Google колдонуу кеңештери: Google менен которуу (Translate)

Lesson 7: Google менен которуу (Translate)

/en/tr_ky-google-tips/-google-image/content/

Google менен которуу

Google ду колдонуп тексти бир тилден башка тилге которо аларыңызды билчү белеңиз? Муну колдонуу жеңил, ал эми үзгүлтүксүз Google издөөгө мүмкүнчүлүк алуу анчейин деле айырмаланбайт. Мүмкүн сиз чет өлкөдө жүрөсүз жана бир нерсени которуу керек болуп калды же бир чет тилинде китеп окуп жатсаңыз дээрлик баарын которууга жардам берүү үчүн Google ду колдоно аласыз.

Котормочуну колдонуу

  1. Барыңыз google.com , Google издөө тилкесине которуп, анан Google издөөнү басыңыз.
  2. Сол жактагы белгиленген кутучага текст киргизип, сөздү, фразаны, же сиз которууну каалаган сүйлөмдү терип жазыңыз, Google автоматтык түрдө тилди аныктайт жана котормону оң жактагы кутучага чыгарат.
  3. Ошондой эле, Google да котормонун тилин өзгөртө аласыз жана жогорку сол жактагы тилдерди басуу менен же ылдый түшүүчү менюдан башка тилди тандап өзгөртө аласыз. Мисалы, эгер сиз англис тилинен бир нерсени француз тилине которгуңуз келсе, сол кутучага англис сөздөрдү терип жазышыңыз керек андан кийин оң жактагы тилди француз тилине өзгөртүңүз.

Аудио функциясын колдонуу

Сиз башка тилге которулуп жаткан мазмунду кантип туура айтылышын билгиңиз келет болуш керек. Googleда колдонууга оңой аудио ойнотуу функциясы бар, сиз кандай жазсаңыз айтылышын айтып бере турган. Жөн эле угуу баскычын чыкылдатыңыз, жогорку оң бурчунда турган динамикти.

Бирок, бул баскыч котормо кутучадагы текстти гана айта алат. Эгерде сиз алгач терилген текстти кантип айтыларын уккуңуз келсе, анда биринчи кутунун жогорку оң жагындагы Алмашуу тилдердин баскычын чыкылдатуу керек. Бул эки тексттин ордуларын өзгөртүп жана сиз которуп жаткан текстти кандай айтыларын угууга мүмкүнчүлүк берет.

Весайттарды которуу

Эгер сиз дээрлик башка тилдеги вебсайт менен кезигишсеңиз, анда ага котормочуну колдонуу, ар бир сүйлөм же сөздү которууга көп убакытты талап кылат. Бактыга жараша, толук Google Translate функциясы бардык сайттарды которуу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

  1. Барыңыз translate.google.com .
  2. Терип жазыңыз же сол кутудагы сайттын URL койуңуз. Шилтеме оң кутучада пайда болот.
  3. Сиз шилтемени басканда, багытталган сайттын которулган нускасын көрө аласыз.

/en/tr_ky-google-tips/google-books/content/