Excel 2016 Негиздери: Формулаларга киришүү (Intro to Formulas)

Lesson 13: Формулаларга киришүү (Intro to Formulas)

/en/tr_ky-excel-2016/-page-layout-and-printing/content/

Формулаларга киришүү

Excel'деги эң күчтүү функциялардын бири бул формулаларды колдонуп, сандык маалыматтарды эсептөө жөндөмдүүлүгү болуп саналат. Калькулятор сыяктуу, Excel кошуп, кемитип, көбөйтө жана бөлүштүрө алат. Бул сабакта, биз уячаларды колдонуп жөнөкөй формулаларды кантип түзө алаарыбызды карайбыз.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китебибизди көчүрүп алыңыз.

Excel'де формулаларды колдонуу тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Математикалык операторлор

Excel, формулалар үчүн стандарттык операторлорду колдонот, мисалы, кошуу белгиси (+) болот, минус кемитүү белгиси (-) болот, көбөйтүү белгиси (*) болот, бөлүү белгиси (/) болот жана даража үчүн (^) белгиси болот.

Excel математикалык операторлору

Excel'деги формулалар барабар белгиси менен башталышы керек. Анткени уячада формула, ал эсептеген маани бар.

Уяча шилтемелерин түшүнүү

Сиз сандарды колдонуп, Excel'де жөнөкөй формулаларды түзө аласыз (мисалы =2 + 2 же =5* 5), көп учурда уяча даректерин формула колдонуш үчүн колдоносуз. Бул уяча шилтемеси катары белгилүү. Уяча шилтемелерин колдонуу формулаларыңыз ар дайым тыкан болушун камсыздайт, анткени ал шилеме уячалардын маанисин формуланы кайра жазбай эле өзгөртсө болот.

Төмөнкү формулада, A3 уячасы А1 жана А2 маанилерин өзүнө кошот.

Уяча шилтемелерин колдонгон Excel формулалары

Сиз Enter басканда, формула эсептеп, жоопту А3 уячасында көрсөтөт.

Формула автоматтык түрдө натыйжаны эсептейт.

Эгер шилтемеленген уячаларда маанилер өзгөрсө, формула автоматтык түрдө кайра эсептеп чыгат.

Эгерде шилтеме берилген уячалар өзгөрсө формула автоматтык түрдө жаңырат.

Уяча шилтемелер менен математикалык операторлорду бириктирүү менен, Excel'де жөнөкөй ар кандай формулаларды түзө аласыз. Формулалар ошондой эле уяча шилтемелеринин, сандарынын комбинациясы боло алат, мисалы:

Жөнөкөй формулалардын мисалы

Формула түзүү үчүн:

Төмөнкү мисалда биз жөнөкөй формуланы жана уяча шилтемесин колдонуп, бюджетти эсептейбиз.

  1. Формуланы камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз D12 уячасын тандайбыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Барабар белгисин (=) териңиз. Ал уячада жана формула тилкесинде кандай пайда болгонун караңыз.
    Барабардык белгиси менен башталган формуланы баштоо
  3. Формулага кошуу үчүн биринчи уячанын дарегин жазыңыз: мисалы, D10 уячасы Шилтеме берилген уяча айланасында көк чек пайда болот.
    D10 үчүн уяча шилтемесин киргизүү
  4. Сиз пайдаланууну каалаган математикалык операторду жазыңыз. Биздин мисалда, биз кошуу белгисин (+) теребиз.
  5. Формулага экинчи уячаны териңиз: мисалы D11 уячасы. Уячанын айланасында кызыл чек пайда болот.
    D11 уячасы үчүн кошуу операторун киргизүү
  6. Баскычтоптон Enter баскычын басыңыз. Формула эсептейт, жана мааниси уячада көрсөтүлөт. Кайра уячаны тандасаныз, натыйжаны уяча көрсөтөт, ал эми формула тилкеси формуланы көрсөтөт.
    Enter баскычын басып, натыйжаны көрсөтүү

Эгер формуланын натыйжасы уячада көрсөтүү үчүн өтө чоң болсо, ал маанинин ордуна бул белгилер менен чыгат (#######). Бул тилке мазмунду ичине батыра албай калды дегенди түшүндүрөт. Мазмунду көрүү үчүн жөн гана тилкени чоңойтуп кюңуз.

Уяча шилтемердин маанилерин өзгөртүү

Уяча шилтемелердин чыныгы артыкчылыгы катары формуланы кайра жазбай, дайындарды өзгөртө берсеңиз болот. Төмөндөгү мисалда биз, В1 уячасындагы 1200$ маанисин $1800 кылып өзгөрттүк. B3 формула автоматтык түрдө кайра санап, жаңы маанини B3 уячасында көрсөттү.

Бир шилтеме уячасы өзгөрсө формула автоматтык түрдө кайра эсептейт.

Excel ар дайым формулада ката бар экенин сизге айтпайт, ошондуктан өзүңүз формуланы текшерип турушуңуз керек. Аны кантип караш үчүн биздин Excel Формулалары үйрөткүчүбүздөгүФормулаларыңызды бин нече жолу текшерүү сабагыбыздан окуй аласыз

Көрсөтүп-чыкылдатуу ыкмасын колдонуу менен формула түзүү үчүн:

Уяча даректерин кол менен тергендин ордуна, сиз формулага кошуу үчүн каалаган уячага барып, аны чыкылдытсаңыз болот. Бул ыкма сизге көп убакытты үнөмдөп берет. Төмөндө биздин мисалда, биз пластик күмүш буюмдардан бир нече кутучаларга буйрутманын суммасы канча болот экенин эсептөө үчүн формула түзөбүз.

  1. Формуланы камтыган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз D4 уячасын тандайбыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Барабар (=) белгисин териңиз.
  3. Формулада камтуучу биринчи уячаны тандаңыз, мисалы B4 уячасы. Формула тилкесинде формула пайда болот.
    Формулага шилтеме берүү үчүн алгачкы уячаны тандоо
  4. Сиз каалаган математикалык операторун териңиз. Биздин мисалда, биз көбөйтүү белгисин (*) теребиз.
  5. Экинчи уячаны тандаңыз, мисалы C4 уячасы. Уяча дареги формула тилкесинде пайда болот.
    Формулага шилтеме берүү үчүн экинчи уячаны тандоо
  6. Баскычтоптон Enter басыңыз. Формула эсептелет, ошондой эле мааниси уячада көрсөтүлөт.
    Enter баскычын басып, натыйжаны көрсөтүү

Толтуруу сабы менен формулаларды көчүрүү

Формулалар да толтуруу сабы менен көчүрүрлөт, ал көп убакытты үнөмдөөгө жардам берет жана окшош эсептөөнү колдонсоңуз -жардам берет. Толтуруу туткасы бул тандалган клетканын төмөнкү-оң бурчундагы кичине квадрат болуп саналат.

  1. Сиз көчүрүүнү каалаган уячаны тандаңыз. Сиз толтуруу үчүн келген уячалардын үстүнөн сүйрөңүз.
    Толтуруу туткасын сүйрөө
  2. Сиз Ччычканды бошоткондон кийин, формула тандалган уячаларда жайгашат.
    формула тандалган уячаларга көчүрүлөт.


Формуланы өзгөртүү үчүн:

Кээде учурдагы формуланы өзгөртүү керек болушу мүмкүн. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, формулага туура эмес уяча дарегин киргиздик, эми аны оңдошубуз керек.

  1. Формуланы камтыган, бирок туура эмес уячаны табыңыз. Биздин мисалда, биз D12 уячасын тандап алабыз.
    Уячаларды тандоо
  2. Формуланы түзөтүү үчүн формула тилкесин басыңыз. Ошондой эле, сиз уячаны көрүү үчүн аны кош чыкылдатышыңыз керек жана формуланы уячанын ичинен оңдоңуз.
    формуланы өзгөртүү үчүн формула тилкесин чыкылдатуу
  3. Тандалган уячанын айланасында чек пайда болот. Биздин мисалда, биз формуланын биринчи жарымын оңдойбуз, D9 уячанын ордуна D10 кылып өзгөртөбүз.
    Формуланы түзөтүү
  4. Сиз даяр болгондо Enter баскычын басыңыз.
    ПТүзөтүүнү бүтүрүү үчүн Enter басуу
  5. Формула жаңыртылат жана жаңы маани көрсөтүлөт.
    жаңы формула натыйжаны көрсөтөт

Эгер оюңузду өзгөртсөңүз, баскычтоптон Esc баскычын басып, же формула тилкесинен Жок кылуу буйрутмасын басыңыз.

Формуладан түзөтүүнү алып салуу

Жадыбалда бардык формуланы көрсөтүү үчүн, Ctrl баскычын басып жана ` басыңыз. Бул белги адатта баскычтоптун жогорку-сол бурчунда жайгашкан. Сиз Ctrl + `кайра басып, кадимки көрүнүшкө кайтасыз.

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. Иш-китептин төмөнкү-сол жагындагы Чакырык өтмөгүн чыкылдатыңыз.
  3. C4 уячасына формула киргизиңиз. Ал формула В4 маанисин С4 уячанын ичиндеги мааниге көбөйтөт.
  4. D4 уячанын формуласын D5:D7 уячаларына толтургуч туткасы менен көчүрүңүз.
  5. C6 уячасындагы куурулган банандын баасын $2.25 кылып өзгөртүңүз. Суммасы бар уячада сумма өзгөрөт, аны байкаңыз.
  6. D8 уячасынын формуласын оңдоңуз, ал D7 маанисин да кошсун.
  7. Бүткөндөн кийин, сиздин иш китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:

    Формулаларга киришүү чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-more-complex-formulas/content/