Компьютерде иштөө негиздери: Сиздин иш-такта фонуңузду кантип ыңгайлаштырса болот (Background)

Lesson 11: Сиздин иш-такта фонуңузду кантип ыңгайлаштырса болот (Background)

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-update/content/

Сиздин иш такта фонуңузду кантип ыңгайлаштырса болот

Эгер компьютериңизди сизге тиешелүү экенин сезгиңиз келсе балким экран тушкагазын алмаштыргыңыз келет.

Тушкагаз бул компьютериңиздеги иштактадагы сүрөтчөлөрдүн артында жайгашкан сүрөт. Ал, адатта,иштакта фону деп аталат. Көпчүлүк компьютерлерде иштактанын фонун чычкандын оң-баскычы аркылуу "жекечелештирүүнү" тандоо аркылуу өзгөртө аласыз.

Иш-тактаны жекечелештирүү

Андан кийин иш такта фонун тандаңыз. Демейки компьютерде жайгашкан сүрөттөрдү көрөсүз.

иш-тактанын фонун өзгөртүү

Эгер сиз бир өзгөчө сүрөт издеп жаткан болсоңуз, анда биз Google Сүрөт издөө кызматын сунуштайт элек. Анын издөө куралдары сүрөттөрдү өлчөмү боюнча сунуштайт. Ири өлчөмдөгү сүрөттөрдү издөөдө бул абдан ыңгайлуу (биз, жок дегенде, 1024 х 768 деген сүрөттү сунуштайбыз). Алардан көлөмү аз болсо сүрөт начар жайгашып, жакшы көрүнбөй калат.

Google Сүрөттөрдөн издөө

Сизге жаккан сүрөттү тапкандан кийин, ан тандап, "Сүрөттү көрүү" баскычын басыңыз.

Сүрөттү көрүү баскычын басуу

Анан басып, сүрөттү иш тактага сүйрөп келиңиз.

иш-тактага сүрөттү сүйрөө

Сиз азыр бул сүрөттү иш тактаңыздын фону катары койсоңуз болот. Сүрөттү оң баскыч менен чакылдатып, "иш-тактанын фону катары орнотуу" функциясын тандайсыз.

иш-такта фонун орнотуу

Сиздин каалгандай жеке сүрөтүңүздү дагы ушундай эле ыкма менен иш-тактанын фонуна орнотуп алсаңыз болот.

иш-такта фону колдонулду

/en/tr_ky-basic-computer-skills/-virus/content/