана фамилиясы, плюс шаар (тырмакчадан тышкары): "will bolding", чикаго
  • Көчөнүн дареги: "555 elm st"
  • Көчөнүн дареги, ошондой эле шаар (тырмакчадан тышкары): "555elm st " чикаго
  • E-mail дареги: "[email protected]"
  • Тел номери, кошумча аймак коду ( бош орун же дефис жок): "3215554444"

Маалыматтыңызды башкаруу

Эгер сиз онлайндан көргөзгүңүз келбеген кандайдыр бир маалыматты таап алсаңыз, анда сизде бир нече тандоолор бар. Эгер маалыматты өзүңүз жайгаштырган болсоңуз, анда аны алып салышыңыз керек. Эгер башка бирөө аны жайгаштырган болсо, анда маалыматтарды алып салуу үчүн сайтка же жайгаштырган адамдан сураныш керек. Алар сиздин суроо-талапка жооп берүүгө милдеттүү эмес экенин эстен чыгарбоо керек. Эгер сизге сайт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жардам керек болсо, байланышыңыз WiredSafety.org алардын ыктыярчылары сизге кеңеш берүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын жасайт.

Ошондой эле, сиз бул сыяктуу кызматын колдоно аласыз BrandYourself.com маалыматты алып салуунун ордуна сиздин издөө жыйынтыктарыңызды жакшыртуу үчүн аракет жасаңыз. Эгер сиздикине окшош кимдир бирөөнүн аты чыкса, балким, ал киши анча деле белгилүү болбосо деле анан ошол адам жыйынтык баракчада биринчи болуп сакталып калса бул эң сонун тандоо болуп саналат. BrandYourself, элдер сиздин атыңызды курсор менен издеп жатканда, сиз тууралуу туура эмес түшүнүк алып калбаш үчүн сиздин маалыматты үстү жакка коюлушу позицияңызга жардам берет.

Эгер сиз алиге чейин жасай элек болсоңуз, анда азыр Google дан өзүңүздү издеңиз! Эмнелерди табарыңызды сиз эч качан билбейсиз.

Эгер, интернет коопсуздугу тууралуу көбүрөөк билгиңиз келсе, төмөнкү сабактарды карап чыгыңыз.

/en/tr_ky-google-tips/google-calendar/content/