Excel 2016 Негиздери: Уяча негиздери (Cell Basics)

Lesson 5: Уяча негиздери (Cell Basics)

/en/tr_ky-excel-2016/-saving-and-sharing/content/

Уяча негиздери

Сиз Excel менен иштеген сайын, сиз маалыматты, же мазмунду уячаларга жайгаштырасыз. Уячалар иш-китептин негизги курулуш материалы болуп саналат. Сиз уяча жана уяча мазмун негиздерин үйрөнөсүз жана Excel'де дайындарды эсептеп, анализдеп жана уюштура аласыз.

Кошумча: Биздин практикалык иш-китепти көчүрүп алыңыз.

Уячалар менен иштөөнүн негиздери тууралуу көбүрөөк билүү үчүн төмөнкү видеону көрүңүз.

Уячаларды түшүнүү

Ар бир иш-барактары миңдеген уяча деп аталган тик бурчтуктардан турат. Уяча бул сап менен тилкенин кесилиши болуп саналат. Башка сөз менен айтканда, бул сап жана тилке жолугушкан жер.

Тилкелер (A, B, C) тамгалары менен аныкталат, ал эми саптар (1, 2, 3) сандары менен аныкталат. Ар бир уячанын өзүнүн аты бар, же уяча дареги болот. Төмөндө көрсөтүлгөндөй, тандалган уячада C тилкеси, 5-сап менен кесилишип жатат, демек уяча дареги C5 болуп саналат.

C5 уячасы

Уяча дареги ошондой эле жогорку-сол бурчтагы аталыш кутусунда да пайда болот. Жана уяча тандалганда анын тилкеси жана сабы белгиленет.

Ошондой эле, бир эле убакта бир нече уячаларды тандай аласыз. Уячалардын тобу уяча диапазону катары белгилүү. Бир гана уяча дарегинен айырмаланып, сиз уяча диапазонундагы биринчи жана акыркы уячанын дарегин колдоносуздар. Мисалы, уяча диапазонунда А1, А2, А3, А4, A5 бар болсо , алар A1:A5 деп жазылат. Башка уяча диапазонун көрөлү:

  • Уяча диапазону A1: A8

    Уяча диапазону A1: A8

  • Уяча диапазону A1: F1
    Уяча диапазону A1: F1
  • Уяча диапазону A1: F8
    Уяча диапазону A1: F8

Сиздин иш-барактагы тилкелер тамгалардын ордуна сандар менен белгиленсе, сиз Excel демейки стилин өзгөртүүңүз керек. Кошумча Шилтеме стилдери деген эмне? сабакты үйрөнүү үчүн карап коюңуздар.

Уячаны тандоо үчүн:

Уяча мазмунун киргизүү же түзөтүү үчүн, сиз биринчи уячаны тандооңуз керек.

  1. Тандоо үчүн уячаны чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, биз D9 уячасын тандап алабыз.
  2. Тандалган уячанын тегерегинде чек пайда болот, ошондой эле тилкелер аталышы, жана саптар аталышы белгиленет. Сиз башка уячаны чыкылдатмайын, ал уяча тандалган бойдон турат.
    Уяча диапазону D9

Сиз ошондой эле баскычтоптон уячаларды жебелер менен тандай аласыз.

Уяча диапазонун тандоо үчүн:

Кээде уячалардын көп тобун белгилегиңиз келет.

  1. Сиз тандаган уячалардын бары белгиленмейин чычкан менен сүйрөп, чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, B5:c18 уяча диапазонун тандап алабыз.
  2. Керектүү уячалар диапазонун тандоо үчүн чычканды бошоткула. Башка бир клетканы басмайын, бул уяча диапазону тандалган бойдон калат.
    Уяча диапазонун тандоо B5: С18

Уяча мазмуну

Жадыбалга киргизген бардык маалымат уячада сакталат. Ар бир уяча ар кандай мазмунду, текст, форматтоо, формулалар жана функцияларды камтыйт.

  • Текст: уячалар текстти, мисалы тамгаларды, сандарды жана даталарды камтыйт.
    Уячаларга мазмун киргизилди
  • Атрибуттарды форматтоо: Уячалар форматтоо атрибуттарын камтыйт, алар тамгалар, сандар жана даталар. Мисалы, пайыздар 0,15 же 15% катары пайда болот. Сиз атүгүл уячанын текстин же арткы түсүн өзгөртө аласыз.
    Ар кандай формат менен бирдей уяча мазмуну
  • Формула жана функциялар: Уячалар формула жана функцияларды камтыйт. Биздин мисалда, (B2: B8) уяча диапазонунун суммасы B9 уячада көрсөтүлүүдө.
    Формула камтыган уяча

Мазмун киргизиш үчүн:

  1. Тандап алуу үчүн уячаны чыкылдатыңыз. Биздин мисалда, F9 уячасын тандап алабыз.
    Уячасын тандоо F9
  2. Тандалган уячанын ичине бир нерсе терип, анан Enter баскычын чыкылдатыңыз. Мазмун уячада жана формула тилкесинде пайда болот. Сиз формула тилкесинде да мазмун киргизип же түзөтө аласыз.

Уяча мазумунун жок кылуу үчүн:

  1. Сиз жок кылууну каалаган мазмуну бар уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, биз уяча диапазонун А10: H10 тандап алабыз.
    Уячасын тандоо A10: H10
  2. Башкы бет өтмөгүнөн "тазалоо" буйругун тандаңыз жана мазмунду тазалоону басыңыз.
    Мазмунду Тазалоо буйругун тандоо
  3. Уяча мазмуну жок кылынат.
    Тазаланган уяча диапазону

Ошондой эле, бир эле учурда бир нече уяча мазмунду жок кылуу үчүн баскычтоптон Delete баскычын басыңыз. Backspace баскычы бир убакта бир гана уячанын мазмунусун жок кылат.

Уячаларды жок кылуу үчүн:

Уячанын мазмунун жок кылуу жана уячанын өзү жок кылуу ортосунда маанилүү айырмачылыктар бар. Эгер уячаны толугу менен жок кылсаңыз, анда ал төмөнкү клеткалар жетишпегендиктерин толтуруу жана жок кылынды клеткаларды алмаштыруу жылат.

  1. Сиз жок кылууну каалаган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда A10: H10 тандап алабыз.

    Уяча диапазонун тандоо A10: H10

  2. Тасмадагы Башкы өтмөктөн Delete буйругун тандаңыз.
    Башкы өтмөктө Delete буйругун чыкылдатуу
  3. Төмөндөгү уячалар жылат жана жетишпеген уячалардын ордун толтурат.
    Жок кылгандан кийинки уячалар

Уячанын мазмунун көчүрүү жана ордуна коюу үчүн:

Excel мурунтан эле жадыбалга киргизилген мазмунду көчүрүп, анын мазмунун башка уячагы алып барып койгонго мүмкүнчүлүк берет. Бул убакытты үнөмдөөгө жардам берет жана күч-аракетти сактоого болот.

  1. Сиз көчүргүңүз келген уячаны тандоо. Биздин мисалда F9 тандап алабыз.
    F9 уячасын тандоо
  2. Башкы өтмөктөн Көчүрүү буйругун тандап, же баскычтоптон Ctrl + C буйругун басыңыз.
    Башкы өтмөктө Көчүрүү буйругун чыкылдатуу.
  3. Сиз мазмунду көчүрүп барып койчу каалаган уячаны тандаңыз. Биздин мисалда F12 : F17 тандайбыз. Көчүрүлгөн уячаларды тегеректеп турган тирелер болот.
    Көчүрүлгөн уячаларга жайгашуу жерин тандоо
  4. Башкы өтмөктөн Ордуна коюу буйргун же баскычтоптон Ctrl + V буйругун басыңыз.
    Ордуна коюу буйругун тандоо
  5. Мазмун тандалган уячаларга барып коюлат.
    Чапталган мазмун

Көп ордуна коюу параметрлерине жетүү үчүн:

Ошондой эле сиз ордуна коюунун кошумча түрлөрүнө мүмкүнчүлүк аласыздар, формулаларды же форматтоону уячалар менен иштеп жатканда, өзгөчө ыңгайлуу. Жөн гана, бул ыкмаларды көрүү үчүн ылдый жебени басыңыз.

Ордуна коюу буйругу менюсу чыкылдатуу

Тасмадагы буйруктарын тандоонун ордуна, оң-баскычты басуу менен буйруктарды тез көрө аласыз. Жөн гана сиз форматтоону каалаган уячаны тандап, чычкан менен оң баскычын чыкылдатыңыз. Ылдый түшкөн меню пайда болот, ал жерден Тасмада жайгашкан бир нече буйрукту таба аласыз.

Көчүрүү, кесүү жана коюу параметрлерин оң баскыч менен чыкылдатуу.

Уячадагы мазмунду кесип, кайра ордуна коюу:

Уячанын мазмунун көчүргөн көчүрүү жана ордуна коюудан айырмаланып, кесүү уячалардын ортосундагы мазмунду жылдырууга жардам берет.

  1. Сиз жок кылууну каалаган уячаларды тандаңыз. Биздин мисалда, G5:G6 тандап алабыз.
  2. Чычкандын оң баскычын чыкылдатып, Кесүү буйругун тандайбыз. Ошондой эле Башкы өтмөктөн буйрукту колдоно аласыз, же тергичтен Ctrl + X баса аласыз.
    Кесүү буйругун оң баскыч менюсунан тандоо.
  3. Сиз мазмунду алып келип койчу уячаларды тандаңыз. Биздин мисалда, F10: F11 тандап алабыз. Кесилген уячалардын кутучасы тире болуп калат.
  4. Чычкан оң баскычын чыкылдатып, Орудна коюу буйругун тандаңыз. Сиз ошондой эле Башкы өтмөктө жайгашкан буйрукту колдоно аласыз, же Ctrl + V баскычтоптон басыңыз.
    Кесилген уячаларды ордуна коюу.
  5. Кесилген мазмун түпнуска уячалардан алынып, тандалган уячаларга коюлат.
    Чапталган уячалар

Уячаларды чыкылдатып, сүйрөө:

Кесип, көчүрүп жана ордуна коюдан көрө уяча мазмунун чыкылдатып, сүйрөмө болот.

  1. Сүйрөгүңүз келген уячаны тандаңыз. Биздин мисалда, H4:H12 тандап аласыз.
  2. Тандалган уячанын чектери төрт жебеси бар курсор болуп калмайын курсорду чычканыңыз менен алып келиңиз.
    Тандалган уяча диапазон чегинин үстүнөн кармоо
  3. Чыкылдатып, каалаган жерге уячаны сүйрөңүз. Биздин мисалда, G4 :G12 уячасына сүйрөйбүз.
    Бир жаңы жерге уячаларды сүйрөө
  4. Чычканды бошоткула. Уячалар тандалган жерге түшүп калат.
    Жерге түшкөн уячалар

Толтуруу туткасын колдонуу үчүн:

Эгер ошол эле катардагы же тилкедеги коңшулаш уячага мазмунду көчүрүп жатсаңз, толтуруу туткасы жакшы альтернатива болуп саналат.

  1. Сиз пайдаланууну каалаган мазмунду камтыган учаларды тандаңыз, андан соң курсорду уячанын ылдыйкы оң бурчуна влып келиңиз, ошондо толтуруу туткасы иштейт.
    Толтуруу туткасы
  2. Чыкылдатып жана жана уячанын бары тандалмайын сүйрөй бериңиз. Биздин мисалда G13: G17 тандап алабыз.
    Ылдый толтуруу туткасын жылдыруу
  3. Тандалып алынган уячалары толтуруу үчүн чычканды бошоткула.
    толтурулган уячалар

Толтуруу туткасын улантуу үчүн:

Толтуруу туткасын мындан ары бир катар жолу колдонсо болот. Саптар жана тилкенин мазмуну ырааттуу болсо, мисалы (1, 2, 3) же күндөр (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби) толтуруу туткасы эмне керектигин айта алат. Көп учурларда, сиз көптөгөн уячаларды тандашыңыз керек болот. Бир мисал карап көрөлү:

  1. Бир нече кайталоону талап кылган уяча диапазонун тандаңыз. Биздин мисалда, E4 : G4 тандайбыз.
  2. Бир нече кайталоону баштоо үчүн чыкылдатып, сүйрөңүз.
    Толтуруу туткасы менен кайталоо
  3. Чычканды бошоткула. Excel кайталоону түшүнгөн болсо, анда тандалган уячаларда улантылат. Биздин мисалда, Excel 4-бөлүм, 5-бөлүм, 6-бөлүмдү H4: J4 кошту.
    даяр сериясы

Өзүңүздү текшериңиз!

  1. Биздин практикалык иш-китебибизди ачыңыз.
  2. D6 уячасын тандаңыз жана hlee деп жазыңыз.
  3. 14-катарда мазмунду тазалоо.
  4. G тилкесин жок кылуу
  5. Кесип жана сүйрөп, 14 уячага 18-уячанын мазмунун жылдырыңыз.
  6. Толтуруу туткасын колдонуп, F9: F17 уячаларына коюңуз.
  7. Бүткөндөн кийин, сиздин иш-китебиңиз ушул сыяктуу болушу керек:
    Уяча негиздери чакырыгы

/en/tr_ky-excel-2016/-modifying-columns-rows-and-cells/content/